Гезитибиз басмага кетерде самбо боюнча курама командабыз машыгуу сборун аяктап, Казандагы Бүткүл Дүйнөлүк Универсиадага аттанды. Самбочулар июнда Түштүк Кореядан арбын медалдар менен кайтып, Универсиаданын алдында үмүт жаратышкан. Анда 70 килограмм салмакта алтын медаль уткан Шатман Эсенбаев баш болуп, көптөгөн спортчуларыбыз медаль тагынган болчу.
Ийгилик жакшы, анын кантип жаралганын билүү андан жакшы эмеспи. Дал ошол Азия чемпиондугуна спортчуларыбыз өз каражаттары менен барып, ийгилик жаратып келишкен. Универсиадага карата самбочуларды мамлекет каржылап жатат дечи, бирок окурмандарыбыздан «Мамлекет спортчуларды чет жерге эл аралык тажрыйба топтоо үчүн жибербейби? Мамлекет качан мамлекеттик деңгээлде расмий мелдештер болгондо гана колдойбу?» деген суроолор болгон эле. Эмне дейбиз, ийгилик самбочу студенттерге
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg