7-июлда Лондондо теннис боюнча Чоң шлем түркүмүнө кирген 4 мелдештин бири, жыл сайын өткөрүлүүчү Уимблдон мелдеши жыйынтыкталды. Тарыхта 126-ирет өтүп жаткан мелдеште айымдар арасында жекеликте франциялык Марион Бартоли финалда германиялык Сабина Лисицкини утуп (6:1, 6:4), чемпион аталды. Эркектер арасында жекеликте финал британиялык Энди Маррей менен сербиялык Новак Жоковичтин ортосунда болуп, Маррей 3 сетте тең жеңип чыкты (6:4, 7:5, 6:4).
Британиялыктын жеңиши 77 жыл күттүргөнүн кошумчалай кетели. Себеби Уимблдон Лондондо өткөнүнө карабастан, 1936-жылдан бери аны жалаң башка өлкөлөрдүн теннисчилери утуп келген. Бул чемпиондук «Маррей – негизи, Федерер-Надаль-Жокович доорунун курмандыгы» деген кепти да четке кага алды. Эске салсак, мелдештен кийин бул эки чемпиондун банктагы эсебине 1 миллион 600 миң евродон сыйлык которулду.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg