ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (15-июлдан 21-июлга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Жеке мамилелердеги жылуулук кыялдын ишке аша баштаганын билдирет. Иште чыгармачылык ашып, жакшы жыйынтык жаратасыз. Бош убакта табигатка чыгып, толтура позитивге ээ болууну көздөңүз. Шейшемби – майда кырсыктар тооручу күн. Жолдо абайлаңыз. Жума күнү жакындарыңыздын бирине акчаңыздан бөлүшөсүз. Жекшембиде жашоого башкача көз караш менен кароого аргасыз кылчу окуя чыгат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Сүйүүдөгү маселелердин көбүн адамдар өздөрү жасап же ойлоп таап алышат. Андыктан жүрөгүңүзгө ишениңиз, ал алдабайт. Маанилүү маалыматты сынактан өткөн шеригиңизге гана дайындаңыз. Иштердин көбүн мойнуңузга үйүп албоону, жумуштан кийин да эс алууну үйрөнүңүз. Апта философияны, психологияны окуп-үйрөнүүгө ылайыктуу. Шейшембиде достордун араздашуусуна, жума күнү чакан сюрпризге туш болосуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жеке жашоодогу оң жакка болгон өзгөрүүлөр эмоциялар фейерверкин тартуулайт. Иште эксперимент жасаңыз, жетекчилик муну эске алат. Тамактануу рационун өзгөртүп, жашылча-жемиштерге басым жасаңыз. Шаршемби – максаттарга жетүүдө эмне тоскоол болуп жатканын анализдөөгө, чечимдерди кабыл алууга ылайык күн. Бейшембиде чала тааныштардын шыкагы менен жагымсыз окуяга туш болбоого аракеттениңиз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сүйүү жаатына келсек, ичтеги таарынычтарды айдап салсаңыз, баары ордуна келет. Иште жетекчи менен жамааттагы абал тууралуу ачык сүйлөшүңүз. Ден соолук: отуруп иштөөнүн жыйынтыгы бүкүрөйүүгө жеткирип жатканын эске алып, бүкүрөйүүдөн арылуу ыкмаларын колдонуңуз. Бейшембиде каршылаш адам сизди тең салмактан чыгаргысы келет, андан алыс болуңуз. Ишембиде коноктор келиши мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Үйдөгү жакшы абал, камкордук сүйүктүүңүз менен мамилени чыңдоого шарт түзөт. Иште ийгилик токтоолук жана акылгөйлүктөн көз каранды экенин унутпаңыз. Командировкага же алыска конокко аттанарда тиш доктурга көрүнүп койбосоңуз, жол-белде тиштин азабын тартып калууңуз мүмкүн. Буюм сатып алууда сырткы көрүнүшүнө алданбай, сапатын жакшылап текшериңиз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жеке мамиледе сүйүктүүңүздүн кемчилигин оңдойм деп жатып таарынтып алуудан сак болуңуз. Ишкерлер байланыштарды калыпка келтирүү үчүн командировкага чыгышат. Ден соолугун чыңдоону пландагандар үчүн санаторийге барууга ыңгайлуу апта. Апта ортосунда эски тааныштар берип жиберген белек колуңузга тиет. Ишембиде бирөөнүн маселесин чечүүгө жардамдашасыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
«Сүйүүдөн жек көрүүгө бир кадам» дегендей, жеке мамиледе кооптуу мезгил. Шашылыш жыйынтык чыгарбаңыз, мезгил баарын чечет. Киришкен иштин кирешеси канча болорун тактап алыңыз, антпесе кайтарым аз болуп, кейийсиз. Бейшембиде жагымдуу кабар угуп, жекшембиде бирөөлөрдү сапарга узатасыз.

 

ЧАЯН (24.10-22.11)
Сүйүктүүңүз кайсы бир маселе боюнча чүнчүй баштаган кези, колдоо көрсөтүңүз. Иште алмаштыргыс кадр экениңизди жетекчиге айтып, далилдеңиз. Убактысы келди. Өнөкөт чарчоодон кутулуу үчүн жалбыз жана чай чөптөн чай демдеп ичиңиз. Шейшембиде балдардын маселеси жүдөтсө, жума күнү бирөөлөрдүн ордуна да иштеп чарчайсыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жакшы көргөн адамыңыздын кыйытып айткан сөздөрүнө маани бериңиз, ал ички таарынычын билдирип жатат. Иш жаатында таасирдүү адам колдоо көрсөтүп, чоң маселеден кутултат. Ден соолукка кам көрүп, көлгө болбосо да, бассейнге барыңыз. Аптада жакшылап окуп-таанышпаган документке кол койбоңуз. Бейшембиде юридикалык маселе оңой чечилет. Ишембиде тамак-ашка ууланып калбоонун алдын алыңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жумушта иш көп күчтү талап кылат, бирок ошого жараша өзүн актайт. Ашказандагы оорутуудан жана ич катуудан кутулуу үчүн кургатылган өрүк, кара өрүк, мейиз жеңиз. Ал эми сүйүү жаатында «мындай окуя кыялда гана жашаса керек» дегендердин бири ишке ашат. Бейшембиде акча иштерине бирөөлөрдү аралаштырсаңыз, чыгаша тартып каласыз. Ишембиде келечекте сизге ийгилик алып келчү идеяга ээ болосуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бойдокторго болочок түгөйүн табууга ылайыктуу апта, анткени тандоо көп болот. Иште көбүрөөк акча табууга мүмкүнчүлүк чыгат, колдонуп калыңыз. Кечки алтыдан кийин тамактанууну токтотуу менен ашыкча салмактан арыла баштаңыз. Достор менен баарлашуулар, сырдашуулар көп болот. Шейшемби – оор күн. Акча алмаштырбай, жолго чыкпай туруңуз. Жума күнү тойдун коногу болууңуз ыктымал.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Сүйгөн адамыңыздыкы туура болбосо деле чырдабай, ийилип коюңуз. Ал кемчилигин сезип, өзү кечирим сурайт. Бирге иштегендерге таттууларды алып барып, көңүлүн алыңыз. Бул сиздерди жакындаштырат. Стресске кез келбөө үчүн катуу айтпай, болор-болбосту талашпай, нервди сактаңыз. Аптада буюм сатып алууга акча жетпей карыз сурашыңыз жана кызыктуу иш-чарага катышууңуз мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 558, 12-июль-18-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан