KG Эльмурат:«КЫЗДАР МАГА ЖИГИТ БОЛ ДЕП СУНУШТАШАТ»

Сахнага жаңы аттанганда ар бир ырчы «Кантип өзгөчө болуп чыксам экен?..» деп ойлонот. Эльмурат да бул жаатта жакшы ойлонуп, атына KG деп кошуп алган. Азыр аны көпчүлүк Эльмурат десе тааныбай, KG десе дароо билишет. Мына ошол ырчы жигит бизге бойдок күндөрүнүн үзүмдөрү тууралуу кызыктарды кеп кылып берди.

Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 29-cентябрь
Туулган жери – Ош облусу, Өзгөн району, Красный Маяк айылы
Билими – ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультети
Бою – 178 см
Адат сөзү – «Кадимкидей»
Фобиясы – Жылан
Мүнөзүндөгү кемчилиги – Ишенчээктиги
Артыкчылыгы – Жоопкерчиликтүү «немисмин» дейт
Репертуарындагы ырлары – «Сүйүү деңизи», «Сагынамын сени», «Сүйүү таптым» жана башкалар

– Эльмурат, бир кезде продюсер менен иштешсемби деп жүрдүң эле. Оюңдан кайттыңбы кайра?
– Мага айткан сөзү менен кылган иши төп келген, алдабаган адамдар керек. Көбү жакшы идеяларды айтат да, бирок ишке келгенде кылбайт. Ага караганда өзүм чуркасам тез бүтүрөм. Бирөөгө ишенип бекер убакыттан да уттурбайм.

– Бойдок эмессиңби, чынын айтчы, ушул кезге чейин канча кызга сүйүүңдү арнадың?
– 11-классты бүткөндө бир кыз менен сүйлөшүп, ошону чын дилимден жактыргам. Оо, аны индия сүйүүсү деп койсо да болот. Ал кыздын сүрөтүн жаздыгымдын астына катып жатчумун. Андан кийин башка кыздар менен олуттуу мамиле түзө алган жокмун. Же алар чыгармачылыкты түшүнбөйт, же дагы башка себеп болуп калат.

– Ага себеп кыздар эмес эле, талапты катуу койгон өзүң болуп жүрбө?
– Кыз деген кыздай болуш керек, бул менин талабым. Мисалы, кээ бирөөлөр бар, байлык-бийлик, мансабына манчыркап «мен башкарам» деп өздөрүн бийик көрүп алышат. Айрым кыздар уялбай «мага жигит бол» деп айтышат. Мен эркек башым менен алардан корком. Алардын оюнча, мен көз каранды болушум керек. Каалаганын кылып, айтканын аткарсам. Кээ бири менен дос катарында сүйлөшүп койсом эле «Эльмурат менен жүрүп жатам, аяшың» деп тааныштырып башташат.

– Бойдокчулуктан тажаган жоксуңбу?
– Антип деле айта албайм, бирок өзүнчө короо кылып, мал күтүп дегендей, үй-бүлө очогун да ойлош керек болуп калды. Азыр ата-энеме көз каранды эмесмин, бирок кел дегенде келип, кой дегенде коюп, айткандарын кылам. Досторумдун балдары чоңоюп, аяш ата десе жаман болуп жүрөм (күлүп).

– Кайда эс алууну жактырасың?
– Мурун клубдарга барып, бийлеп чер жазганды жактырчумун. Кээде буулугуп кеткенде үйдө эч ким жок болсо ваннага кирип бакырып ыйлап алмайым да бар эле. Болбоду дегенде ээн талаага барып бугумду чыгарып келчүмүн. Азыр ар ким чалып, жумуш көбөйүп чарчап кеткенде үч күнгө телефонду өчүрүп, дааватка чыгып кетем. Келгенде кадимкидей тазалангандай болуп калам.

– Колуңдагы саатыңды ким белек кылган?
– Жакшы көргөн адамым...

– Жакшы көргөн адамым демекчи, жакында той болот деп уктук...
– Ата-энем кыздыкына барып, алар таанышып коюшкан. Азыр эки тарап сүйлөшүп жатышат.

– Кандайча табышып калгансыңар?
– Эжем студент кезимде «жакшы кыз бар, тааныш» деп көп айтчу. Анда көңүл деле бурган эмесмин. Эми минтип турмушка олуттуу караганда эжеме кайрылдым. Таанышсам чын эле жакшы кыз экен...

– Маегиңе рахмат, тоюңарга чакырганды унутпа.
– Силерге да рахмат, албетте!

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
KG Эльмурат: "Кош, бойдокчулук!"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
Baby_kg
2013-07-15 19:08:48
Bul duinodo yilabagan adamdyn ozu jok tuurasyn aitsa da jakpait
0
Zarema94
2013-07-15 19:46:56
adam bolgondon kiyin sozsuz buk bolot degendei. Yilasa yilaptyrda, menin oyiumcha baardyk erkekter yilait birok, alar aityshpait, a bul aityp koiupturda
0
messidinho
2013-07-16 03:34:47
Zarema94, а бирок мен акыркы жолу качан ыйлаганымы да эстей албайм. Биз силерге, кыздарга окшоп ыйлабайбыз, сыртка чыгып тамекини чегип коюп, кайра нормал калыпка тушуп алабыз. Тим эле баардыгы ыйлайт деп сиз да...
0
MaRmeLaDka
2013-07-16 10:48:50
messidinho, ыйлаганы жакшы да, ичиндеги терс эмоциялар көз жаш менен чыгып кетет. Ал эми тамеки тартып тескерисинче никотинду жутуп жатпайбы+ичиндеги бук биригип, бир күнү ба-бах болуп жарылып кетесиңер))
0
Mir83
2013-07-16 13:20:51
MaRmeLaDka, ен туура айтасын.
0
altinim
2013-07-16 10:17:44
ушу балага клип тартканды үйрөтүп койгулачы зимой и летом одним цветом, очкии пиджак, кыз , машина болдуу өзү деле сезбейби дейм да окшош окшошко баардык клиптери
0
aidai88
2013-07-16 10:42:25
тооба ушуну корсом эле аллергия,ырында,унунда уккум да,коргумда жок.Эгерде сенде эркектик сурун же сыйын болгондо сага эч ким ''мага жигит бол''-деп,айтмак эмес!
0
v-secret
2013-07-19 21:28:15
aidai88,oi baai ne boldu ele an4a...
0
Nazka7
2013-07-16 12:23:21
0
Nazka7
2013-07-16 12:31:44
Жон гана аракет кылган адамдарга ийгилик каалагандын ордуна, мен тааныбайм,аллергия чыгат деген создорду суйлоп...Тааныбасан эми кордун таанып ал,аллергия чыкса ага каршы аптекада даары бар сурасан берет...Эч кимге зынын тийгизбей бироо менен урушбай озунчо ыйласа мунун эмнеси жаман айткылачы же эркек,адам эмесби.Же ыйлап койсо эле Эркектик мунозунон жанылып калабы,жеп женил созду туура кабыл ала албай жатабыз анан биз келечекти кантип курабыз.Жашоодо эмнеге жетиштик озубузго суроо береличи?
0
detective
2013-07-16 16:45:38
Nazka7, туура айтасыз, ыйлаганына эле асылып калышты го, ал между прочим, тамеки тартпайт да силерге окшоп тамеки м.н бугун чыгаргыдай. дааватка барат экен
0
mayoral
2013-07-16 13:02:03
Жакшынакай эле бала экенго... Ийгилик!
0
aizish
2013-07-17 12:06:26
Эч ким билбегендей, корбой жургондой интервью бергендери кызык кызарбай эле. Таанып билгендер окуса эмне болот деп ойлошпойбу.
0
talantbektegin
2013-07-19 02:33:36
атайын ырларын угуп клиптерин коруп коройунчу аракет кылып
0
nazmar
2013-07-19 11:37:07
суйлойт десе эле тантырай бербегилечи сураныч бул да адам силердей эле,тантырасанар эле бир нерсе озгоруп кетчуудой болосунар озу билет да эми эмне кылышты,,,,,
0
nazmar
2013-07-19 11:38:49
зеригип жатсанар эшике чыгып эшегинерди баккыла бул жерде тантырабай)
0
alibekova94
2013-07-19 13:28:04
бул бала жакшы ырчы мага уну жагат коздору татынакай екен ийгилик жана бакыт каалайм!!!
0
meerimlady91
2013-07-24 14:31:57
Ар бир адам озуно карап башкага сын такканды уйронуш керек..Ыйлайбы башкабы жашоодон тажап же конулун калса бир нерсеге кысылсан ар кандай нерсе оюна келет ,Мисалы -кээ бирлери ,ыйлайт, ырдайт ,кулот, чуркайт ..ар кандай учур болушу мумкун тан калаарлуу жери жок,..А ырларына келсек озуно эмес ырдаган ырына конул болуу керек мыны ырчыны "Ырчы"деп атоого болгон негизги себеп,.Сулуу деген ырчылар келип сулуулугун коз коз кылып..Журогу жок опко менен жашап атышат..Кыскасы баары эн жакшы..
0
meerimlady91
2013-07-24 14:35:21
Озунорду эр ойлосонор ,озголорду шер ойлогула кыргыз калкым..Эгер бир адам которулсо экинчиси турткондун ордуна кулатып атса..Кантип биз онугобуз айткылачы,?
0
meerimlady91
2013-07-24 14:39:35
Бирок эр жигиттин кыз кишини жерге какканы жакшы эмес.Кыздар да не подарок а то.Элмурат байке .Эмнеси болсо да жок дегенде кыздарга кобуроок жагам токтоо мунозум менен же и.т.д десениз болмок..
0
№ 558, 12-июль-18-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан