(Башталышы өткөн сандарда)
Турмуш курууну көздөгөн мусулманга никенин негизги максатын билүү зарыл. Мухаммед пайгамбар «сүйүктүү жана көп төрөй алган аялдарга үйлөнгүлө. Мен акыретте үмөтүмдүн саны менен сыймыктанам» деген. «Сүйүктүү» деп сулуу, сүйө алган, ыймандуу жана адептүү аялдарды, ал эми «көп төрөй алган» деп төрөгөндү каалаган, «фигурам бузулат» деп бир баладан соң төрөттөн баш тартпай турган аялдарды айткан. Никелешүүнүн негизги максатынын бири – балалуу болуу. Куранда «адамдарга аялдары жана балдары ширин болуп көрсөтүлдү» деп Алла адамга перзенттерди сүйүү касиетин бергенин, аларды жашоонун кооздугу кылып жаратканын айтат.
Ал эми экинчи максат – бузукулуктан сактануу, анткени никесиз байланыш – сексуалдык ээн баштык жана зынакордуктун башаты. Пайгамбарыбыз Мухаммед «көздүн зынакордугу – бирөөнүн аялына кароо, кулактын зынакордугу – бузукулукка чакырган сөздөрдү угуу, тилдин зынакордугу – бузукулукка чакыруу, колдордун зынакордугу – кармалоо, буттардын зынакордугу – тыюу салынган жакка басуу, жүрөктүкү – каалоо. Ал эми жыныс мүчөлөрү жогорудагыларды тастыктайт же четке кагат» деп зынакордукка так мүнөздөмө берген.
Никелешүүдө көбүнчө кыздын ордуна ата-энесинен, ага-инилеринен жооп алуу керек. Али ибн Абу Толиб Фатиманын колун сурап келгенде Мухаммед пайгамбар «калыңга бере турган адалдан эмнең бар?» деп сурайт. Ошол кездеги курайш уруусунун эң кембагалы Алинин үйүндө төрт жүз дирхемдик зооту гана бар экен. Пайгамбарыбыз Мухаммед «зоотко киши жибер, алып келсин, ошону менен кызымды сага адалдан берейин, сени кызыма күйөө кылганга туттум» дейт. Алланын акыркы элчиси Мухаммеддин кызына үйлөнүү үчүн эсепсиз акча сарптоо аздык кылар эле. Бирок жар тандоо принциби ыйманга, илимге таянгандыктан, күйөөнүн кедейлиги эсепке алынган жок. Ислам тарыхындагы бул эң бактылуу жана берекелүү үй-бүлө Хасан, Хусейн, Зайнап аттуу атактуу адамдар менен толукталды.
Исламда «эгер адеп-ахлагы толук адам куда түшсө, кызды бир күн, бир түнгө жеткизбей макулдугуңарды бергиле» деп айтылат. Анткени шашылбаса, бир күн, бир түнгө жеткирбей макулдук алынбаса, кызга башка нерселер жакшы көрүнүп, өз оюна алданып калуусу мүмкүн. Бирок жуучуга макул болбосо, кызды зордоо шариятка туура келбегендиктен, акыркы сөз баары бир кызда. Алинин уулу Хасанга бир киши келип «кызыма куда түшүп бир топ адам келди, кимисине берейин?» деп сураганда Хасан: «Такыбасына бер, себеби ал кызыңды сүйүп, урматтайт. Сүйбөй калган учурда да Кудайдан коркконунан аны кордобойт»,- деп кеңеш берген. Мухаммед пайгамбар «эркектердин ыйманына жана мүнөзүнө көңүл бөлгүлө» деген. Ушул эки сапат жашоодо эң чоң ролду ойнойт. Ыймандуу, тартиптүү, жакшы мүнөздүү эркек – аялдын бактысы. Ал эми өткүр, оокатын тың жүргүзүп, үйдү бага алган, адамгерчиликтүү, ичимдик ичпеген, ата-энесин, туугандарын сыйлап, тилин алганы – жигиттин мартабасын көтөрө турган мүнөзү.
Нуржамал Жийдебаева