Кыргызстан коңшу Тажикстан кеминде 30 жылдан бери иштетип келген Баткендеги мунай кенинин макамын аныктоону көздөөдө. Тагыраак айтканда, Тажикстан 1980-жылдардан бери мунай өндүрүп келген Лейлек районундагы Катта-Туз аймагынын макамы толук аныкталбай турат. Бул аймакта кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтпөгөндүктөн, мунай кенинин аянты да белгисиз. Кыргыз тарап кен жайгашкан аймак өзүнө тиешелүү экенин билдирсе, тажик тарап 1980-жылдардагы макулдашууну бетке кармап келет.
Өкмөттүн чек ара аймактарын өнүктүрүү жана чек араларды тактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров: «Азыр жерлердин баарын инвентаризация кылып жатпайбызбы. Ал «Лесхоз» деген мекемеге таандык жер. Учурда ал аймактан тажик адистери чыгып кеткен. Бирок аймак Кыргызстандыкы. Биз колдо бар документтерди тажиктерге бердик. Укуктук негиз такталып, делимитация жүргөндөн кийин кимдин жери экени так аныкталат»,- деди.
Бегимай Тажибай кызы
batken@super.kg