Баткенде өрүк терүү, чогултуу жана кургатуу иштери тынымсыз жүрүп жатат. Анткени элдин акча табуучу башкы булагы – дал ушул өрүктөр. Кыргызстандын аймагынан сырткары чет өлкөлөргө дейре сатышып, пайда табышат.
Өрүк аянттарын көбөйтүү жаатында жылда өрүк отургузуу боюнча ишембиликтер өтүп, ал өз жыйынтыгын берип келет. Учурда Баткендеги өрүкзарлардын жалпы аянты
15 миң гектарды түзөт жана ал жерлерден өрүк чогултулууда. Таза киреше 2,5-3 миллиард сомго чукулдап барат.
Бегимай Тажибай кызы
batken@super.kg