Жалал-Абад шаарында таштандыларды тазалап жаткан жумушчуларга кимдин гана көзү түшпөгөн. Шаардын көркүн бузган акыр-чикирлер кайда барат деп бир ойлонуп көрдүңүз беле? Андыктан сиз кутулгуча шашкан таштандынын кийинки «тагдыры» кандай болот, чогуу байкайлы.
ШААР БОЮНЧА 16 УНАА КЫЗМАТ КЫЛАТ
Шаардагы таштандылардан арылуу максатында иш алпарган тазалыкты сактоочу муниципалдык ишкана бар. Анда жалпысынан 72 жумушчу эмгектенип, 22си таштанды жыйнаса, калгандары айдоочу, кароолчу жана башка кызматтар. Күн-түн дебей 16 унаа кыймылда. Көк-Арт кичи шаарчасында жайгашкан тазалыкты сактоочу автобазанын жетекчиси ТАЛАНТ КАСЫМОВ буларды баяндап берди:
– Биздин негизги жумушубуз эле ушул, шаарды таштандыдан арылтуу, тазалыгына салым кошуу. Жалпы эсепте 100 миң калктын таштандысын тазалоо биздин моюнубузда. Күндүзү 10-15 унаа кызмат кылса, түндөсү 2 унаа шаардын борбордук көчөлөрүн таң атканча тазалап чыгышат. Унаасы бузулуп калса, оңдоп-түзөп, айтор, ошол таштанды алынышы керек деген талапта иштейбиз. Эгер бирөө эле бузулуп жумушка чыкпай калса, анда 12-15 көчө тазаланбай, шаар таштанды арасында калат дегендик. Көп кабаттуу үйлөргө күнүнө 2-3 жолу барабыз. Эми элестетиңиз, 1 күн каралбай калган таштанды кандай жагымсыз. Экинчи күнү алынбай калса, анда такыр эле трагедия.
«ТАШТАНДЫ ЧОГУЛТКАНДАН УЯЛЧУМУН»
Таштанды тазалоо кандай оор жана оңой эмес экенин эске алганда, аялзатына бул жумушту ыраа көрбөйбүз. А бирок тирилик деген адамдарды кандай гана жолго алып барбайт?.. Эркектер менен теңме-тең алышып, көчөлөрдөгү акыр-чикирлерди унаага жүктөп жүргөн айымга көзүбүз дароо урунду. Өзүн ЗУЛФИЯ АХМЕДОВА деп тааныштырган айымдын 4 баласы бар:
– Күнүгө биздин тамак-ашыбызга 150 сом каражат бөлүнөт. Анын 50 сомуна өзөк жалгайм да, калганын үйгө балдарыма алып барам. Эң улуу балам 16 жашта. Ал кыш куюп иштейт. Мен да бул жумушка келгенге чейин ылайдан кыш куюп жан бакчумун. Кийин кыйналып кеттим, алгылыктуу акча да таба албадым. Анан ойлондум да, ушул ишканага жумуш сурап келдим. Башында, чынын айтсам, таштанды чогулткандан аябай уялдым. Бирок турмуш ушундай экен да, азыр көнүп калгам. Эмне кылсам да, арам эмес, адал эмгегим менен акча таап жатам. Мага негизгиси, балдарым ачка калбаса болду. Айлык алганда эң биринчи үйгө ун алып коём. Дайым үйдө нан турса дейм. Калганын эптеп жеткиргенге аракет кылам.
Жумушка байланыштуу ар кандай адамдарга туш болобуз. Кээ бирөөлөр бизге батасын берет, кээ бири «акчасын төлөп жатабыз, силер тазалаганга милдеттүүсүңөр» дегенсип орой мамиле жасашат. Ызалантканы, биз тазалап кеткенден кийин артыбыздан таштандысын чыгарып коюшат. Атайын график бар, кайсы күнү кайсы көчөнү тазалаарыбызды жашоочулар билишет. Бирок биз келип унаанын үнү чыкканда эле шашылып калышат да, биз кеткенден кийин жыйнап алып чыгарып коюшат. Анан «таштандыны алып кетпейсиңерби, таштап кетип калышты» деп арызданышат. Биз ал үчүн жетекчилерден жеме угабыз. Кээде таштандылардын арасынан темирлерди таап алсам, акырын унаанын күрөк салчу жерине салып коём, аны сатып бир аз акча кылып алса болот.
Ушундай жумушчунун аракети менен жыйналган таштанды пресстелип, шаардан 15-17 чакырым алыстыктагы Барпы айыл аймагына караштуу жерге төгүлөт.
«ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БИЗНЕСКЕ АЙЛАНТКАНДАР БАР»
Көп жылдан бери акыр-чикир чогулган бул жер кадимки эле тоо, анан кокту. Кокту дегенде көз алдыңызга ойдуң жер келери шексиз. Таштандылар дал ошол тоонун эле ойдуңуна төгүлөт. Унаа келип таштандыны калтырган соң 2 бульдозер аны жайып кетет. Күнүнө 40-45 ирет унаа каттамы келет. Таштандынын «мекенине» айланган бул жайдын жыты тууралуу айтпаса да белгилүү. Ошого карабай биз барган учурда таштандыларды түрө кыдырып, тытмалап жүргөн адамдарга көзүбүз түштү. Алар көчөдө калган үйсүз селсаяктар эмес, кадимки жашоочулар. Жадакалса Тико үлгүсүндөгү унаа да «кызматта» экен. Сыягы, тапкан темир-тезектерди унаага жүктөп барып сатып акча жасашат көрүнөт. Кароолчунун айтымында, бул жерге көп учурда үй-бүлөсү менен келип жумуш жасагандар болот.
Таштанды тоодой болуп үйүлүп, аны улам жайып жүрүп отуруп кадимки жар болуп калган. Кээде күйүүчү заттар бар болсо тутанып отуруп күйүп да кетет. Бул жерге кароолчулук кылган БАКЫТ мырза жумушу тууралуу төмөнкүлөрдү айтат:
– Үй-бүлөлүүмүн, жубайым карыган атамды карап үйдө. Бул жерде жаңы иштеп баштаганда жагымсыз жыттан жаман боло берчүмүн, азыр көнүп калдым. Иштеп жатканыма өкүнбөйм деле, күнү-түнү ушул жайдамын. Айлык акы көтөрүлүп калды, азыр 1600 сом акча алам. Техникаларды карайм, таштанды ташыган унаалардын каттамын тизмеге чийип турам.
Сөзүбүздүн акырында шаардын көркү, тазалыгы бир гана тиешелүү мекеменин эмес, бардык тургундардын моюнунда экенин унутпайлы демекчибиз.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg