9-июлдагы Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясында 2010-жылдагы Июнь окуясынын башкы күнөөкөрлөрүнүн бири Кадыржан Батыровдун кыймылсыз мүлктөрүн улутташтыруудан кийин муниципалитеттин балансына өткөрүп берүүнү өкмөткө сунуштоо боюнча маселе каралды. «Шаардын ардактуу атуулдары К.Батыровдун жеке менчик «Достук» университетин облустук ооруканага же ОИИБине өткөрүп берүү боюнча шаардык кеңешке кайрылуу жасашкан. Анын негизинде аталган имаратты шаардык бийликтин балансына өткөрүү үчүн өкмөткө кайрылуу жасаганы турабыз. Эгерде өкмөт биздин баланска өткөрүп берсе, келген сунуштарды эске алып, адистердин жардамы менен жана комиссиянын текшерүүсү аркасында кайсы органга берилери аныкталат»,- дейт шаардык кеңештин депутаты Нурлан Казакбаев.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg