АК-САЙ МЕНЕН АРПАДА СЫНАК ӨТҮҮДӨ

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндө аңчылык жүргүзүүгө жер аянтын алуу үчүн сынак өткөрүү боюнча облустук комиссия өз ишин баштады.
– 2008-жылдан бери 33 фирма аңчылык ишмердүүлүк жүргүзүп келген. Алардын соңку беш жылдык иш-аракеттерин изилдеп келгенибизде 11-12синин талаптарга жооп бербегени белгилүү болду. Жергиликтүү эл да «мергенчилик фирмалар туура эмес иш жүргүзүп жатат» деп кайрылган эле. Буга чейин мындай ачык-айкын сынак өткөрүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө айыл башчылары макулдугун берүү менен комиссия жыйынтыгын чыгарат.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тарабынан да бизге «кара тизме» берилди. Булар тиешелүү салыктарды төлөбөй, аңчылык жер аянттарына лагердик база уюштурбаган, отчёттуулугу жок субъектилер болуп саналат. Тагыраагы, аларды браконьер десе болот,- деди комиссиянын төрагасы Эмилбек Алымкулов.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 558, 12-июль-18-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан