Актёр, телеалпаруучу Нурдөөлөт Копоев көптөн бери арзышып жүргөн Зульфия аттуу актрисага баш кошту. «Жакшы кыз алыс кетпейт» демекчи, Нурдөөлөт жубайын алыстан эмес, өзү иштеген «Учур» театрынан тапты.
– Нурдөөлөт, куш бооңуз бек болсун!
– Рахмат. «Артисттердин жашоосу араба үстүндө өтөт» деген чын. «Учур» театры Нарынга гастролго барганбыз. Анан алыс жолго эки жолу каттабайын деп биротоло үйлөнүп, аксакалдардын батасын ала келдик.
– Карт бойдоктун келинчеги ким экенине кызыккандар болот. Жубайыңызды эл-журтка тааныштыра кетсеңиз...
– Жумгалдын эрке күйөө баласы болдум. Жубайым Зульфия жалгыз кыз, байкеси жана эки иниси бар. Мурун «Супер-Инфого» айтпадым беле, «өзүмдүн чөйрөмдөгү кызга үйлөнөм» деп. Сөзүмө турдум. Зульфия – актриса, 24 жашта.
– Демек, экөөңөрдү театр табыштырган турбайбы?
– «Учур» театрына жаш актрисаларга кастинг жарыяланып, Зульфия да келген. Анын кезеги келгенде «Кана, эмне даярдап келдиң?» десек, «бүгүн эч нерсе айтпай эле коёюнчу, жаңы эле тишимди суурутуп келдим эле» дейт. Ошол жерден баарыбыз күлүп калдык. Анан калыстар тобундагылар кеңешип, «мейли эми, жакшынакай кыз экен, кийинки жолу келип көрсүн» деген чечим чыгарганбыз. Ошентип эки-үч жолу келип жүрүп кабыл алынган. Чогуу иштешип калган соң билинбей эле ортобузда жакындык пайда болуп, табышып калдык.
– Заманбап тоюңузду качанкыга белгилеп жатасыз?
– Күзүндө дос-туугандар менен биргеликте ак той өткөрүүнү пландап жатабыз.
– Бактылуу болуңуздар!