Эсил кайран СССРдин тийгизген таасириби же кыргыз эли өзү оомобу, айтор, азыр жаштар арасында орусча сүйлөө – мода. Мисалга алсак, 10 кыргыз сүйлөшүп турганда жанына 1 орус келсе иштин бүткөнү. Ошол жерде баары орусчадан башташат, атүгүл «чагып» ташташат. «Балык башынан сасыйт» демекчи, кээ бир чоңдорубуз сыналгы же үналгыдан тили жаңы чыккан немедей кыргызча чулдурап сүйлөгөндө күйөсүң. Аларга салыштырмалуу башка улуттагы мекендештерибиз кыргызча сүйлөшсө төбөбүз көккө жетет. Эмесе, бүгүн анча-мынча киргиздерге орус улутундагы кыргызча түш жоруган мекендештерибиз кыргызча сүйлөөнүн сырларын үйрөтөт.
«СУПЕР-ИНФО» ГЕЗИТИН СҮЙҮП ОКУЙМ» АЛЕКСАНДР ВАСИЛЕНКО, менеджер:
Сары-Өзөн Чүйдүн Жал айылында төрөлүп, кыргыз мектепте окуп калган Александр кыргыз тилинде эркин жана таза сүйлөйт. Атүгүл «Сары-Ойду» созгондо карап турган адамдын жүрөгү жылыйт. Каарманыбыз буга чейин мода дүйнөсүндө шугулданып, подиумда жүргөн болсо, азырынча үйүндө ата-энесине кыргызча сүйлөөнү үйрөтүү менен алек. «Өзүм айылдык эле жөнөкөй жигитмин» деген Александр буларга токтолду:
– Кичинекей кезимде эле айылдагы досторум менен ойноп жүрүп кыргызчаны үйрөнгөм. Досторум кыздар менен тааныштырганда «сен кыргызча билбеген киши болуп кой» деп калышат. Анан турганда тигиге мени жамандашат. Кээ бирөөлөр досторума кошулуп мени жамандап баштаганда мен кыргызча сүйлөп койсом уялып калышат же таң калышат. Бирок азыр көп нерсеге таң калбай деле койсо болот. Негрлер деле кыргызча сүйлөп жатышпайбы. Бир жолу маршруткадан бир негр кыргызча сүйлөп жатканын көрүп өзүм таң калгам.
Коомдук транспорттордо, базарларда кызыктуу окуялар көп кездешет. Көбүнчө базарда сатуучулар менен кыргызча соодалашканда, алар менин кыргызча сүйлөп жатканымды сыйлап, баасын төмөндөтүп беришет. Тойлордо кыргызча сүйлөгөнүмдү, ырдаганымды уккан аксакалдар сүйүнүп, мага бата берет. Сүйлөшкөн кызым кыргыз, буюрса, жакында үйлөнөбүз. Ал экөөбүз кыргызча-орусча «элүү на элүү» сүйлөшөбүз. Бир жолу тойдо мас болуп алып, эргүү аябай келдиби, айтор, 1 саат тынбай кыргызча нукура сөздөр менен сүйлөгөм. Ошондо досторум да сөз байлыгыма таң калышкан. Кыргызча музыкаларды көп угам. Омар, Добр, Мирбек Атабеков, Сыймык Бейшекеевдин талантын баалайм. Гезиттерден «Супер-Инфону» сүйүп окуйм.
«МАРШРУТКАДАН 2 ЖИГИТТИН ООЗУН АЧЫРГАМ»
УЛЬЯНА КОНОВАЛОВА, «Мегаком» компаниясынын пиар бөлүмүнүн кызматкери:
Кыргыз тилинде ширин сөздөрдү гана сүйлөбөстөн, комузда да кол ойноткон Ульяна Кара-Көл шаарында төрөлгөн. Киного кызыккандыктан кыргыз кинолорун калтырбай көрөт. «Кыргыздын эски сөздөрүн жашоомдо колдонбосом да, алардын маанисин түшүнөм» деген каарманыбыз өзүнүн башынан өткөн кызыктуу окуяларынан айтып берди:
– Мектепте окуп жүргөндө орусча сүйлөчүмүн. Кийин Бишкекке келип, жогорку окуу жайда окугандан тарта кыргызчаны окуй баштадым. Кыргыз тили оор тил болгондуктан, 5 жылда үйрөндүм. Анан университетте окуп жүргөндө кенже илимий кызматкери болуп иштеп, орусча макалаларды кыргызчага которчумун. Азыр жумушта да кесиптештерим менен кыргызча сүйлөшөбүз.
Бир жолу биздин компаниянын атынан кыргыз тилинде интервью бергем. Ошондо бир киши келип мага алкышын айтып, бата берген эле. Ошондон кийин кыргызча сүйлөгөнгө аябай аракет кыла баштадым. Кыргыз улутундагы досторум, тааныштарым көп. Андыктан күнүмдүк жашоодо, кээде каалоо-тилектерди айтып жатканда макалдатып сүйлөйм. Бир жолу маршруткада баратсам, маңдайымда 2 бала турган. Алар «тиги кызды карасаң, кандай экен, сулуубу?» дешип, кыргызча мен жөнүндө сүйлөшө башташты. Мен болсо аларды угуп кете бердим. Анан 5 мүнөттөн кийин тигилерге «мен чыгып кетейинчи» деп койсом, алар таң калып, артымдан узата карап калышкан. Азыр анча-мынча кыргыздар деле кыргыз тилин жакшы билбейт. Менин оюмча, кыргыз тилин үйрөнүү боюнча жакшы программа түзүлүш керек жана ар бир адамда каалоо болушу зарыл.
«КЫРГЫЗЧА 100 ПАЙЫЗ СҮЙЛӨЙМ»
МИХАИЛ РАБОЕВ, «Кабылан» көк бөрү командасынын оюнчусу:
Кыргыздын улуттук оюну көк бөрүнү катыра ойногон Михаил кыргыз тилинде буудай кууруйт. Анан да айымдардын көзүн күйдүргөн бойдок. Кыздардын кулагына күмүш сырга, «маңдайыма кыргыз кызын буюрса үйлөнүүгө даярмын» дейт Миша.
– Өзүм Жайыл районунун Жайыл айылында төрөлгөм. Кичинекей кезимден тарта кыргызча сүйлөгөндү үйрөнө баштагам. Орус мектепте окусам да, көчөдөн кыргыз балдар менен ойночумун. Ошондуктан азыр кыргызча 100 пайыз сүйлөй алам. Кыргыз калкы негизи кыргызча сүйлөгөн орустарды урматташат. Мага ошонусу жагат. Ал эми көк бөрүнү 15 жашымдан бери тартып жүрөм. Көк бөрү оюну өзүнчө эле адреналин.
«БУЮРСА, КЫРГЫЗДЫН КҮЙӨӨ БАЛАСЫ БОЛОМ»
ИВАН МОЙСЮК, Улуттук госпиталдын, бет-жаак оорулар бөлүмүнүн хирургу:
Казакстанда төрөлүп-өсүп, Кыргызстанда жашаганына аз эле убакыт болсо да, кыргыз тилин суудай билген Иванды иштеген жериндегилер баары «орус бала» деп жакшы таанышат жана сыйлашат. «Ошол себептен Бишкек мага аябай жагат, бул жактан кетпейм» деген каарманыбызды кепке тарттык:
– Кыргызстанга 2004-жылы келип окуп калдым. Студент кезимде бокс менен машыкчумун. Ал жакта машыктыруучубуз кыргызча сүйлөчү. Кыргыз тилин ошол жактан үйрөндүм. Окуумду бүтүп, бул жакта иштеп жатканыма 3 жылдын жүзү болду. Ооруканага келген көпчүлүк кыргыздар мени көрө салып орусча сүйлөп киришет. Арасында орусча жакшы билбегендер кыйнала баштаганда «кыргызча эле сүйлөңүз» деп койсом таң калышат. Спорт залга жаңы бара баштаган кезде бир окуя болгон. Балдар топтошуп сүйлөшүп турсак, Айбек деген бала «бул кандай бала экен, тигиндей-мындайы жок бекен? Бир нерсе болсо бир урам» деп кыргызча айта баштады. А мен жанында турам. Анан «эй, дос, мен сен айткан сөздөрдүн баарын түшүнөм» дедим. Ошондо уялып кечирим сураган. Сүйлөшкөн кызым кыргыз. Алардын ата-энеси да мени таанышат, кыргызча сүйлөгөнүмдү баалашат.
Каарманыбыз менен маектешип отурсам, жаныбызга бир кыргыз жигит келип орусча бир даректи сурап калды. Иван ага кыргызча жооп берип койсо, анын таң калганын көрүп, ошол замат аны кепке тарттым. Улукбек деп өзүн тааныштырган маектешим:
– Бул жигитке орусча кайрылып жаткам. Көрсө, кыргызча жакшы сүйлөйт тура. Орустардын кыргызча сүйлөгөнүн баалашыбыз керек. Себеби азыр кыргыз туруп кыргызча бир да сөз билбегендер бар. Алар ушуларды көрүп намыстаныш керек.
«Улук болсом тилим менен улукмун,
Улут болсом тилим менен улутмун!»- деп акын Эсенгул Ибраев айткандай, тил – улуттун жүзү. Жогорудагы Кыргызстанда жашап тим болбостон, кыргыздын тилин, салт-санаасын кошо сыйлаган мекендештерибизди көрүп, кыргыз болуп туруп "кыргызча билбейм" деген журтташтарыбыз ойго чөмүлөр...
Асхат Субанбеков
koom@super.kg