«Ак жоолукту кыйгач байлап наздана,
Мен өзүңө болбой калдым колукту...» деген саптар кимдердин гана жүрөгүнөн орун албаган. Бул саптардын жаралышына эмне түрткү болгон? Ырдын автору, акын Жыпара Умарова окурмандар менен сыр чечишмекчи.
КОЛУКТУ
Сага деген мас жүрөгүм соолукту,
Кеч болсо да өз теңиме жолуктум.
Ак жоолукту кыйгач байлап назданып,
Мен өзүңө болбой калдым колукту.
Апакеңдин болбой калдым келини,
Болсо керек сүттөй аппак пейили.
Аттиң, арман, турмуш сырын чече албай,
Бүтпөй калды махабаттын сейили.
Турмуш, чиркин, өтүп барат карачы,
Адамдын да өзгөрөт ой-санаасы.
Күндүр-түндүр тынчсызданган апамдын,
Болбой калдың эрке күйөө баласы,
Болбой калдың сүйгөн күйөө баласы.
«ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗДҮ КАЙРА ТАБЫШТЫРГАН ЫР»
– Бул ырды студент кезимде, 20 жашымда «Өкүнүч» деген аталышта жазган элем. Азыркыга чейин менден кимге арналганын көп сурашат. Айрымдар «эже, сиз менин башымдан өткөн окуяны эле жазып коюптурсуз» дешет. Адам баласынын башынан нелер гана өтпөйт. Мисалы, «Болбой калдым колуктуну» жолдошума арнап чыгаргам. Жолдошум экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүбүздө бир себептерден улам эки ажырым жолго түшкөнү калган элек. Ошондо акыркы жолугушууга барганымда ушул ырымды ага окуп бергем. Тагдыр экен, ырымды уккан ал ошол күнү мени ала качып кетти. Ошентип, ырым аркылуу мен ага колукту болгом.
Ырда баяндалган кайрылуулар, өкүнүчтөр көпчүлүк кыздардын башынан өткөн жана өтө берет. Эсептеп көрсөм, быйыл бул ырдын жаралганына 25 жыл болуптур. «Жүрөктөн чыккан сөз жүрөккө жетет» демекчи, ырым бүгүнкү күнгө чейин аялзаттын жүрөгүндө сакталып келе жатат.
«НАН ЖААП ЖАТКАНЫМДА КАПЫСЫНАН УГУП КАЛДЫМ»
– 1990-жылы Бишкекте Алыкул Осмоновдун 75 жылдыгына арналып «Ак боз ат» фестивалы өткөрүлгөн эле. Ага филология факультетинен мени жиберип калышты. Ошондо кыз-келиндер арасындагы сынакта бул ырым тандалып, «Кыргызстан аялдары» журналына жарыяланган. Ибрагим Жунусов ошол журналдан окуп, обон чыгарыптыр.
Бир күнү айылда нан жаап жүрсөм, мага тааныш саптар кетип жатат. Экинчи куплети ырдалып бүткөндө гана менин ырым экенин билип, жолдошум экөөбүз тең сүйүнгөнбүз. Бир да сабын өзгөртпөй ырдаптыр. Кыскасы, текстке обону, обонго тексти жарашыптыр.
Кийин бул ырды Ош драма театрында, Ибрагим Жунусовдун 20 жылдык кечесинде Токтобүбү Черикчиева ырдап чыкты. Тартынып, акыры концерттин аягында Ибрагим агай менен таанышканы барсам, «бул ыр качан чыккан, а сен эми таанышып жатасың» деп жылуу кабыл алып, ыраазычылыгын билдирген. Ал эми Токтобүбү Черикчиева менен жакындан тааныш эмеспиз. Бул менин ырым экенин деле билбесе керек. Ошентсе да Токтобүбү эжеге ыраазымын, ырды жогорку деңгээлде аткарып, элге жеткире алды.
ЭЛЕГИЯ
Сагындыңбы, мен да сагындым,
Кусалуу бир күнгө кабылдым.
Буйругу жок ушул тагдырга,
Таарындыңбы, мен да таарындым.
Жолугушуу болду арманым,
Жолукпайбыз эми, ардагым.
Жолду карап эми издебе,
Жалгыз аяк жолдо калганмын.
Кыйналдыңбы, мен да кыйналдым,
Мүдүрүлдүм, бирок сынбадым.
Жүрөгүңдү эзип жалгыздык,
Унуттуңбу, унута албадым.
Ыйладыңбы, мен да ыйладым,
Өзүмдү-өзүм алдап кыйнадым.
Жанга баткан жалгыздык ырын,
Ырдадыңбы, мен да ырдадым.
Обончулар акындын бул ырын гана эмес, «Элегия» деген ырын да обонго салып, ырдап жүрүшөт. Акындан саптарына көп сырларды каткан бул ыры тууралуу да суроону эп көрдүк.
«ЖОЛДОШУМ ДА, ЧӨНТӨК ДЕПТЕРИМ ДА КАЙТПАЙ КАЛДЫ»
– «Элегия» «Өкүнүчтөн» 10 жылдан кийин жазылган. Мен көбүнчө сагыныч туурасында жазгым келет. Балалыкты сагынуу, туулган жерди сагынуу, ата-энени сагынуу, жакын адамыңды сагынуу дегендей. Эргүү келгенде баракка түшүрүп калууга ашыгам. Ошондо ырларым бир да чиймеленбей, оңдолбой жазылып калат. «Элегиянын» да эки куплети дал ошондой болуп кыска убакытта оңдоо-түзөөсүз жаралган.
Жолдошум Аксыга, айылына кеткен эле. Жамгыр жаап жаткан. Үйдө жалгыз отурганымда эргүү келип, эки куплетин чөнтөк дептериме жазып койгом. Айылдан кайтып келген жолдошум Орусияга кетмек болуп калды. Бир убакта карасам, ал чөнтөк дептеримди таап алып ушул ырымды окуп отуруптур. Көрүп алып коркуп кеттим. «Кимге арнап жаздың?!» деп урушат го десем, унчукпай чөнтөгүнө салып, өзү менен Орусияга алып кеткен эле. Тагдыр экен, ошол бойдон экөө тең кайтпай калды. Бирок экөө тең жүрөгүмдө сакталуу.
«ЭЛЕГИЯНЫ» ЫЙЛАП ОТУРУП УККАМ»
– Алгач «Элегияга» Альбина деген студент кыз обон чыгарып, комуз менен ырдап жүрчү. Андан кийин Ибрагим Жунусов обон жазып, мага угузуп, «эми аранжировкасын жасатам» деп жүргөн. Агай саясатка аралашып кетип, ошол боюнча калып калды окшойт. Үчүнчү ирет Түмөнбай Колдошов деген жигит обон чыгарды. Экөөбүз капысынан көчөдөн кезигип калдык. «Эже, ырыңызга обон жазайын деп жатам» дегенинен макулдугумду бергем. Кийин «эже, кайырмасын, анан дагы бир куплет жазып бериңизчи» деп телефон чалды. Тамак жасап жаткан элем, бир ашканага, бир барагыма чуркап жатып чыгарып бердим. Азыр эргүү менен жазылган эки куплетти жатка билем да, берки экөөсүн жаттай албадым (күлүп).
Түмөнбай аккордеон менен ырдап чыгып, «Сагындыңбы, мен да сагындым» деген аталышта чыгармачылык концертин да берди. Түмөнбайдан Айпери Кулбаева алып ырдап, жакында клип да тарттырыптыр. Бул ырга үч жолу обон жаралды, үчөөнү тең ыйлап отуруп уккам.
Уулбү Каныбекова
star@super.kg