28 КИЛОГРАММ БАҢГИЗАТЫ МЕНЕН КОЛГО ТҮШТҮ

Бишкек ШИИББинин Баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 28 килограмм 400 грамм баңгизатын алып бараткан жаран кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-июлда Жайыл районунун «Сосновка» өткөрүү бекетинде Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны тинтүү учурунда коробкаларга салынган, пластилинге окшогон, 20х25 сантиметр көлөмүндөгү 57 даана гашиш табылган. Бул факт боюнча унаанын айдоочусу, 1981-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну убактылуу кармоочу жайга камалып, ага карата кылмыш иши козголду.

Айбала Эргешов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
sydykova.janna1989
2013-07-23 20:04:14
Пара бербей койгон го дейм ДПСтер анча мынча мерседести тоспой калышты эле го или подстава
0
STARS-BOYS88
2013-07-26 01:33:38
эээх...токтогулдан келе жаткандар го дейим,подстава болгон да.....
0
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан