МАС АБАЛЫНДА КИШИНИ КОЙДУРУП, КАЧЫП КЕТКЕН

15-июль күнү болжол менен саат 7:30дар чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун ГЭС-5 айылында белгисиз айдоочу жөө адам өтүүчү жерден бир айымды коюп кеткен.
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, 53 жаштагы жергиликтүү айылдын тургуну окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми айдоочу жардам берүүнүн ордуна кырсык болгон жерден изин жашырып кеткен.
Автоунаанын болжолдуу белгилери облустук ички иштер бөлүмдөрүнө кабарланып, жыйынтыгында жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан издөөгө алынган. Көп өтпөй кылмышка шектүү деп Сокулук районунун жашоочусу кармалды. Айыпталуучу жол кырсыгы болгон учурда Мазда 323 автоунаасына мас абалында отургандыгы аныкталды.

Айбала Эргешов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
saikal.97
2013-08-03 03:31:33
Myna saga arak neeeeege alyp kele jatkany
0
saikal.97
2013-08-03 03:32:39
Dagy ele arakpy nege ichishet eken eee
0
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан