СПОРТТОГУ САЯСАТ

11-июлда "Казань-2013" Универсиадасында бел боо күрөшү боюнча ийгилик жараткан спортчулар Кыргызстанга кайтып келишти. «Спортчу чемпион болсо, атасы көбөйөт» дегендей, аларды «Манас» аэропортунан спорт чөйрөсүндөгү көп инсандар тосуп алды. Ошол жердеги айрым көрүнүштөр тууралуу бир-эки ой айтууну эп көрдүк.

ЧЕМПИОНГО ЫКТООГО ЖАКЫНБЫЗ
Бел боо күрөшү боюнча студенттерден түзүлгөн улуттук курам алгач Ош шаарына түшүп, кайра шаан-шөкөт менен Бишкекке жөнөшкөн. Бишкекте олжолуу келаткан курамды жер жайнаган киши тосуп алды. Мына, «дарак көгөрүп, өңүнө чыкканда аны тегеректегендер көбөйөт» деген ушул да. Сын эмес, чын айтканда, спортчулар ири мелдештерден куру келсе, эч ким тоспойт, кайра саясат жүргүзө башташат. Мисалы, былтыр "Лондон-2012" Олимпиадасынан ийгиликсиз кайткан курам тосуп алары жок, туристтердей келишкен. Лондонго жер жайнаган кишинин коштоосунда учкан спортчулар келгенде аэропорттун боз дубалдарын көрүп иренжишкенин айтышкан. Бул жолу студент спортчуларды тосчулардын көптүгүн көргөн аэропорттун кызматкерлери: «Спортчулар дүйнөнүн бүт медалдарын чогултуп келаткан го. Адатта, аз эле киши тосчу»,- деп жатышты. Айласыз «кыргыздар чемпионго ыктоого жакынбыз» деген ойго жетеленесиң.

НУРБЕКТИ ТААНЫБАЙ КАЛЫП...
Универсиададагы жеңиш көптү айтып койду. Аларды тосуп алуу учурунда элдин көбү чемпиондорду ээрчип, күмүш, коло медаль алгандар ар бурчта бир аз томсоруп турушту. Теңсиздикти мындан баамдаңыз, «Азамат!» деп далыга таптаары жок байге ээлеринен унутулуп, артта калып калгандары да болду. Бул жердеги шөкөттөн кийин Бишкекте триумфаторлорго атайын сый тамак менен дасторкон жайылганын билдик. Бирок ал жерге чемпион Нурбек Аканов барган жок. Себебин Нурбек Аканов жеке нааразычылыгы менен байланыштырды. «Беш-Сары» клубунун жетекчиси Камчыбек Жолдошбаев журналисттер менен жолугушуу учурунда мени карап, «Сенин атың ким эле?» деп сурап күйгүздү. Өзү кабардар болбосо, интернетке кирип, Универсиада тууралуу маалымат албаса да, кимдир бирөөлөргө окутуп билип алса болмок. Азыр аттуу-баштуу агалар, анын чемпиондун атын билбегенине нааразы болуп жатышат»,- деп билдирди.

«КАЛПАКТЫ БАСА КИЙИП, ТААНЫЛБАЙ КАЛЫПТЫР»
Нурбек Акановдун сөзүнөн кийин Камчыбек Жолдошбаевге байланыштык. Камчыбек мырза: «Биз кантип ушул аз спортчулардын ичинен аларды тааныбай калалы? Тааныйм. Менин жанымда эле сүрөткө түшүп, видеого тартылып жүрбөдүбү. Калпакты баса кийип алганынан таанылбай калыптыр. Мен анын атын сураган эмесмин»,- деди. Бирок Камчыбек мырзанын сөзүн www.super.kg порталы үчүн тартылган видеотасма жокко чыгарып койду. Анткени камерада анын Нурбек Акановго карап, атын сурап жатканын көрүүгө болот. Анан да Нурбек калпакты баса эмес, жүзүн ачып эле кийип жүрүптүр.


СПОРТКО СЫЙ МАМИЛЕ...
Кыргыз спорту мындай артыкчылыкка көп эмгек менен жетти. Студенттик спорт федерация бул спорт түрүн Универсиаданын программасына каттатпаганда, спорт тармагында иш алып барган мамлекеттик мекемелер, федерациялар, каржы маселесин чечип берген мекемелер бир муштумга түйүлбөгөндө, бул жеңиш, балким, болбойт эле... Келгиле, кыргыз спортуна чын дилден күйөлү. Бизде Кытайдагыдай миллиондогон спортчу жок. Демек, аз сандагы спортчуларга көмөктөшүп, чемпиондук секиге чыкса да, чыкпаса да жанында бололу. Алтын ээлерин чыканактан жөлөп атка мингизип, калгандарын жөө бастырчу деңгээлге өсүп жете элекпиз. Спортубузга мындай мамиле жасасак, өсүш деген болбоору турган кеп.

– Азия оюндарында жана Дүйнөлүк Универсиадада кыргызстандык спортчулар мыкты ийгиликтерди көрсөтүштү. Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү спортту жана спортчуларды колдоо үчүн конкреттүү эмне иштерди жасашы керек деп ойлойсуз?

АЛЕКСАНДР ВОИНОВ, кикбоксинг боюнча КРнын курама командасынын башкы машыктыруучусу:
– Өкмөт спортчуларга жакшылап көңүл буруп койсо, жыйынтыгы сөзсүз болот. Учурда спортто дүйнөлүк атаандаштык күчтүү. Эгер спортко жана спортчуларга бүгүнкү күндө сапаттуу көңүл бурулбаса, анда ал өз имиджин жоготот. Спортчулар өмүрүндөгү эң жакшы күндөрүн спортко арнайт. Алар күн сайын машыгып туруусу керек. Бирок ошол эле учурда башкалардай эле кийинип, тамактанып, эки жакка басып, үйлөнүп, үй-бүлө куруусу керек. Ошол себептен өкмөт спортчуларга, негизгиси, материалдык жактан жардам көрсөтсө, ийгилик арбын болмок.

 

КАНЫБЕК ОСМОНАЛИЕВ, ЖКнын депутаты, Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы:
– Учурда спорттогу ийгиликтерге, жетишкендиктерге өкмөттүн эч бир салымы жок. Бул ийгиликтер машыктыруучулардын эмгеги. Акыркы 2-3 жылдан бери өкмөт тарабынан спортко көңүл бурулбай калды. Азыр чоңдорго ийгиликке жетишүү эмес, оюндар гана болуп турса жетиштүүдөй сезилет. Алар ошонун шылтоосу менен жер-жерлерди кыдырып, эс алууга мүмкүнчүлүк алышат. Жогорку Кеңештин отурумдарында да спорт концепциясын көтөрө турган маселелер коюлуп, бирок каралбай жатат. Спортчуларга сөзсүз түрдө стимул бере тургандай сыйлыктарды коюш керек.


МЕЛДЕШ БОЮНЧА


Бүткүл Дүйнөлүк Универсиада 6-17-июль аралыгында Татарстандын борбору Казань шаарында өттү. Универсиадага 18 жаштан 28 жашка чейинки студенттер, аспиранттар катышат. Жайкы жана кышкы спорт түрлөрү боюнча бөлүнүп, эки жылда бир өткөрүлөт. Биринчи Универсиада 1959-жылы Италиянын Турин шаарында өткөн.
Жайкы Универсиаданын программасында 13 негизги спорт түрү бар. Мелдешти өткөрүп жаткан өлкө тарабынан жана катышып жаткан өлкөлөрдүн сунушунун жыйынтыгында Татарстанда 27 спорт түрү болду. Бул жолку Универсиаданын рекорду ага 162 мамлекеттин катышканы жана Орусиянын 292 медаль алганы болду. Эске салсак, 2011-жылы Кытай 145 медаль утуп рекорд койгон.
Татарстандагы Универсиаданын ачылыш аземинде Орусиянын президенти Владимир Путин: «Июль күндөрүндө спорттун арты менен Казань шаарында дүйнөнүн ар континентинен келген спортчулардын чогулуусу сыймык. Универсиаданын деңгээлин Олимпиада оюндары менен салыштырууга болот»,- деп билдирди.

«Супердин» сурак бурчу
СПОРТЧУНУН ЖЕҢИШИ ЭМНЕДЕН КӨЗ КАРАНДЫ?

Сталбек Дарканбаев, кикбоксчу:
– Негизи, жеңишти мен машыктыруучунун эмгеги менен байланыштырмакмын. Балдарды залда карап, каталарынын үстүнөн иштөөсүнө шарт түзүп берип, ийгиликке жол ачып берет. Ошондой эле чогуу машыккан чөйрөнүн жакшы болгону, алар менен чогуу төккөн тердин арты менен спортчуга жеңиш келет деп ойлойм.

Улан Молдодосов, машыктыруучу:
– Машыктыруучу көп нерсени чечет. Олимпиадага 300 спортчу барса, анын 8и гана алтын медаль тагынат. Кыргызстандын аброюн Олимпиада менен Азия оюндары көтөрөт. Бул мелдештердин чемпионун тарбиялоо үчүн Мамлекеттик спорт агенттиги машыктыруучу менен спортчуну жетим козудай кылып отургузуп койбой, шарт түзүп бериш керек.

Табылды Асыгалиев, спорт журналисти:
– Бардык жагынан шарттар түзүлүп берилиш керек. Азыр спорттук медицина улам өсүп жатат. Ошонун деңгээлин кууп жетиш керек. Жеңиш үчүн, албетте, таланттуу спортчунун талыкпаган эмгеги, машыктыруучунун мээнети керек. Ошондой эле чемпион болчу спортчу өз үйүндө баатыр болбой, эл аралык мелдештерге катышып, зор тажрыйба топтошу зарыл. Анан чемпион пайда болот.

Гулиза Абазова, спорт журналисти:
– Кыргыз спортун айтсак, жеңиш каражат маселесинен көз каранды. Эл аралык даражадагы спортчулардын деңгээлине жетүү үчүн машыгуу залы эле эмес, калыпка келтирүүчү витамин колдонуш керек. Ошондой эле жакшы машыктыруучулардан көз каранды. Бизге азыр совет убагындагы машыктыруучулар жана спонсорлор бөлгөн акчаны туура сарптаган менеджерлер жетпей жатат.

Залина Касымбаева, жеке ишкер:
– Спортчунун өзүнүн умтулуусу менен байланыштуу. Буга кошумча, мамлекеттин каражаты, машыктыруучунун туура мамилеси, ата-эненин көңүл буруусу, үгүтү, тегерегиндегилердин үгүтү керек. Урушуп психологиясын бузбаш керек. Өз убагында тамагын даярдап турсаң, ток адам умтулуунун үстүндө болот.

Мерген Сайракунов, студент:
– Эң негизгиси, баарынан мурун жеңиш спортчунун өз колунда. «Жетем» деген ичиндеги каалоо менен жеңишке тике чуркаган спортчу жеңишке жетет. Мелдеш аянтына чыкканга чейинки эмгекти да эске алыш керек. Ага жакшы шарт, жакшы атмосфера түзүлүп берилгени жеңишке тепкич болуп берет.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
MaRmeLaDka
2013-07-22 18:32:25
Туура сөз, аябай таасирдүү жазылыптыр. Кыргыздар ушундайбыз да, жеңсе тим эле укмуш кылып, баатыр кылып салабыз. Коло, күмүш алгандар адам эмес бекен? Аларга да көңүл буруп койсо болот эле. Ал эми Камчыбек мырза аман эле болсун! Уят эле!!!
0
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан