«ӨЗБЕК ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ АТКАН УУЛУМДУН ӨЛҮМҮНӨ КИМ ЖООП БЕРЕТ?»

17-июлда Бишкекте Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 20-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстандын чек арачылары тарабынан атылган Бакыт Тагаевдин туугандары митинг өткөрүштү. Алар «Бакытбектин 5 баласынын убалы кимге?», «Баламдын өлүмүнө ким жооп берет? Мамлекетпи же Өзбекстанбы?» деген сыяктуу сөздөр жазылган плакаттар менен чыгышкан.
Маркумдун апасы Темиржан Тагаеванын айтымында, кылмыш Кыргызстандын аймагында, чек арадан 1 чакырым бери жакта болгон. «Өзбек чек арачылары кантип Кыргызстандын аймагына кирип кетишет?! Эмнеге ал жерди кыргыз чек арачылары кайтарышпайт?»- дейт көзүнө жаш алган эне. Бул митингге Бакыт Тагаевдин атасы, апасы, жубайы, 5 баласы жана туугандары келишкен.
Укук коргоочу Чыңгыз Абдымомунов: «Аскердик прокуратура бул кылмыш ишин кыскартууда, башкача айтканда, өзбек тарапты коргоп жатат. Өзбекстан болсо кылмыш иши чек арада болгонун айтууда, бул туура эмес»,- дейт.
Белгилей кетсек, 20-июнда Өзбекстандын чек арачылары Кадамжай районунун Сарыбай айылынын тургуну, 1975-жылы туулган Бакыт Тагаевди атып өлтүрүшкөнүн Чек ара кызматы билдирген. Вице-премьер-министр Токон Мамытов «Өзбекстандын чек арачылары эл аралык жана мамлекеттер аралык документтерди бузуп, мыйзамсыз түрдө чек арадан ашып, бирөөнүн үйүнө кирип келишкен» деген расмий билдирүүсүн Ташкентке жеткиргенин айткан эле. Ал эми Өзбекстан чек арачылар Кыргызстандын чек арасын кесип өтпөгөнүн жана алар тарабынан ок чыгаруу болбогонун билдирген.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Өзбек чек арачысы атып өлтүргөн Бакыт Тагаевдин туугандары митингге чыгышты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
solnyshko
2013-07-22 10:51:15
как всегда не справедливость...
0
Daniel01
2013-07-22 12:08:15
Өзбекстан чек арачылар Кыргызстандын чек арасын кесип өтпөгөнүн жана алар
тарабынан ок чыгаруу болбогонун
билдирген.

Бул эмнеси кыргыздарды тоготпой ушундай дешкениби???
0
monchok
2013-07-22 14:05:32
Чек араны тактап тосуш керек эмне учун оозун ачып отурушат жогору жактагылар каримовго духу жетпейт! Тактап тосуп салбаса дагы коп иштер болот.алар жылып келеберет биз жака!
0
1985lana
2013-07-22 16:55:32
Блин тойгозду ушул о.....! Ар бири оз жазасын эл алдында, точнее кыргыздардын колунда жазасын алыш керек! Аткан эркектер ташбаранга алыныш керек! Бийликтегилер ушундай маселени кичине болсо да карап конул буруп койсонор, курсакты эле чанайтып отура бербей?! Же эмне Каримовдон коркосунарбы?
0
solnyshko
2013-07-22 21:21:35
1985lana, хе хе бийликтегилер Кыргызстандын акчасын жемей менен убара,мындай маселелерге кызыгып да коюшпайт,им до лампочки..
0
asil-08
2013-07-22 17:08:11
журок ооруйт депуттар кичине ойлонгулачы биз карапайым эл кыйналып жатабыз а силер жумшак креслодо жегенинер жеген кудайдан коркулачы
0
saysat
2013-07-22 19:18:21
ошол шумпайды кармаш керек эле
0
nasik198
2013-07-22 20:00:48
Ой Тообо куйосун да куйосун. Ууру тойгончо жеп олгончо карганат да эмне ооба биз олтурдук чек араны бузуп барып камагыла деп кол куушуруп туруп беришмек беле тан каласын.Эгер кыргыз ошондой иш кылган болсо озбектер качан эле басып кирип бир айылды жок кылмак.Элин коргой албаган мамлекеттин элге эмне кереги бар.Ооз учунда убадаларын берип тим болушат.Ошентип оз укуктарын коргой албай отурсалар Каримов колдоруна салып бермек беле.
0
Narynbek
2013-07-22 22:42:25
Уурсу күчтүү болсо ээси өлөт болуп жатат да.
0
ROUSE
2013-07-24 02:29:26
куйосун да куйосун. маркумдун жаткан жери жайлуу болсун!
0
ROUSE
2013-07-24 02:38:42
куйосун да куйосун. маркумдун жаткан жери жайлуу болсун!
0
tynara81
2013-07-26 15:46:14
Кан уктатпасын, канкорлорду. Ок чыгаруу биз тараптан болбогон деп танып, тоготпогону эмей эмне. Катуулап эле киришсе болбойбу десенер.
0
aziz.
2013-07-29 04:15:42
оой чындык жок э бизде качан онолобуз каннндай ушул маселллерди чеччип коюшпайт жогору жактагы эшеке минерлерибиз чын эле мамлекетбизби эгер мамлекет болсок убакыт откон сайын алдыга жылып онугуп осуп кучуно кириш керекко акыры качан ушу тынып тынчып жашап калабыз
0
kumushai-kg
2015-01-10 14:19:55
Баарыныздарга рахмат! бул кишини мен таныйм жана билем! Болгон окуяныда билем! Жаткан жери Жаайлуу болсун Аллахым озу колдосуун!
0
kumushai-kg
2015-01-10 14:24:53
Кыргызстанда Акыйкат жок! жана барысы чын журогунон иштебейт жана иштетпейт мен кыргызмын бирок! кыргызстанда жашаагым келбейт!
0
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан