КАН ГРУППАЛАРЫНЫН ДАЛ КЕЛБЕСТИГИ, БОЙДОН ТҮШҮҮ

КАН ГРУППАСЫ
Кандын курамындагы эритроциттерде атайын белок – антиген бар. Антигендер ар адамда ар башкача болот жана А, В деп белгиленет. Антигендер гендин бир варианты болуп эсептелет жана кан группасы үчүн жооп берет. Башкача айтканда, антигендердин өзгөчөлү­гү­нөн улам кан группаларга бөлүнөт. Кандын суюктугунда антигенге каршы антителалар да бар.

Кан группалары
О (I) – биринчи группа
А (II) – экинчи группа
B (III) – үчүнчү группа
AB (IV) – төртүнчү группа

РЕЗУС-ФАКТОР
Кан группага бөлүнгөндөн тышкары оң (положительный) резус же терс (отрицательный) резус-факторго ээ. Резус-фактор адамдын канынын тубаса өзгө­чөлү­гү. Өмүр бою өзгө­рүл­­бөйт жана укум­­дан тукумга берилет.
Резус-фак­тор­ белокко тиешелүү жана адамдагы эрит­роцитте кармалат.
Резус-фактор жандуулар арасынан адамда, анан «Резус» аттуу маймылдарда кездешет. «Резус» деген аталыш ушундан улам келип чыккан. Резус-факторду XX кылымдын биринчи жарымында австралиялык К.Ландштейнер жана америкалык А.Виннер аттуу окумуштуулар ачкан. Алар мындай ачылышы үчүн Нобель сыйлыгына ээ болушкан.
Резус-фактордун ачылышы кан куюу жаатындагы табылгыс ачылыш болуп эсептелген. Себеби, ага чейин адамдарга кан куюуда кээ бирөөлөр узакка эсин жоготууга барса, кээ бирөөлөр өлүмгө дуушарланышкан. Мындай көрүнүш табышмактуу болуп эсептелип, жандырмагы резус-фактор ачылгандан кийин гана белгилүү болгон. Анткени, оң резуска ээ адамга терс резустагы канды куюудан реакция жүргөн.
Адамдардын 87 пайызы оң резусту алып жүрсө, 13 пайызы терс резусту алып жүрөт.

МУРАСКА ЭЭ БОЛУУ
Адамдардын көпчүлүгү баланын канынын группасы ата-энесинин группасын тартабы деген суроого кез келишет. Бул суроого тө­мөнкү маалыматтар жооп бермекчи.
Ата-энесинин каны...
1-группада болсо, анда наристе 1-группадагы кан менен төрөлүшү мүмкүн.
2-группада болсо, анда наристе биринчи же экинчи группага ээ болот.
3-группада болсо, анда наристе биринчи же үчүнчү группага ээ болот.
Биринчи жана экинчи группада болсо, анда наристе биринчи же экинчи группадагы кан менен төрөлөт.
Биринчи жана үчүнчү группада болсо, анда наристе биринчи же үчүнчү группага ээ болот.
Экинчи жана үчүнчү группада болсо, анда наристе каалагандай группадагы кан менен төрөлөт.
Биринчи жана төртүнчү группада болсо, анда наристе экинчи же үчүнчү группага ээ болот.
Экинчи жана төртүнчү группада болсо, анда наристе экинчи, үчүнчү же төртүнчү группадагы кандардын бирине ээ болот.
Үчүнчү жана төртүнчү группада болсо, анда наристе же экинчи, же үчүнчү, же төртүнчү группадагы кан менен төрөлөт.
Төртүнчү группада болсо, анда наристе же экинчи, же үчүнчү, же төртүнчү группадагы канга ээ болот.
Эгер ата-эненин бирисинин каны биринчи группага таандык болсо, наристе төртүн­чү группадагы кан менен төрөлүшү мүмкүн эмес.
Ошондой эле ата-эненин бирисинин каны 4-группада болсо, наристе биринчи группадагы кан менен төрөлбөйт.

ЭНЕНИН ЖАНА ТҮЙҮЛДҮКТҮН КАНЫНЫН РЕЗУС-КОНФЛИКТИ
Оң резус-факторго ээ эркектер менен терс резус-факторго ээ аялдардын никесинен көбүнчө оң резус-фактордогу наристелер төрөлөт.
Айта кетчү нерсе, дал ушундай күйөө­сү­нүн каны оң резуска, өзүнүн каны терс ре­зуска ээ аялдар көбүнчө экинчи тө­рөтү­нөн баштап чоң маселеге кабылышат. Анткени, булардын боюнан түшүшү же төрөсө да наристенин өлүк түшүшү мүмкүн. Мунун баары эненин жана түйүлдүктүн канынын резус-конфликти менен түшүн­дүрүлөт. Эмесе, резус-конфликт дегенди чечмелеп берели.
Аялдын биринчи төрөтүндө анын канында антигендер менен антителалардын саны аз болот да, түйүлдүккө анча коркунуч келтирбейт. Ал эми биринчи бала төрөл­гөндөн жана улам аборт жасаткандан баштап аялдагы антигендердин да, антителалардын да саны көбөйө баштайт. Экинчи кош бойлуулукта энедеги антигендер аз санда болсо да чарайна аркылуу баланын канына өтүп кетип, антителаларды пайда кылат. Антителалар түйүлдүктөгү оң резустагы эритроциттерди зыянга учуратат. Бул илимде «резус-конфликт» деп аталат. Натыйжада, түйүлдүк кан ооруларына учурайт. Ушундан улам бойдон түшүп калуу, өлүк төрөлүү учурлары кездешет.
Резус-конфликт канчалык экендигин текшерүү үчүн анализ алуу кош бойлуулуктун 8-айында жүргүзүлөт. Кандагы антителалардын саны аныкталат.

ххх

Негизи, каны терс резустагы эне каны оң резустагы эркектен экинчи же үчүнчү баласын төрөөнү пландаса, врачка көрүнүп, канындагы антителалардын өлчөмүн сөзсүз текшертүүсү зарыл.

Материалды даярдоого салымын кошкондугу үчүн Республикалык
кан борборунун Донор кадрларын толуктоо бөлүмүнүн башчысы
Сатыбалдиева Айганышка ыраазычылык билгизебиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Rostov-on-Don
2012-11-23 22:55:25
Рахмет
0
Baktygul2016
2016-06-15 19:14:02
1 группадагы кан боюнча маалымат берип коюңуздарчы билгендер болсо
0
№ 204, 29-сентябрь-5-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан