КАЗАНДЫ БАГЫНТКАН АЛТЫН НУРБЕКТЕР

Бул жолу спорт бетин Казань шаарында болуп өткөн Универсиадага арнадык. 17-июлга карата жалпы мелдеш жадыбалы, Кыргызстанга медаль алып келген студенттерибиз назарыңыздарда.

СҮЙҮНЧҮ, ДАГЫ ЭКИ МЕДАЛЬ!
Бүткүл Дүйнөлүк Универсиадада кыргызстандыктар дагы 2 медаль утту. Айымдар арасындагы эркин күрөш боюнча 59 килограммда Айсулуу Тыныбекова коло медаль, эркин күрөш боюнча 55 килограммда Самат Надырбек уулу күмүш медаль тагынды. Мелдештин 11-күнүнүн жыйынтыгында Кыргызстан 11 медаль менен командалык эсепте 27-орунда келүүдө. Эске салсак, буга чейин бел боо күрөшү боюнча кыргыз балбандары 11 медаль утушкан. Командалык эсеп:

Нурбек Аканов
Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 8-декабрь
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Сузак району, Кара-Дарыя айылы
Бою – 174 см, салмагы – 100 кг
Жетишкендиктери – Бел боо күрөшү боюнча Азия чемпиону. 2013-жылкы Бүткүл Дүйнөлүк Универсиаданын жеңүүчүсү
Экономика жана ишкердик боюнча университетинин 4-курсунун студенти Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы

«ТӨККӨН ТЕРИМ КӨЛ БОЛУП КАЙТТЫ»

– Нурбек, күрөш менен качантан бери алектенесиң?
– Күрөш менен өзүмдү таанып баштагандан тартып алектенем. 4-5-классымда өзбекстандык машыктыруучулардын сунушу боюнча Абдулла Хамидов деген ат менен Өзбекстандын атынан чыгып жүрдүм.

– Сени раматылык балбан Баяман Эркинбаевдин жээни катары билебиз. Ал кишиден кандай кеңештерди алдың?
– Баяман таякем көп кеңеш берди. Көп кишилерге «мына, болочоктогу Олимпиада чемпиону» деп айтып калчу.

– Күрөштү баалаган түштүк жергесинде көбүрөөк таанылдың. Канча унаа уттуң?
– Быйыл жазында 37-ирет унаа уттум. Бир тууган агам Чыңгыз экөөбүз жалпысынан жетимиштен ашык унаа утканбыз. Элдер сурай берет, "уткан унааны эмне кыласыз?" деп. Агам экөөбүз төрт жолу атамдын унаасын жаңырттык. Унааны сатып, өзүбүздү каржылайбыз. Бел боо күрөшү Олимпиадада жок болгондуктан, мамлекет сборлорду уюштуруп бербейт. Уткан унааларды сатып, өзүбүздүн жашообузга, машыгуубузга шарт түзөбүз. Мамлекет Универсиададан кийин көңүл бурат деген ишеним бар.

– Универсиаданын чемпиону болушуң менен куттуктайбыз! Кайсы беттешти оор деп эсептедиң?
– Беттештердин баары оңой болгон жок. Өзгөчө казакстандык балбан Эскархан Оскановдон 3:0 эсебинде утулуп жатып, утуп кеткеним эсте калды. Кармаш учурунда мурдум да канап кеткен. Зал тыптынч. Биздикилер башын мыкчып турушкан, кандай болуп кетер экен деп. Ушундай учурда стадион "дуу" жарылып, жеңиш мен тарапка ооп кетти. Ал казактан мурун утулуп калгам. Негизи, колдоочулар көп болсо жеңишке жакын болосуң да.

– Мындай абал спортто «характери» бар спортчу" деп бааланат. «Характерди» эмненин жыйынтыгында күтсө болот?
– Машыгуунун жыйынтыгы менен. «Канча тер төксөң, көл болуп кайтат» дешет. Универсиаданы утуп, төккөн тердин акыбетин көрдүм. Финалда 45 секундда таза жеңишке жетишкеним да көп машыгып, аз ката кетиргенимден.

– Кыргызстандын капитаны болуп, желекти көтөрүп чыктың. Кандай сезимдер болду?
– Ал сезимди айтып жеткирүүдө сөздүн күчү жетпесе керек. Кыргызстан 78-болуп тааныштырылды. 4 саат чыкчу кезегибизди күттүк. Стадиондо толо эл. Анча көп кишини жандуу көрбөгөм. Желек менен кошо Кыргызстандын бүтүндөй жоопкерчилигин көтөрүп бараткандай болдум. Бул сезимдер мага күч берип, жеңишке тепкич болуп берди.

Кожобеков Нурбек Раймалиевич
Туулган жылы – 1988-жыл, 20-май
Туулган жери – Талас облусу, Бакай-Ата району, Кыргызстан айылы
Бою – 180 см, салмагы – 82 кг
Жетишкендиктери – Бел боо күрөшү боюнча Азиянын чемпиону (2012-жыл), Дүйнөнүн вице-чемпиону (2012), 2013-жылкы Бүткүл Дүйнөлүк Универсиаданын жеңүүчүсү
Бойдок. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин 4-курсунун студенти

«БОЛГОН КҮЧҮБҮЗДҮ МЕДАЛЬ АЛГАНГА ЖУМШАДЫК»

– Нурбек, күрөш менен качантан бери машыгасың?
– Бала кезимден спорт менен машыгам. Бел боо күрөшү менен мелдештерге чыгып жыйынтык көрсөтүү үчүн машыкканыма 6 жыл болду.

– Казань шаарында өткөн Дүйнөлүк Универсиадага кандай даярдык менен бардың жана уюштуруу деңгээлине кандай баа бердиң?
– Бул жактан жөнөгөндө эле «жеңиш керек» деген ой менен бардым. Кудайым буюруп, тилегиме жеттим. Уюштуруу жагынан Казань шаарындагы мелдеш эң жогорку деңгээлде өттү.

– Кыргызстандын атынан барган студенттер кандай тандалган?
– Алгач Кыргызстандын биринчилиги өтүп, анда жыйынтык көрсөткөндөр тандалган. Бирок көпчүлүк ЖОЖдор нааразы болуп, кайрадан тандап алуу жүрдү. Универсиадага тандоо туру өтүп жатканда мен дзюдо боюнча да катышып, жолдомо алгам. Бирок дзюдодон ийгилик жаратарымдан шектенип тургам. Анан медаль алганга бел боо күрөшүнөн мүмкүнчүлүк көбүрөөк болгон үчүн күрөштү тандадым.

– Финалда түркмөнстандык балбан менен кармашта алган көзүңдүн астындагы жаракатың көрүнбөйт го...
– Кыргызстанга келгенге чейин ошол алган жаракатты араң кетирип келдим (күлүп). Жеңгенде толкундануу болду. Мелдеште бардык кармаштар кыйын өттү. Өзгөчө финалдык кармаш оор болду. Атаандашым физикалык жактан күчтүүрөөк экен. Менин кабыргамда жаракатым бар эле. Ошондуктан финалдык кармашта каршы чабуул жасоо менен жеңишке жетиштим. Финалда атаандашым калыстын иш алып барганын баалаган жок. Калыс менин да упайымды каршылаш тарапка санап койду.

– «Бел боо күрөшү Кыргызстандын жүзүн сактап калды» дегенге кошуласыңбы?
– Бул күрөш бизде мурдатан эле ойнолуп келген. Биз болгон күчүбүздү медаль алганга жумшадык. Балбандар жакшы жыйынтык көрсөттүк. Бел боо күрөшү көп эле өлкөлөрдө, айрыкча түрк тилдүү элдерде кеңири тараган. Менин оюмча, бул биз үчүн ийгилик болду десем болот. Келечекте мындан да жакшы көрсөткүчтөргө жетишебиз деп ишенем.

Максат Кудайбердиев,
Айбала Эргешов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Suluwka_1992
2013-07-22 11:32:59
Азаматтар!!!
0
Rinatik94
2013-07-22 11:43:38
Эң чоң эрдик жасадыңар,ийгилик жылмайсын,азаматсыңар.
+1
aisu_91
2013-07-22 12:21:45
Иийгилик спортчуларга !
0
jyldyzay
2013-07-22 14:22:51
Азаматсынар. Мындан да коп ийгиликтерге жетишинерге тилектешмин!
0
Bazis
2013-07-23 16:39:06
Абдан сонун. Толкунданып кеттим. Ийгилик силерге спортчулар
0
marisamira
2013-07-25 11:21:23
Азаматсынар биздин спортчуларга мамлекет жакшы шарт тузуп берсе будан да жакшы ийгиликтерге жетишсек керек эле. Минтип уткан машинасын сатып ар кандай иштер менен алектенишет условия болсо только даярданмакта тренировка кылып.
0
bekish93
2013-08-03 15:09:09
алга кыргыз элим
0
aigerimarslan
2013-08-17 19:03:42
Албетте КЫРГЫЗ жигиттери эн кучту эркту татыктуусунар. Фудбол баскетбол валеболдон эмнеге чыкпайт
0
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан