ЛУНАТИКТЕР ЭМНЕ ҮЧҮН ТҮНДӨ БАСЫП КЕТИШЕТ?

Элден кимдир бирөө тууралуу «анын элирмеси бар, түн ичинде уктап жатып басып кетет экен» дегенди угуп калабыз. Бул эмне болгон оору? Эмнеден жаралат? Медицина өнүккөн азыркы учурда аны айыктырууга мүмкүнбү? Суроолорго жоопту Балдарды жана энелерди коргоо улуттук борборунун 3-18 жаштагы балдардын неврология бөлүмүнүн врач-невропатологу КЕНЖЕ АЛЫКЕЕВА берет.

Элмира Кожоева, Талас облусу, Кара-Буура району:«БАЛАМДЫ КОЙДУ КУЧАКТАП УКТАП ЖАТКАН ЖЕРИНЕН ТАПКАНБЫЗ»
– Балам кичинекей кезинде элирме дартына чалдыкты. Дарыгерлерге көрсөтүп жүрүп, анысы аз-аздан калып отуруп, акыры 16 жашында биротоло калды. Оорусу кармаганда сыртка дейре чыгып кетчү. Чалынса суу төгүлүп, ошондо ойгонор деп төшөгүнүн ылдый жагына суусу бар идишти коюп койчубуз. Бир-эки жолу ага чалынып чочуп ойгонду. Кийин идишти айланып чыгып кеткенге көнүп калды. Кийиминен керебетке да байлап көрдүк. Болбойт, чечип чыгып кетет.
Сыртка кеткенин байкабай калсак, ойгонор замат аны издеп калчубуз. Жайкы үйдө жатсак, аны чоң тамдын бөлмөлөрүнүн биринен же огород четинде уктап жаткан жеринен таап келчүбүз. Бир ирет да аны издеп, короодо койлордун бирин кучактап уктап жаткан жеринен тапканбыз.
Невропатологго, психотерапевтке көрсөтүп, айткандарын жасап жүрүп баламды айыктырып алдык. Ооруну калтыруу үчүн балага жылуу мээрим, түшүнүү менен мамиле кылуу керек экен.

ООРУГА АЙДЫН ТИЕШЕСИ ЖОК
Түндө уктап жатып басып кетүү оорусу кыргыздарда элирме деп аталат. Илимий аталышы – сомнамбулизм (латынча «somnus» – «уйку», «ambulo» – «басуу» дегенди билдирет). Эскиче аталышы – лунатизм. Илгери адамдар Ай адамдын психикасына таасир тийгизет, ошондуктан адамдар түндө басып кетет деп ойлошкон. Аталышы латынча «luna» – «ай» дегенден келип чыгып, кийин «lunaticus» – «акылсыз» деген сөзгө өтүп, калыптанып кеткен. Бирок илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, элирме оорусуна Айдын тиешеси жок.
Дүйнөдөгү элдин 2 пайызы элирмеден жабыр тартат.


БАЛДАРДА КӨП КЕЗДЕШЕТ
Элирме балдарда көп кездешип, бирок чоңойгондо (жыныстык жактан жетилгенде) калып кетет. Балдарда бул оору нервдик чыңалууда жаралып, өнөкөткө айланат. Бир нерседен коркуп калганда, катуу чарчаганда, уктоо режими бузулганда, жазалаганда, стресске кабылганда көбүрөөк кармайт. Мындай балдар психикалык жактан соо болуп эсептелишет.
Элирме дарты көбүнчө баарын жүрөгүнө жакын кабыл алып, айтылгандарды жана көргөндөрүн узакка унута албаган, бат чарчап кала турган балдарда кездешет. Кээ бир балдар чоңойгондо деле оорусу калбаса, анда ал талманын белгиси болуп саналат.

ООРУ КАРМАГАНДА...
Элирүү бир нече мүнөттөн бир саатка чейин созулушу мүмкүн жана ойгонгондо эсинде эч нерсе калбайт. Ойгонгондо эмне үчүн башка бөлмөдө, короодо же жууркандын ордуна палас-килемди жамынып жатып калганын түшүнө бербейт.
Элирмеси кармаган адамдын көзү көбүнчө ачык болот. Кыймыл-аракеттерди жасаганы менен, ал кыймыл-аракет максаттуу түрдө болбойт. Кээ бири уктап жаткан жеринен туруп отуруп, бир нерселерди сүйлөп, кайра жатып калат. Айрымдары туруп кийинип, алдындагы тоскоолдуктарды айланып өтүп, бөлмөдө басышат же сыртка чыгып кетишет. Эшик же терезеге барып, аларды ачууга аракет кылышат. Терезеден кулап кеткендери да болот. Суроо берсең жооп берет же ойду-тоону сүйлөп коёт. Оору кармаган кезде коркуу сезими жоголот, андыктан күндүз коркуп жасай албаган нерселерди жасайт. Мисалы, бийикке чыгып кетүүсү же акробаттай секирүүсү ыктымал.
Жакындарыңыздын биринде түндө туруп басып кетүү күтүлсө, анда невропатологго же психотерапевтке көрсөтүү кажет. Анткени элирмелик кээ биринде талманын кабарчысы болушу мүмкүн. Так диагнозду текшерүүдөн өткөргөн соң невропатолог коёт. Эгер талманын белгилери бар экени аныкталса, анда керектүү дары-дармектерди берип дарылатуу зарыл.
Баланын талмасы жок болгон күндө да невропатолог аны каттоого алат. Ар 6 айда текшертип туруу талап кылынат.

ЭМНЕДЕН КЕЛИП ЧЫГАТ?
Адам уктаар замат жай уйку фазасы башталат. Ал 60-90 мүнөткө созулат. Бул аралыкта адам ары-бери которулуп, булчуңдарынын кыймылы (тонусу) сакталат жана түш көрбөйт. Анан жай уйкунун ордуна тез уйку фазасы келет. Мында көз жана мурун булчуңдарынан тышкары денедеги бардык булчуңдар бошойт. Түш көрүү ушул фазада күтүлөт. Ошентип, түн ичинде уйкунун фазалары бири-бирин алмаштырып турушат. Элирме оорусу жай уйку фазасынын биринде кармайт.
Орустун улуу физиологу, «Нобель» сыйлыгынын ээси Иван Павловдун: «Уйку кезинде мээнин чоң жарым шарынын кабыгында жана кабык астындагы бөлүктө (мээ менен кабыктын ортосунда жайгашып, адамдын реакциясына, булчуң тонустарына жооп берүүчү бөлүк) тормоздолуу жүрөт. Ал эми сомнамбулизмде тормоздолуу мээнин чоң жарым шарынын кабыгында гана жүрүп, кабык астындагы бөлүккө таркабайт. Адамдын реакциясы, булчуң тонустары (кыймылы) ошо бойдон калат. Сомнамбулизм ушул уйку-соо абалда, жай уйку фазасында жаралат»,- деп айтканы бар.

ДИАГНОЗ КОЮУ
Врач үчүн оорулуунун ата-энесинин же жакынынын баяндамасы чоң ролго ээ. Врач оорулуунун урук-тукумунда элирме же талма оорусу болгон-болбогонун, башынан жаракат алган-албаганын, оору эмнеден улам козголорун жана башкаларды сурап билет. Оорулуунун башын электроэнцефалографияга тарттырып, окулисттен көздүн чарасын текшерүүдөн өткөрөт.

ВРАЧТЫН КЕҢЕШИ
Эгер балада талма жок болсо, анда аны элирүүгө каршы дарылоонун кереги жок. Сезимтал балдарга уктаар алдында нервди тынчтандыруучу чөп дарыларды ичирсе болот.
Ойготпоо зарыл. Түндө басып жүргөнүн көргөндө чочуп, кыйкырып, аны жулкулдатып ойготпой, жөн гана жетелеп барып ордуна жаткызып коюу зарыл. Ойготуп жибергенде адам коркуп кетет.
Басып кетүүнүн коркунучу эмнеде? Бийик бир нерсеге чыгып алса кулап кетиши же учтуу буюмдар болсо урунуп жараат алуусу мүмкүн. Эшик экен деп ойлоп терезеден кулап кетиши ыктымал. Андыктан бөлмөгө кыры чыккан же учтуу буюмдарды койбоо кажет жана эшикти бекитип коюу керек. Терезеден кулап кетпөө үчүн темир тор каптатса болот.
Балага мээрим төгүп, жакшы уктоо үчүн шарт түзүү керек. Жогоруда айтылгандай, оору нервдик чыңалууда кармагандыктан, баланы оорудан кутултуу үчүн мээрим менен мамиле жасоо керек. Психотерапевтке алып барып, (балдар ата-энесине айтпагандарын психотерапевттерге айтышат) ички көйгөйүн, сырын билүү кажет. Көйгөйлөрү болсо чечип берүү зарыл.
Коңшу бөлмөдөгү же көчөдөн тийген жарык, сырттан же ичтен угулган ызы-чуу баланын нервин дүүлүктүрүп, уйкусун тынч кылбайт. Андыктан жарык тийбегидей, ызы-чуу угулбагыдай кылуу кажет. Баланы компьютер жана телевизордун маңдайында 30 мүнөттөн ашык отургузбай, коркунучтуу тасмаларды көрсөтпөй, күндөлүк режимди сактатуу керек.
Таза абада сейилдетүү, ашыкча тамак жегизбөө, уктаар алдында жылуу ваннага түшүрүү да элирмени карматпай, тынч уктоого мүмкүнчүлүк берет.

ЭЛИРМЕСИ ЖОКТОР ДА БУЛ ООРУГА КАБЫЛЫШЫ МҮМКҮН
Ашыкча иштеп же ойлонуп чарчаганда, катуу стресске, ур-соккуга кабылганда, баш сөөктүн жабыркоосунда, организм ууланганда (аракка же уулуу затка, ичтеги мите курттардын уусуна ууланганда ж.б.) да элирмелик келип чыгат. Сынак маалында окуучулар, кээ бир студенттер тапшыра аламбы деп катуу санааркашып, сомнамбулизмге туш келүүлөрү мүмкүн. Булар өтүп кетүүчү убактылуу көрүнүш. Кайра кайталанбаш үчүн стресстерден арылуунун жолун билип, катуу чарчабоосу, ичтеги мителерден арылуу үчүн текшерилип, дарылануусу кажет.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

 Кыстарылган видео 
Лунатиктер эмне үчүн түндө басып кетишет?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
aida92
2013-07-22 21:19:06
аа уктап жатып суйлогондорчу даже кээде обон созуп зонкулдап ырдагандарычы булар жонундо кимде маалымат бар
0
Virtual
2013-07-22 21:35:15
даа вообше мне страшно сегодня я один не буду спать!!!
0
Boru87
2013-07-23 02:43:55
Jaman ooru eken!
Baldardy abailash kerek ekenda korkutpai.
0
Ura1972
2013-07-23 03:06:19
кылаарга иши жоктор да
0
vangolu
2013-07-23 03:40:31
менин тайкем да туну уктап атып эшикке чыгып кетет.сарайга кирип малга чоп салып суугарып коет да озу чоптун устуно жатып алат.эртен менен кун чыкканда ойгонот
0
blak.star.kg
2013-07-23 09:33:53
Мындай оору менен эч ким оорубай эле койсун. Кудай сактасын'
0
assss
2013-07-23 22:06:31
мындай оору менен эч ким оорубасын
0
Savai80
2013-07-23 23:46:16
Мен бир жолу эки лунатик уктап жатып бири-бири менен суйлошо кеткенин коруп оозум ачылган. Сейрек кездешет, мен бир эле жолу ошондо кордум, кийин корбодум андайды
+1
Rostov-on-Don
2013-09-08 15:04:33
Savai80, видеого тартып албапсында
0
roy
2013-07-24 14:53:17
Бул ооруу менен менда ооругам жащ кезде Эжем эшиктин оозуна тряпканы нымдап суу кылып салып койчу эшике чыгып жоногондо ошондон ойгончумун суу тряпканы басын ((((((((((((((((((
0
roy
2013-07-24 15:00:34
Бул оору копко чейин кайталана береби э? Мен Универди бутуп жатканда экзаменге даярданып жатып мен уктап калыпмын бир убакта Пржевальский деп суйлоп кириптирмин анан балдар ал ким болгон десе менин чон атамда деп койуптурмун дагы коп суйлошуптурмун балдар м-н алар айтса ишенбейм эстей албай Азырга чейин кулуп журушот ((((((
0
Sa9g_90
2015-04-06 01:55:39
roy, мен да ооругам ((((
Аябай коп эле андай учурлар болгон ...
Бирок АЛЛАга шугур азыр андай болбой калдым .
0
E.COM
2013-07-24 16:53:39
Мен айылда жургонумдо эшикте жатчу элук кроваттан туруп бошонуп кайра барып селкинчеке барып жатып алыпмын
0
Karagulov90
2013-07-25 09:05:30
мен кичине кезимде кошунамдын уйуно буйум сурап барып ити уруп жибергенде ойгонуп кетип озумо озум тушунбой коркконумдан ыйлап жибергем уйго келсем мени издеп журушуптур ))
+1
Clara_Zh
2013-07-25 10:34:22
Karagulov90, боорду эздин го, тундо буюм сурап барганынды элестетип алып, коздон жаш чыккыча кулдум
0
marin
2013-07-25 21:12:02
Kuday saktasyn...
0
Natsuz_kg
2013-07-28 10:55:32
Мындай адам коро элекмин кудай сактасын
+1
Shekerbek
2013-12-12 11:46:26
менин да кичинемде фантазиям куч эле,отура калып эле ырдай берет экен элем!
0
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан