МАМЫРЫ – ТОО ГҮЛДӨРҮНҮН ХАНЫШАСЫ

«Мамырыны тапкан адам жаман нерселерден арылып, күчтүү болуп калат. Ийгилик аны дайыма коштоп жүрөт. Эгер жигит гүлдү ашыгына берсе, кыздын ага болгон сүйүүсү артып, өмүр бою бири-бирин сыйлап өтөт". Мына ушундай айтымдар кыргыздарда гана эмес, башка элдерде да жашайт. Мамыры дагы кандай сырларды ичине катып келет болду экен? Чогуу билели.

ИЛИМИЙ АТАЛЫШЫ –АРСТАНДЫН ТАМАНЫ
Мамыры (эдельвейс) – астра гүл түркүмүнө кирген өсүмдүк. Европанын жана Азиянын бийик тоолорунда өсөт. Илимий аталышы – "leontopodium", гректердин "leon" – "арстан" жана "podion" – "таман" деген сөзүнөн чыккан. Анткени өсүмдүктүн гүлү арстандын таманына окшоп кетет. Дүйнөдө 40 түрү кездешет. Кээ бир түрлөрү бир жылдык болсо, кээ бири көп жылдык. Боюнун бийиктиги 12-25 сантиметрге жетет. Ичке жалбырактарынын алды түктүү, бул жалбырактагы нымдын ашыкча бууланып кетүүсүнүн алдын алат. Жалбырактарынын үстү күмүш түстө. Гүл сыртынан ак баркыт жылдызга окшошуп, абдан кооз. Июнь-августта гүлдөйт. Үйдө өстүрүлүүчү түрлөрү да кездешет.
Кыргызстанда бийик тоолордо (1800-3000 метр), тагыраак айтканда, Борбордук Теңир-Тоодо жана Ысык-Көлдө өсөт, 4 түрү кездешет.

ИЛГЕРТЕН ДАРЫ КАТАРЫ КОЛДОНУЛАТ
Элдик медицинада мамыры дары катары илгертен колдонулат. Мисалы, стресске, сезгенүүгө каршы табылгыс каражат. Сергитүүчү, денедеги ууларды чыгаруучу, иммунитетти бекемдөөчү, карылыктын алдын алуучу касиеттери бар. Тибеттиктер гүлдү миңдеген жылдардан бери дем алуу жана тамак сиңирүүчү органдардын ооруларында, кызыл жүгүрүктө колдонуп келишет.

ГҮЛ ТУУРАЛУУ УЛАМЫШ
Илгери бир падышалыкта падышанын сулуулугу көз талдырган кызы болуптур. Турмушка аттануу мезгили жетип, жуучулар ат тезегин кургатпай келе башташат. Бирок сулуу бирине да макулдугун бербейт. Бир күнү отуруп «мага кимде-ким ажайып мамырыны алып келсе, мен ошого турмушка чыгам» деп шарт коёт.
Кыз шартты аткаруу оор экенин билчү. Анткени мамыры адам буту оңой менен жете бербеген эң бийик тоолордо өсчү. Кызды алам дегендер тоону көздөй чубап жөнөшөт. Бирок тоого жеткен менен, чыга албагандары, чыккан менен, бийикке көтөрүлө албаганы, тоодон учуп өлгөндөрү болуп отуруп, акыры бир жигит гүлгө жетет. Гүлдү үзүп, татаал жолду басып кызга келет. Гүлдү көргөн кыз кубанып "сен ушундай эр жүрөк экенсиң, менин күйөөм болгун" дейт. Жигит кызды карап, анын картайып калганын көрөт. Супсуну сууган жигит үйлөнүүдөн баш тартып, хан сарайдын чыгып кетет. Анткени жигит гүлгө барып келгиче көп жыл өтүп кеткен болот. Кыз болсо жигитке берилген бойдон, турмушка чыкпаган бойдон кала берет.
Ошондон бери мамырыга жеткен адам оңой менен коркпогон, чынчыл, түз сүйлөгөн адам катары бааланып калыптыр. Гүлдү белекке алган кыз аны берген адамды барктап, өмүр бою ага берилип жашайт деген уламыш бар.

КЫЗЫКТУУ

  • Француздар мамырыны "Альпы тоосунун жылдызы", итальяндар "аскалардын күмүш гүлү" деп аташат.
  • Окумуштуулар мамыры ультрафиолетти жутуп ала турганын аныкташкан. Башкача айтканда, күн канчалык куйкалып ысыбасын, гүл ысыкка күйбөйт.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
abaychik
2013-07-22 17:46:47
Аябай кооз гул экен, мен кызыл элестетип журупмун,Байма Сутенованын Мамыры гулдогон жерде деген чыгармасын суйуп суйуп окугам.
0
Nasyrkg
2013-07-22 23:11:34
Ой биз бул гулду кумтордун тегерегинен баштыктап терип келип дарычылыка ичип калабыз,анчалык деле кыйын жигит болуп кеткен жокмун.
+1
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан