АКШнын Дорсет шаарынын 4 жашар тургуну Роберт Тафтст быйыл августта өтүүчү шайлоодо мэрликке өзүнүн талапкерлигин коёт. Айта кетсек, Роберт былтыр аталган шаардын мэрлигине дайындалып, мыкты жагын көрсөтө алган. Мисалы, балмуздакты агызбай жеп, эл менен сыпайы учурашып, суроолорго алынын жетишинче жооп берген.
Дорсет шаары расмий түрдө өзүн-өзү башкаруу бийлигине ээ эмес. Бирок жылда өтүүчү «Дорсет даамы" фестивалы учурунда жашоочулар өздөрү каалаган адамды мэр кылып шайлап алышат.
Салтанат Мукасова
koom@super.kg