«КӨЛМӨНҮ 2 ЖЫЛДАН АШЫК ТАЗАЛАП, ИШКЕ КИРГИЗДИМ»

Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылынын тургуну Айчүрөк Жумакулова ичи балырга, тегереги таштандыга толгон көлмөнү тазалап, ишке киргизүүгө жетишкен. Бул үчүн учурда жаш балдардын гана эмес, чоңдордун да ыраазычылыгына ээ болууда.

– Бул көлмөнү канча убакыт тазаладыңыз?
– Союз тараган учурдан тарта эле тегерегин таштанды, ичин балыр басып, каралбай калган көлмөнү 2-3 жыл тазаладым. Жалпы аянты 2 гектар, тереңдиги 2 метрден ашат. Тазалаган соң минтип чоң-кичинелердин сууга түшүүчү жайына айланттым. Көлмө жок айылдагы жаш балдар айылды аралап өткөн каналга сууга түшүшчү. Ушундан улам 1 жылда 5 адам сууга агып каза тапкан учурлар болгон. Ошолорду ойлоп отуруп, кир көлмөнү тазалоо идеясы жаралган. Алгач бул идеяны эч ким колдобой койгон. Бирок азыр, Кудайга шүгүр, 49 жылга колдонууга уруксат алгам.
Аба ырайы салкындай баштаганда гана адам азыраак болуп калбаса, күн ысыкта киши батпай калат. Аны көрүп өзүбүзчө кубанып коёбуз. Көлмөнүн тегереги саябан болсун деп атайын 100дөн ашуун өрүк тиктим, терек отургузулду. Мындан тышкары балык чарбасын түзүү максатында чакан жерди даярдатып жатам.

– Бул көлдү тазалоого канча каражат сарпталды?
– Иштегендердин акысын, тамак-ашын эске албаганда,
1 миллион 200 миң сомду чапчыды. Банктан насыя акча алып, кайра аны төлөй берем. Башында жасап жаткан ишимди көрүп кээ бирлери «деги шордуу кемпир экенсиз, башыңызга жүк кылып эмне кыласыз?» дешкен. Бирок менин баштаган ишти аягына чыгарбасам чыдабай турган адатым бар. Андыктан өзүмө «баштадымбы, эми аягына чыгарышым керек!» дедим.
Тегереги таштандылардан арылган соң чакан пляж болсун деп 16 машина кум төгүлдү. Дагы төктүргөнү жатам. Тегерегине таштанды салуучу жашик коюш керек болду. Ойлоп отуруп, кадимки эле кир жуугуч машинанын эскирип, колдонуудан чыгып калгандарын сырдап, сыртына «таштанды» деп жазып, ар жерге койдурдум. Ушинтип акча менен бүтө турганын акча менен, өзүбүздүн колубуздан келгенин өзүбүз бүтүрүп, кемчиликтерин дале бүтүрүп жатабыз.

Эс алуучулардын бири АЙЖАН ШАРШЕНОВАны кепке тарттык.
– Бул жердин ачылганына баарыбыз кубанып жатабыз. Анткени каалаган учурда келип бекер эс алып кетесиң. Суусу таза, чакан болгондуктан, жылуу. Кичинекей балдарыбызды да чочулабай жиберебиз. Анткени анча терең эмес, анын үстүнө эже өзү болот. Эми көлөкөлөп отурганга атайын чатырчаларды алып келип жана электр тарттырып келип муздаткыч иштетип койсо сонун болот. Ысыганда муздак суусундуктарды ичип, балмуздак жеп оңуп калмакпыз.
Айчүрөк эжеге бул өтүнүчтү айтканыбызда «тигилип турган боз үй ошол үчүн алынып келинген. Жакында электр жарыгын киргизип алсак, анан муздаткыч койдуруп, ичин суусундук менен балмуздакка толтуруу оңой эле» деп кошумчалады.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
aigulai
2013-07-22 09:34:17
Азамат эже экен, ишинерге ийгилик
0
abaychik
2013-07-22 17:23:05
Ушундай адамдар коп болсо, деги азамат эже экенсиз!Алла ыраазы болсун сизден!
0
look
2013-07-22 19:36:46
оздору тазалашканга жардам бербейт да бал муздак,чатыр,электр жарыгы дегендерге тан калам.онуп калмакпыз дегенин Айжан эженин.Андай оюнуз б.со озунуз аракет жасап жардам бербейсизби ошол эжеге коп тукурсо кол болот дегендей коптоп жардам бериш керек.
0
Narynbek
2013-07-22 22:51:41
Ишиңизге албан-албан ийгилик!Тилегиңизге жетиңиз!
0
altinim
2013-07-23 08:02:07
Бекерби? Кызыыык
0
Riskul
2013-07-24 01:54:01
Azamatsyz ejeke jaraisyz. Oiunuz aiabai jakshy eken. Emi ishinizge iigilik demekmin, ar daiym talykpai emgekteniz.
Oshon janagyncha akcha oz chontogunuzdon ketkenbi?
0
doni89
2013-07-24 06:21:03
Бекерби же платныйбы озу насыя алып бул ишти баштаган болсо кантип бекер пайдаланганга уруксат берип жатат.
0
kg_07
2013-07-24 07:35:10
Jakwi kiliptir birok bekeri tan kali4tuu ken ozu kredit alip tazslatsa bai eje go anda
0
Jonaruk
2013-07-24 11:44:58
жакшы эжеге ийгилик эми дагы эс алып келгендерине ынгайлуу кылып койсо дагы коп элдер келишет ал мумкун сиздин бизнесинизге айланар
0
nasik198
2013-07-24 19:08:52
Азаматсыз эже элдин сообуна калыпсыз ишинизге ийгилик, озунузго денсоолук.Кыргызстанда элдин баары сиздей эмгекчил болсо качан эле онугуп кетмекпиз.
0
ula777
2013-07-25 01:25:44
1 миллион 200 миң сом кредит алып, колмону тазалатып, пляж кылып, анан бекер сууга тушургону кызык экен.
0
piramida
2013-07-28 15:41:28
ula777, туура айтасың ежеге емне пайда егер бекер болсо.
0
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан