«ЖАКШЫ СААМАЛЫКТЫ ЖАШТАР КОЛДОЙТ ДЕП ИШЕНЕМ»

Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылындагы мектептин 2003-жылкы бүтүрүүчүлөрү быйыл 10 жылдык салтанатты белгилөөдөн баш тартышты. Анын ордуна 10 жылдык тойго жумшалчу каражатты 4 жыл мурун көзү өтүп кеткен айылдын имамы Калыбек Медетбековдун үй-бүлөсүнө там салып беришүүдө.

Уюштуруучулардын бири УРАЛБЕК СОВЕТБЕКОВ:
– Бул иш кийинкилерге үлгү, ошол эле учурда айылдын имамынын үй-бүлөсүнө жардам болсун деп ушундай ишти баштаганбыз. Алгач бул идеяны классташтар арасында бышырып алып, андан соң үйдүн ээсине келип айттык. Үйдүн өлчөмүн туурасын 8 метр, узундугун 10 метр деп тандадык. Пайдубалын түптөө үчүн 5 машина таш, 5 машина кум сарпталды. Албетте, иштин башында мал союп, жамааттын батасын алдык. Пайдубалын өз колубуз менен 5 күндө бүтүрдүк. Дубалы 1 айда толук тургузулуп, аягына чыкты. Үстүн жабууга жыгачтарын даярдап койгонбуз. Кудай буюрса, сентябрь айын ортолоп толук бүтүрүп, ачкычын колдоруна беребиз. Биздин жакшы саамалыкты жаштар колдоп улантат деп ишенем.

Ал эми үй ээси ГҮЛБАРА КУРМАНАЛИЕВА мындай иштин баштоочуларына ыраазычылык билдирип, буларды кошумчалады:
– Биз чындап эле кененирээк үйгө муктаж элек. Мен буларга бекем ден соолук каалайм, бактылуу болушсун!
Саамалыктын демилгечилеринин айтымында, өздөрүнөн кичүүлөр келишип, «биз да ушундай иштерди жасаганды максат кылып жатабыз» деп кубантып жатышыптыр. Чындыгында, мындай ишке ким суктанбай, ким кубанбай койсун да, ким алкыш айтпасын?!

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Gul.08
2013-07-24 03:30:18
Жакшы, колдойм
0
ХАНЗАДА
2013-07-24 11:51:46
Вот азаматтар, ичип-жеп, жыргап куунап акчаны асманга сапыргандан коро ушинтип бир уй-булого болсо да жардам кылганы туура иш жана мактоого арзыйт.
0
nasik198
2013-07-24 20:05:33
Чындыгында бул саамалык мактоого татый турган экен.Бир эле айылдын жаштары эмес бутундой Кыргызстандын жаштарына жайылса жакшы болмок.Ичип акчаны асманга чачкандан не пайда,ал эми аткарылган иш эл оозунда калат эмеспи.
0
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан