«АПШЫР-АТА» ЛАГЕРИ АЧЫЛДЫ

16-июль күнү Кызыл-Кыя шаарында «Апшыр-Ата» лагеринин ачылыш аземи болуп өттү.Бул иш-чарага ата-энелер жана жергиликтүү тургундар катышты.
Лагерь быйыл оңдоп-түзөөдөн өтүп, окуучуларды кабыл алууга даяр. Аталган лагердин оңдоп-түзөөсүнө Кызыл-Кыя мэриясы тарабынан 360 миң сом каражат бөлүнүп берилген. Эс алуу борбору 100 орундуу. Ага социалдык коргоо бөлүмүндө каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана мамлекеттик кызматкерлердин балдары эс алышмакчы.
Балдарды лагерге коопсуз жет­кирүү жагын ШИИБдин милиция кызматкерлери өз жоопкерчиликтерине алышкан. Балдардын бул борбордо эс алуусу 2 бөлүктөн турат.

Бегимай Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
semkg
2013-07-22 10:46:37
jakshu boptur, akchanu emi yaman tabat ekendaaaa
0
doni89
2013-07-24 06:12:49
Ушул жеде да мамлекетик кызматкерлердин балдары бар бара бара ошолордун еле балдары ес алып калатго карапайым калытыкы калып еле.
0
murgab2013
2013-07-24 18:39:32
орто чарбадагы уй булоонун балдары кайда барып эс алат ??????
0
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан