«ЧЕК АРАЧЫЛАРДЫН 60-70 ПАЙЫЗЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮЛӨР ТҮЗҮШҮ АБЗЕЛ»

Баткендеги чек ара маселеси бир гана такталбаган аймактык көйгөйлөр менен эмес, башкаруу, кадрларды дайындоо жана социалдык суроолор менен дагы тыгыз байланышкан. Бул жаатында Баткен облусунун түзүлүшүнө салым кошкон мурдагы губернатор, коомдук ишмер Мамат Айбалаев өз пикири менен бөлүшөт.
– Баткендеги милициянын курамына Баткен облусунда аскердик кызмат өтөгөн азаматтарды киргизүү керек. Чек ара кызматына да жергиликтүүлөрдүн 60-70 пайызын киргизүү абзел. Таласта милициянын 100 пайызын таластыктар түзөт, Нарында 100 пайыз нарындыктар, Көлдө көлдүктөр, ал эми Баткенде туш тараптагы аймактардан келген адамдар. Эгер жергиликтүү азаматтар милицияда, чек арада иштесе, алардын ата-бабаларынан бери тажиктер, өзбектер менен мамиле кылып келе жаткан тарыхый факторлор бар. Мына ошондуктан алар иштегенде коңшу тажиктерден, өзбектерден көп маалыматтарды ала алышат. Анткени аларда байланыш бар. Башка региондон келген азаматтардын андай байланыштары жок. Баткенге коңшулаш жашаган элдин менталитетин жакшы түшүнбөйт. Ушундай жактары көп.
Андан тышкары Баткендеги социалдык абалды оңдош керек. Мамлекеттик кызматкерлердин, мугалимдердин, медиктердин эмгек акысын жогорулатуу керек. Пенсияны көтөрүү абзел.

Бегимай Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан