Бул туурасында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Мамажан Бердишов билдирди. Айтымында, сиреналар кыргыз-тажик чек арасындагы 5 айылга орнотулган.
Ар бир айылдан бирден жооптуу адам атайын даярдыктан өттү. Анын чөнтөк телефонуна атайын программа орнотулган. Эгер кооптуу абал түзүлүп калса, телефондун бир баскычын басканда эле айылдын так ортосуна орнотулган үн катуулаткычтан сирена үнү угулат. Мындай жол менен тургундарга жаратылыш кырсыктары боюнча жана чек арада кооптуу абал түзүлгөндө белги берилет. Бул сирена кыргызстандык ойлоп табуучуларга тиешелүү жана «Акнет» коомдук уюмунун жардамы астында орнотулууда.
«Сирена кыргыз-тажик чек арасындагы Лейлек районунун Кулунду айылына жана Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Капчыгай, Үч-Дөбө айылдарына орнотулду»,- дейт Мамажан мырза.
Бегимай Тажибай кызы
batken@super.kg