Жаш спортчу Дастан Шаршеев менен маектешип отуруп, жеңиш кубанычынан да өз мекенине ыза сактап жүргөндөй сезилди. Эмнеден көңүлү кирдеп калганын мындайча баяндап берди.
– Дастан, маекти спортко кандайча келип калганыңдан баштасак?
– Мен 1990-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулгам. Кичине кезимден эле спортко жакын болуп, мушташ камтылган тасмаларды көрүп, мен дагы спортчулардай чымыр денелүү болсом деп тилек кылчумун. «Кел, мушташабыз» деп бир тууган, досторумдун жанын койчу эмесмин. Алар мени оюнга да кошпой коюшчу, анткени урушуп ойнойлучу деп тажатар элем.
– Уруш учурунда ден соолугуңа залалы көп тийбейби?
– Көп эле болот. Бирок аларды эч кимге айтпай дарыланууга туура келет. Себеби ата-эне өзгөчө боорукер жан эмеспи. Апамдын жүрөгүн ооруткум келбейт. Бокс чөйрөсүндө ден соолук коопсуздугуна эч ким жооп бербейт.
– Эң алгачкы ийгиликке качан жетиштиң?
– Спорттун жан досу болуп жүргөнүмдө бир күнү «Каракол шаарында эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш болот» деп угуп калдым. Эмнеси болсо дагы катышып көрөйүн деп, 2008-жылы эрежесиз эр уруш боюнча Каракол чемпиону болдум. Ошондогу кубанычымды сөз менен жеткире албайм. Өзүмө болгон ишеничим артып, менин деле колумдан бир нерсе келет турбайбы деп ого бетер кубат алгам. Эрежесиз эр уруш менен эки жыл машыгып, 2010-жылдан баштап спорттун кикбокс түрүнө өттүм.
– Кикбокс түрүнө өтүп кетишиңе эмне себеп болду?
– Негизи, спортчу бир гана спорттун түрү менен чектелип калбашы керек. Кичинемден эңсеген спорттун эрежесиз эр уруш түрүн жетиштүү өздөштүрүп алган соң башка нерсени дагы үйрөнүп, билгим келди. 2011-жылы Бишкек шаарында өткөн беттешүүдө спорттун кикбокс түрү менен катышып, жеңишке жетиштим.
– Чет өлкөлөрдө да жеңиш даамын таткан чыгарсың?
– 2011-жылы машыктыруучум Андрей Игошкиндин демилгеси менен Украина шаарындагы күрөшкө катыштым, бирок анда утулуп калдым. Жеңишке жетише албасам да, анча-мынча эл оозуна алынып баштадым. Андан көп өтпөй Кореянын белгилүү бир машыктыруучусу «келишим түзүп, бирге иштейли» деп сунуш кылды. Ага макулдугумду берип, Москва шаарында машыга баштадым. 2012-жылы эки ирет Москва шаарында КМШ өлкөлөрүнүн чемпиону деген наамга ээ болуп, алтын медаль алдым. Ошол эле 2012-жылы Орусиянын Кубогун алып, үчүнчү алтын медаль тагындым. Жеңиш баасы аябай толкундантат, кээде көздөн да жаш агызат. Жакында корей машыктыруучум менен келишимибиздин мөөнөтү бүтүп, Кыргызстанга келдим.
– Башка өлкөнүн атынан мелдешке катышууга кандай карайсың?
– Жакында эле Армения Республикасы «беш жылдык келишим түзөлү, биздин атыбыздан чык» деп сунуш кылышты. Мен ага макул болгон жокмун. Себеби канча акча төлөбөсүн өз мекениңе башкалар тең келе албаса керек. Бирок, мени өкүндүргөнү, ар бир жеңиште Кыргызстандын желегин жамынып, «жерим үчүн» деп жүрсөм, бул жактагылар көңүл дагы буруп коюшпайт. Мелдеш болот дегенде каражаттан кыйналып, ар бир жетекчинин эшигин кагып чыгам. Бирок биздин өлкөдө жаш спортчуларга эч кандай көңүл буруу жок. Ушуга чейин ар бир мелдешке үй-бүлөм, досторумдун жардамы менен катышып келдим.
– Алдыдагы пландарың менен бөлүшө кетсең.
– Келечекте Каракол шаарына спорттук зал ачып, жаш өспүрүмдөрдү ичимдик ичип, чылым чегүүдөн алыс кармап, спортко үндөсөм деген ойдомун. 2014-жылы Италияда Дүйнө чемпиондугу өткөнү жатат, документ маселелери чечилсе, буюрса, ал мелдешке сөзсүз катышам. Эгерде Дүйнө чемпиону болуп калсам, максатыма жеттим деп айта алат элем.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg