Баткен районунун борборунан 125 чакырым алыстагы Алай тоолорунун койнундагы Зардалы айылынын эли 1959-жылы Кара-Бак айылына көчүрүлгөн. 50 жылдан ашык убакыт ичинде Зардалы каралбаган кыштакка айланып калган эле. Азыркы абалы кандай? Канча адам жашап, эмне менен тирилик кылат? Бул жаатта баткендик белгилүү журналист Адилбек мырзанын Зардалынын өзүнөн даярдаган кызыктуу баянын сунуштайбыз.
САКЫ БАБАНЫН ЖЕРИ ЭЭН КАЛГАНДА...
Жолунун катаалдыгынан улам «Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?» деген сөз айтылат. Аска боорлой кеткен Дангинин жолундай коркунучтуу чыйыр жол дүйнөдө аз учурайт. Алгачкы жол куруучулардын бири Мамасалы Муратбеков аксакал: «Дангинин жолу жалаң кол күчү менен көп жылдарда салынып бүттү. Бир күндө 1 метр алга жылган учурлар болгон. Күтүлбөгөн кырсыктар да кездешчү. Акматбек деген жигит арканга асылып түшүп, зоону оюп дары коюп жатканда аркан үзүлүп, учуп кеткен. Ошол аска «Акматбектин аскасы» деп аталып калган. Жол курулардан мурда жетекчилер «жол бүткөндөн кийин райондун борбору менен каттам түзүлүп, турмушуңар оңолот» дешкен. Жок, андай болбоду, өзүбүз курган жол менен өзүбүздү көчүрүп түштү. Айылыбыз ээн кала берди»,- деп эскерет.
Ошентип, 1959-жылдан баштап Зардалыны өнүгүүгө жакын деп Кара-Бак айылына көчүрүүгө чечим кабыл алынган.
Чынында, эң четте жайгашкан Зардалыда тейлөө түйүнү деген болгон эмес. Эски, жепирейген там мектеп аталып, бирин-экин гана балдар окуган. Алгачкы мугалим болуп баргандардын бири раматылык Артык Рахматовдун «бар болгон тамгаңарды үйрөтүп бүттүм, дагы болсо жөнөткүлө» деген сөзү ушул жерде айтылган экен.
Зардалыга эл негизинен 16-кылымда келген дешет. Сакы баба жерден жер тандап, ушул жерге токтоптур. Текенин мүйүзү менен арык казып, түздүккө суу чыгарып, дыйканчылык кылган дешет. Мындан тышкары төрт түлүк мал кармаптыр. Кийин Зардалыда мергенчилик кылып, арчадан тиричилик менен чарбачылыкка керектүү эмерек, шаймандарын жасоо өнөрлөрү өтө өнүгүптүр.
Көчүрүлүүгө дуушар болгон ошол эл – Сакынын уул-кыздарынан тарагандар. Алар ачарчылык мезгилде тоодо өскөн чайыр чөбү менен жан сактап калышкан экен. Чайырды кургатып, тегирменге тартып, унга аралаштырып нан жасашып, өзүн болсо чай ордуна ичишкен. Ушундан улам нойгуттарды «чайырчылар» деп коюшкан.
Эл ат, эшек, төөгө жүктөрүн жүктөп, Дангинин кыйын жолу менен чубап көчтү... Баары калды… Сакы бабанын жери ээн калды… Бирин-экин гана кары-картаңдар көчпөй калышты. Жапыз-жапыз үйлөрдөн иймениңки сулуу-сулуу кыздар чыкпай калышты.
«НОЙГУТТУН КЫЗЫН ИЗДЕП...»
80-жылдары Мурза Гапаров Зардалыга келип, «Нойгуттун кызын издеп...» деген повестин жазды. Арадан көп өтпөй аталган чыгармасы боюнча сценарий жазып, «Ата конуш» көркөм тасмасы тартылды. Фильмдин башкы идеясы ташталган конуштун тагдыры жөнүндө эле. Башкы каарман жаш жигит Сакы нойгуттун кызына үйлөнүү үчүн өзүнө жар издеп Зардалыга келет. Кыз жок… Эл көчүп кеткен… Чоң энеси, бешик жасаган карыя сыяктуулар гана болбосо, башка эч ким жок. Саркар аксакалдын бир төөсү менен жылкысы ээн айылдын эркеси болуп куушуп, тиштешип ойноп калышат. Чоң эне бош калган үйлөрдү аластап, ысырыктап жүрөт. Карыя жасаган бешиктерин ошол үйлөргө бирден коюп кетет, эртеби-кечпи, бул үйлөрдө кайрадан наристе үнү жаңырып, кайрадан тиричилик башталат деген үмүт менен…
АЙЫЛДА 39 ҮЙ-БҮЛӨ ЖАШАЙТ
Айыл биротоло жоголуп кетүү коркунучунда калганда эгемендүүлүк орноп, жергиликтүүлөр ата конушка келе баштаган. Бирок 1999-жылдагы Баткен коогалаңы дал ушул Зардалыдан башталганда эми эле байыр алган эл кайра кетүүгө мажбур болгон. Кийинчерээк эл аз-аздан Зардалыга келе баштап, байыр алууга өттү. Эски айылда жаңыча жашоо башташты. Жокко чөкпөй, барга канаат кылган зардалылыктар ата конушту кайрадан калыбына келтирүүгө жан үрөп жатышат.
Союздун учурунда башталган автоунаа жолун сезондуу болсо да (күз-кыш жабылат) пайдаланышат. Калган учурда ат, эшек же тоо боорундагы жол кызмат кылат.
Зардалылыктар менен жеринде жүзмө-жүз жолукканымда алар азыр 39 үй-бүлө туруктуу жашап жатканын айтышып, 2009-жылы курулган башталгыч мектептин жаңы имаратын көрсөтүштү.
Айылда электр чубалгылары жок, чырак менен күн көрөт. Чоң тамдар менен кошо бир кезде таштан салынган үй, короо-сарайлар да жолугат. Айрымдар жаңы там салгыча ошол таш үйлөрдө жашап турууга аргасыз. Телефон байланышы эми келет деп пландалууда. Бирок айыл тургуну Муса аке күн батареясын орнотсо, Ураим аксакал сууга кичи ГЭС куруп алыптыр. Балдар ал үйгө чогулуп, ДВД аркылуу кинолорду көрүп кубанып жатышат. Жолунун катаалдыгына карабастан, курулуш материалдарын эптеп алып келишкен адамдар заманбап имараттарды салышууда.
Сайдымар карыя радиодон дүйнөлүк жаңылыктарды угуудан тажабайт экен. «Кыргызстандын каналдарынын толкундары жетпейт. Өзбекстандыкы кудуктун ичинен да тартат» дейт ал. Ал эми ардагер мугалим Иса Жалилов Зардалы аймагында туризмди өнүктүрсөмбү деп долбоор даярдап жүрөт. Белгилүү уста жигит Турсунбай Шамиев чакан ГЭС куруп, курулуш материалдарын даярдоочу цех ачуунун үстүндө иштеп жатканын айтты. Демек, өнүгүүдөн алыс калган айылда алга карай жаңыча умтулуу жышааны бар.
ЖЕРДИ АТ, ЭШЕК, ӨГҮЗ МЕНЕН АЙДАШАТ
Бул жерде айыл чарба техникалары жок болсо да, карапайым эл 90 гектар суулуу аянтты ат, эшек, өгүз менен айдап, эгин өстүрөт. Негизинен буудай, картошка, күн карама, жүгөрү эгишет. Химикат колдонулбай алынган түшүмдүн сапаты да жакшы. «Картошкабыз азыр шаарда сатылып жаткан жумурткалардан даамдуу. Наныбыздан тээ ата-бабаларыбыздын учурундагы даам сезилип турат» дейт Ороз аксакал.
Зардалыдагы кадимки суу тегирмендин барасы тынбай айланып, элге ун чыгарат. Тегирмен ташынын күлдүрөгөнү да токтобой угулуп турганы турган. Негизги киреше тармагы мал чарбачылыгы болгондуктан, сүт жана сүт азыктарын даярдоо өнүккөн. Айылдын аймагында 3000 гектар жайыт бар. Жайлоого чыккандар карын-карын майларын, мүшөк-мүшөк куруттарын кышкыга камдай түшүшөт.
Зардалыда өрүк жакшы түшүм берет, бирок даамы бир аз кычкыл.
КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ
Баткен районунун акиминин орун басары, Баткен окуясынын катышуучусу, Даңк орденинин ээси АКМУРЗА ТАГАЕВ:
– Өзүм Зардалыда туулуп-өскөндүктөн, ал аймакты жакшы билем. Тоолорунун коюну кен байлыктарга толтура. Дарылык касиети бар булактарын, дары чөптөрүн айтпаганда да жер астында көмүр, алтын, тантал-ниобий, алюминий сыяктуу кендердин жүздөгөн жылдарга жете турган запастары эчак изилденип, тастыкталган.
Зардалы кенине кызыккан инвесторлор көп. Эртеби-кечпи, кендерди ачуу иши башталат. Ошондо бул аймакка эл толуп, жүздөгөн жумуш орундары пайда болуп цивилизациялуу Зардалыга айланат,- дейт.
МАНАСТЫН КҮМБӨЗҮ МЕНЕН КЫРК ЧИЛТЕН ТАЖИКСТАН ТАРАПКА ӨТҮП КЕТТИ
Союз учурунда Зардалыда эл башында турган Алаберди Күлчөбаев аксакал менен маектешип, видеого тартып, айткандарын жаздырдым. Ал мага: «Мурда Зардалыда атактуу Тагай мерген мени Манастын күмбөзү деген жерге алып барган эле. Күмбөздүн узундугу – 12 метр. Андан көп узабай эле Кырк чилтен деген аянт бар. Ал жерде «Каныкейди мен аламын» деп талашкан чоролор салгылашып, бири-биринин түбүнө жеткен экен. Мурда адамдар ал жерлерден 9-кылымдарга таандык болгон согуштук курал-жарактарды, буюмдарды да табышкан. Азыр Манастын күмбөзү, Кырк чилтен мазары Тажикстан тарапта калды. Аттиң, ушул жерлер Союздун убагында жакшылап изилденбеди да»,- деп арман кылды.
Ал киши мага Зардалынын тарыхынан көп окуяларды, болумуштарды айтып берди. Ошондон бир жума өтпөй 86 жаштагы карыя кайтыш болгонун уктум. Жаткан жери жайлуу болсун. Айткандай, ал киши мага минтип да айтты эле: «Шаарга барсаң кызыккандарга айтып кой, ким эски заманды сагынса, Зардалыга келип кетсин».
Адилбек Батыров,
Баткен району, Кара-Бак айылы