КУЛАГЫҢЫЗ ЖУЛУНУП, ЖОК КАЛДЫБЫ? КАПА БОЛБОҢУЗ, ӨСТҮРҮҮГӨ БОЛОТ!

Адам тубаса кулагы жок төрөлдү же кийин эшек-аттын, иттин тиштегенинен улам кулаксыз калды дейли. Мындай учурда адамдын кайра жаңы кулактуу болуусу 10 жыл мурун жомок эле. Азыр дарыгерлер жаңы кулакты өстүрүп беришет. Кантип дейсизби? Бул боюнча Бишкектеги Эне жана балдарды коргоо улуттук борборунун тубаса дене кемтиги менен төрөлгөн балдардын хирургия бөлүмүнүн жетекчиси Бактыбек Омурзаков баяндайт.

– Операция жасап, кулактарды калыбына келтирип жатканыңыздар кыргызстандыктар үчүн кубанычтуу көрүнүш. Айтсаңыз, бала тубаса бир кулагы жок туулду дейли. Аны кантип кулактуу кылууга болот?
– Алгач баланын берки бүтүн кулагынын формасын чийип алабыз. Анткени жаңы кулактын формасы да ошондой болушу керек да. Анан кулактын өлчөмү өлчөнөт. Кулакты өстүрүү үчүн адамдын өзүнүн материалы керек. Тактап айтканда, кулактын калканын өстүрүү үчүн кемирчек зарыл. Ал үчүн кабырганын кемирчегин, кулактын териси үчүн баш теринин алдындагы жука чел кабыкты алабыз. Операциянын 1-этабында кемирчектен кулактын каркасы жасалат. Ушул жерден хирургга скульптордун чеберчилиги керектелет.
Анткени кемирчектен кулактын формасы дал өзүндөй, бир жери сыртка чыгарылып, бир жери оюлуп, чуңкурайтылып жасалат. Керектүү формага келтириш үчүн кээ бир жерлери хирургиялык жип менен жамалат. Даяр каркас адамдын кулагынын ордуна, тери алдына жайгаштырылат. 5-6 айдын ичинде ал кулак каркасы денеге жабышып, тери менен жабылып калат. Жамалган жерлер бири-бирине жабышып өсүп, бүтүн кулактын формасын берет. Анан операциянын 2-этабы жүрөт. Тилик жүргүзүп, кулакты ачабыз. Кулакты терилүү кылыш үчүн сыртына баш теринин алдынан алынган жука чел кабыкты каптап, анан кулакты ордуна жакшылап жайгашкандай кылабыз.

– Операция кайсы жаш куракта жүргүзүлөт?
– Жаш балдарга 6-7 жашында жүргүзсө жакшы. Анткени ушул куракта баланын өсүшү жайлайт. Анын үстүнө мектепке барганда балдар да шылдыңдабай калат, кулагы жок деп.
Жашы өтүп калганда деле келип кулактуу болуп кеткендер бар. Мисалы, Бишкекте мугалим болуп иштеген 25 жаштагы кыз өткөн жылы келип, бир кулагын жасатып кетти. Ага чейин кулагынын жогун билгизбей чачы менен жаап жүрүптүр.

– Канча убакытка созулат?
– Операциянын 2 этабы тең жалпы наркоз менен жүргүзүлүп, ар бири 3-3,5 саатка созулат. Мурун 6 саат кетчү. 1-этаптагы операциядан кийин ооруканада 10 күн жатып, үйүнө чыгарылып, убак-убагы менен келип көрүнүп турат. 2-этаптагы операциядан кийин да 10 күн жатып, үйүнө кетет. Бирок 1 ай таңууну албайт. Анан жиби алынып, үйүнө жиберилет. Дагы 1 ай хирургдун көзөмөлүндө болот. Кулагы өз кулагындай болуп, айырмасы билинбеген боюнча калат.

– Бир жылда Кыргызстанда орточо эсеп менен канча бала 2 кулагы же бир кулагы жок төрөлөт. Кабарыңыз барбы?
– 15 чакты төрөлөт.

– Мал тиштеп алгандардын, кырсыктан кулагы жулунуп кеткендердин кулагын кантип өстүрөсүздөр?
– Мында деле алгач кулак канчалык өлчөмдө, кайсы жеринен жулунганын тактап, өлчөйбүз. Анан экинчи бүтүн кулагынын формасын чиебиз, себеби жулунган кулактын формасы да ошондой болушу керек. Анан калганы жогоруда айтылгандай схема менен кетет. 1-этапта кабыргасынан алынган кемирчектен кулактын жулунган жеринин формасындай кылып каркас жасайбыз. Аны кулактын жулунган бөлүгүнө жамап, жамаачы кулакты кулактын ордуна, тери алдына жайгаштырабыз. 6 айдан кийин операциянын 2-этабында тилик жүргүзүп, кулакты ачып, ордуна биротоло жакшылап жайгаштырабыз.

– Мындай операция жаш куракка карабаса керек?
– Ооба, карабайт. Кичине балабы, улуу кишиби, жасала берет. 2011-жылы Нарында 2 кыргыз бала мушташа кетип, бири экинчисинин бир кулагын жулуп алыптыр. Ошондон 2-3 айдан кийин бизди таап келип, операция жасатып кетти. Мулуйган кулагын өстүрүп берип, сообуна калдык. Былтыр бир жаш кыз жол кырсыгында бир кулагынан айрылып калыптыр. Аны да кулактуу кылып сүйүнттүк.

– Чоң кулагын кичирейтүү үчүн да көп келишеби?
– Кулагын кичирейткиси келгендер көп эле кайрылышат. Айрым кыздар, балдар турмуш курар алдында келишет. Жаш балдардын көбүн мектепке кирер алдында алып келишет. Саны 1 жылда 30-35тей болот.

– Адис катары айтсаңыз, канча жылдан бери операция жасап келесиз?
– Кулакты реконструкциялоо жаатында 15 жылдан бери операцияларды жасап келем, саны 170тен ашты. Мунун ичинде 15и чет мамлекеттик жарандарга жасалган. Алардын өздөрүнүн жана аларды караган хирургдарынын өтүнүчү менен ошол шаарга барып, операция жасагам. Алардын ичинде Латвиянын Ригасындагы 3 жаш бала да бар.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
kg_07
2013-07-29 10:28:26
Oo kudai kulagibiz dayima degi le mu4obuz dayima tugol bolsun
0
oruktu_city
2013-07-29 11:53:31
Даа ....Чын еле бираз болсода билинбей калат ....менинда кулагымды кичинекей кезде ит тиштеп алган азыр бираз болсо да байкалбайт ...толугу м.н оспойт бирок белгилуу бир олчомдо гана осуп токтоду андан бери он Жыл отту азыр мен 21демин 10 Жыл мурда еле болгон мындай операциялар ....так что кыргыз даарыгерлерине Бул жанылык емес ....дагыда кооптогон ийгилик сиздерге даарыгерлер
0
Beka_89_kg
2013-07-30 15:19:19
Иий журогум ооруйт канды коргондо
0
fanatka19
2013-07-31 16:59:24
урматту Суперчилер.жаак салса болот бекен?жана канча каражат кетет билип бере аласыздарбы?
0
Shekerbek
2013-08-02 09:55:01
чындыгында биздин хирургдар кыйын ошол учун индия, пакистан, иран ж.б. мамлекеттерден келип окуп жатышпайбы!
0
bemaKG90
2013-08-03 00:44:19
Bizde mooda bolup ketti ele go manty kulaktar emi baary kulak jazatyshat turbaiby
0
Akmatov1990
2014-02-12 15:53:20
жакшы ишинизге ийгилик
0
nurgazy.kgz
2015-01-30 23:28:20
Саламатсыздарбы Супер инфо мага ушул кишинин телефон номерин бере аласыздарбы сураныч!
0
№ 560, 26-июль-1-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан