КАЙСЫ АЗЫКТЫ КӨП ЖЕСЕ, КАНДАЙ ООРУ ЖАРАЛАТ?

Адам үзгүлтүксүз тамактанып, өмүрүнө өмүр улайт. Бирок биз ашыкча жана туура эмес тамактануу менен жашообузду тобокелге салабыз. Анткени адамдардын 90 пайызы туура эмес тамактануунун айынан ооруларга кабылып, ошонун айынан көз жумат. Андыктан 4 миң жылдан ашык тарыхы бар тибет медицинасына кайрылып, кайсы азыкты үзбөй көп кабыл алуудан кайсы оору жараларын карап көрөлү.

ЧАКМАК КАНТ, КУМШЕКЕР

  • Организмдеги кальций көп бөлүнүп чыгып кетет. Сөөк морт, бат сынма болот. Булчуңдар алсыз тартат.
  • Ооз көңдөйүнүн, кулкундун, ашказандын, он эки эли ичегинин былжырында сезгенүү жаралат.
  • Семирүү, алысты жакшы көрбөө, тиштин бузулушу, чириши келип чыгат.

ТУЗ

  • Кан басымды көтөрөт.
  • Буту-кол жакшы иштебей калышы мүмкүн.
  • Организмден калий көп чыгып кетип, жүрөк жана булчуңдар алсызданат.
  • Боордун циррозу менен ооругандарды шишик басат.
  • Рак оорусун, астманы күчөтөт.

ТУЗДУУ ТАМАК

  • Кан тамырлар серпилгичтигин жоготот, көздөн жаш агуу күтүлөт жана беттин өңү бузулат.
  • Бронхит, астма оорусу күчөйт. Жөтөлүү жана муунуу айланы кетире баштайт. Ашказандын рагы келип чыгышы ыктымал.
  • Туздалган балыкты көп кабыл алуудан кулак, мурун, тамак оорулары  жаралат.
  • Ачуу тамакты көп колдонуудан тери кургак тартып, түлөй баштайт. Чач  акырындап түшө баштайт. Тырмак морт болуп, кабатталат.
  • Кычкыл тамакты көп ичип-жегенден булчуңдар ооруйт, ооз, эрин жарылат.
  • Мурчту кош бойлуу аял көп колдонсо, бойдон түшүү коркунучу бар. Ар кандай жаралар чыгат.

МАЙЛУУ ТАМАК

  • Зат алмашуу бузулат,  атеросклероз, семирүү жаралат. Семирүүнүн аягы кант диабетине алып келет.
  • Иммунитет төмөндөйт, магний организмден көп бөлүнүп чыгып, онкологиялык оору жаралат.
  • Ашказан, ичеги, өт оорулары пайда болот. Ал эми өтүндө, бөйрөгүндө ташы барлардын оорусу күчөйт.
  • Артрити барлардын муундары ооруп, шишийт.
  • Кан басым көтөрүлөт, геморрой, варикоз оорусу күчөйт.
  • Боорго күч келип, оорунун жаралышын шарттайт.

ЭТ

  • Кызыл этти (малдын эти) көп жегенден кант диабетинин, бөйрөктө таштын, уйку безинин оорусунун (панкреатит) жаралуу коркунучу бар.
  • Этти көп кууруп колдонуудан ичеги-ашказан жана кызыл өңгөч, кулкун оорусу келип чыгат.
  • Этти көп колдонгон адам бат картаят.
  • Майлуу эт – холестериндин булагы. Демек, инсультка кабылуу коркунучу бар.

ЧАЙ

  • Чайда фтор көп болгондуктан, көп ичүүдөн тиштин өңү бузулат. Колдо, бутта, омурткада оорулар жаралат, муундардын формасы өзгөрөт.

ТАТТУУ
(Таттуу шоколад, пряник, шире, пирожное, торт ж.б.)

  • Аялдарда эмчектин рагы жаралат.
  • Клеткалар бат картаят, адамда шалдыроо күтүлөт. Чач түшүп, эрте ак баса баштайт.
  • Кальций организмден көп чыгып, сөөк морт болот.
  • Гастрит жаралат. Гастрити барлардын оорусун күчөтүп, жарага айлантат.
  • Семиртет, мындан тышкары подагра, кант диабети, бөйрөк жана өттө таш пайда болот.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (62)
Shekerbek
2013-08-02 09:49:57
менин "кальцийлерим" кантип келет эми ? чачым да тушуп жатат ):
0
merim
2013-08-02 20:31:45
овощи фруктыны коп жегиле, жана аталадан чайып алып ичкиле, бирок ширинсиз такыр тура албайм
0
Kg_boy3239
2013-08-02 22:35:47
андан коро Аллах деп жургуло арамдан алыстап адалга жакындап
0
belosnejka1
2013-08-03 07:08:37
Эч нерсе жегим келбей калдыыы
0
assss
2013-08-03 22:53:39
Кыргызда соз бар эмесби, кыргызга болоберет, кыргызга микроф жукбайт деген бирок бул нерселер туура дечи биро норма м.н колдонуш к.к. Дагы айта кетчуу нерсе тв дан бир врач айтбадыбы адам кунуно 200 гырам эт жеш к.к деп баш айланат.
+1
maketai
2013-08-04 20:15:31
Et kop jegen kop jawait:-)
0
abc123
2013-09-03 14:26:54
Туура эмес которуп алышкан го орусчадан.(Тамаша).Диета кармагыла.(Тишин барда таш чайна)
0
elinochka
2013-09-18 12:05:56
Тишин жокто аш кайда))))))
0
meka25
2013-11-23 13:16:43
Баарын озунун чеги м.н жесе болот:-)
0
daiyrbek18
2013-12-08 22:15:17
сактанганды кудай сактайт.
0
Taga
2014-01-30 11:00:07
пайдалуу нерсе экен бирок жылкынын майында холестрин жок дегени чындыкпы?
0
Akmatov1990
2014-02-12 15:06:32
жебей эле ачка жургуло дегени го бул. Жегиле ченеми менен деп жазып коюшса болмок.
0
kadyrkulkg
2014-02-18 02:34:26
Жакшы тамак калгыча жаман курсак жарылсын деп коётго кыргызым,беш бармак, эт, манты, куйрук боор, кымыз болгондо мумкун болушунча алып кирем, силергеда айтам жей бергиле Кудай берген омурду жашайбыз баары бир!
0
kalmir08
2014-07-02 23:54:21
Salamatsizdarbi super info men sizderden syranarim jyrok ooru, kant diabeti jonyndo jazip bere alasizdarbi. Aldin ala chong rahmat!
0
admin_portal
2014-07-03 13:02:49
kalmir08, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, "Ден соолук" бөлүмүнөн таба аласыз: http://www.super.kg/article/?theme=14
0
jasminka
2014-08-02 17:34:55
атала, кордо, кара нан, айран, дак суу менен тамактангыла. момо жемиш жашылча. этти да аз аздан колдонуу керек, эконом да болот. сууну коп ичкиле.
0
№ 560, 26-июль-1-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан