2013-жылдын 19-июль күнү болжол менен саат 16:00 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар менен Кара-Жыгач айылынын жолунда Хонда CR-V автоунаасы 1 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Жол кырсыгы болгон жерге келген «Тез жардам» баланы борбордук ооруканалардын бирине алып кеткен. Алган жаракаттан улам наристе ооруканада көз жумду. Сүзүп кеткен айдоочу Жалал-Абад облусунун 43 жаштагы А.Б. аттуу тургуну экени аныкталды. Окуянын кандай болгондугу иликтенүүдө.
Айбала Эргешов
koom@super.kg