22-июль күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Бишкек-Торугарт жолунда келатып рулга ээ боло албай, жолдун каршы тилкесинде келе жаткан Мерседес-Бенц унаасын сүзүп алган. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсыгынан Хонда унаасындагы 63 жаштагы пенсионер жана 12 жаштагы бала каза болгон. Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Айбала Эргешов
koom@super.kg