20-июлда ИИМдин Баңгизатына каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдөгү баңгизатын алып жүргөн Тажикстандын жараны кармалды. Маалым болгондой, Бишкектеги Бөкөнбаев-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде баштыкка салынган 12 килограмм 815 грамм гашиш табылган.
Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, баасы 18-20 миң долларды түзгөн баңгизаты Кыргызстандан Казакстан жана Орусияга жеткирилмек экен. Ал эми кылмышка шектүү тажик улутундагы 20 жаштагы жаран Кыргызстанга 3 жашар баласы менен келген. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, аталган кылмышка тиешелүү башка адамдар изделүүдө.
Айбала Эргешов
koom@super.kg