Редакциябызга кат аркылуу уулунун операциясына каражат чогултуу үчүн Мирбек Медетбек уулу коомчулуктан жардам сурап кайрылган.
1,5 жаштагы Атай Медетбеков тубаса жүрөк оорусу менен ооруйт. Ушул кезге чейин Атайдын жүрөгүнө 3 ирет оор операция жасалган. Үстүбүздөгү жылдын август айында Германиянын Мюнхен шаарында Атайга 4-операция жасалышы керек. Бирок операцияга 4500 евро жетпей жатат, бул суммадагы каражатты табууга ата-энесинин мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ошондуктан алар кичинекей Атайдын тагдырына кайдигер карабаган бардык жарандарыбыздан жардам сурашат.
Атайга жардам берүүнү каалагандар төмөнкү телефондор аркылуу байланыша алышат:
0771 422 537, 0555 440 460
«ФинансКредитБанк» КАБ
Банктык эсеп: 134 00000 34 83 09 70 БИК 134004
Айбала Эргешов
koom@super.kg