«Бала... Жашоого келген ар адамдын артында калтыраар изи бала да. А менин боор этим менен тең болгон баламды бир шаарда туруп жүзүн бир көрө албай жүргөнүм кандай азап...» Жолдо темтеңдей басып бара жаткан жигиттин оюна ушулар келди. Көчөдө ойноп отурган кичине балдарды көрүп, жанына баргысы, куса кылган бала жытын искегиси келет. Кайгысы тула боюн каптап, мас адамдай теңселип бара жатты...
«АЛ МЕНИН БАЛАМ»
Телефон автоматтын кабинасынын ичиндеги арыкчырай жигит эч кимди көзүнө илбей кимгедир кыйкырып жатты.
– Айгүл, мен баламды гана көргүм келет. Башка эч нерсенин кереги жок. Бир гана баламды...
Трубканын аркы учундагы адам телефонду таштап салды көрүнөт. Жигит башка чапкандай ордунда селейип калды да, эшикке карай шалдая басты. Сырт дүйнөнүн бардыгы эсинен чыккандай Медет башы оогон жакка басып бара жатты. Жол жээгинде ойноп жаткан балдар көзүнө урунду. Али бир дагы жолу жүзүн көрө элек өз баласын ойлоп каңырыгы түтөп кетти. «Бул эмне деген жаза? Чын эле көрбөй каламбы? Ал бала менин балам, менин каным экени чын эмеспи?! Же сотко кайрылсам бекен?»
Мындан аз убакыт мурун эле андан бактылуу адам жок болчу. Иштеген кызматы, жанында жаркылдаган жары бар эле. Анан эмне болду?
Бардыгы болбогон нерседен башталды.
КӨЙНӨКТҮН ЧЫРЫ ЖЕ АЗ МАЯНА
Эшиктен кирип келген Медет кабагына кар жаап отурган колуктусун көрүп, жүрөгү «тыз» дей түштү. «Мына, дагы башталды» деди ичинен. Үйлөнгөндөн бери мурунку бири-бирине жанын берүүгө даяр эки жаш муздап бара жаткан эле. Бир үйбүлөнүн эркеси болуп чоңойгон шаардык кыз көп нерсени түшүнө алчу эмес.
– Эмне болду, Айгүл?
– Эч нерсе,- бурк эткен аялы жүзүн буруп кетти.
– Айтчы, сага эмне жетпейт? Эмнеге күлүп бир жолу тосуп албайсың? Же мен сенден көп нерсе талап кылып жатамбы?
Эрке аялынын мүнөзүн билгендиктен, Медет мүмкүн болушунча акырын сүйлөдү. Бирок, ары бурулуп жатып алган Айгүл үн каткан жок. Күч менен бери караткан Медет аялынын жүзү ыйдан шишип калганын байкады.
– Бул эмнең? Ким сени таарынтты?
Айгүл кыйкырып жиберди:
– Сен! Сен мени таарынттың? Сен ошентип жүрө бер... Сен мени да, ичимдеги балаңды да ойлобойсуң! Мен бала менен үйдө отуруп калсам, сен бизди ойлобой жүрө бересиңби? Апам да айтты ошентип...
Бул сөз Медеттин талуу жерине тийди. Колун тартып алды да, супсак сүйлөдү:
– Апаң дагы эмне деди? Медет сага күйөө болуп жарытпайт деген чыгаар...
– Ооба. Билгиң келсе ошентип айтты.
Булкулдаган Айгүл тура калды да, Медетке тикчие тигилди.
– Сен мага үйлөнгөндөн бери бир нерсе белек кылып койдуңбу? Жадагалса жакшыраак көйнөгүм да жок.
– Билесиңби, менде апаң экөөң каалагандай байлык жок болгону менен жүрөгүмдө сен деген ысык сезим бар. Кечирип кой, сен каалагандай күйөө боло албаганымды, апаң каалагандай алтын-күмүшкө орой албаганымды. Бирок, мен сени...
– Балам деп... Эми балам деп айтпай эле кой.
– Эмне-е?
– Ошол. Балада эми акың жок!
Медет эми кармана албай калды. Ачууга алдырып Айгүлдү жаактан ары чаап жиберди. Анан үйдөн чыгып, көчөнү көздөй каңгырап басып кетти. Ал күнү досунукуна барып жатты. Эртеси үйүнө келсе Айгүл кетип калган экен. Буюмдардын бардыгы ар жерде чачылган. Бөлмөнүн ортосунда башын мыкчып отуруп калды.
«СЕН БАЛАМДЫН АТАСЫ ЭМЕССИҢ...»
Ушундан аз күн өткөндөн кийин Медет Айгүлдүн апасыныкына барса, жүз үйрүп үйгө киргизбей коюшту. Канча убакыт өткөндөн кийин Айгүлдүн окуусуна издеп барып, көз жарганын укту. Сыртта турган курбулары Медетти көрүп кубанып кетишти.
– Мына, бактылуу ата!
– Айгүл көз жарганын биз угуп алдык.
– Эркек балалуу болушуңар менен!..
– Той качан бересиңер?..
Медет эмне деп айтаарын билбей мукактана түштү. Башы дүңгүрөп кетти. «Эркек! Эркек дейби? Демек, эркек балалуу болгон экенмин да». Медеттин томсоргон түрүн байкаган кыздардын күлкүлөрү тыйыла түштү. Көзүнөн жаш кылгырган Медет: «Ырахмат, кыздар. Буюрса, той да болот» деп күбүрөп алып алардан алыстаганча шашты.
Ошол эле күнү төрөтканага жетип барды. Бирок, Айгүл чыкпай койду. Күтүп турган Медетке медсестралардын бири алакандай барак берди. Ача салган Медет андагы жазууларды окуп, кумсарып кетти. «Бул сенин балаң эмес. Бизге сенин керегиң жок». Колундагы алакандай баракты кармаган бойдон эмне кылаарын билбей, ошол түнү терезенин түбүндө басып жүрдү. Бирок, канчалык аракет кылса да баласын көрө алган жок.
НАРИСТЕ ЖЫТЫ
Көчө бойлоп кетип бара жаткан. Капысынан алдында кичине бала көтөргөн аялдын бара жатканын көрө калды. Көзүнө баласы менен Айгүл кетип бара жаткандай сезилип кетти.
– Айгүл!
Бир кыйкырып алып артынан чуркап жөнөдү. Жетип барып каруусунан ала берди да, өзүнө карата салып шалдая түштү. Жок, таптакыр башка адам экен.
– Кечиресиз, мен... мен сизди башка экен деп...- күбүрөгөн Медет наристенин жытын сезе койду да, келиндин колундагы наристенин бажырайган көздөрүнөн көзүн албай катып калды. «Менин балам да ушинтип чоңоюп калгандыр.»
Ушул ойдон каңырыгы түтөп, көздөрүнөн жашы салаалап кетти. Бул атанын балага болгон кусасы эле...
Нуржамал Жийдебаева