Чырайынын пайдасын көрүп дүйнөгө таанымал болгон сулуулар көп. Бирок андан жабыркап, өмүр бою жүрөгүндө кара так калгандары да аз эмес.
СУЛУУГА КИСЛОТА ЧАЧЫП ЖИБЕРГЕН
Орусиянын Лазаревское районунан чыккан сулуу Элеонора Кондратюк cулуулугунан жапа чеккендердин бири. «Дагомыс сулуусу» сынагында жеңүүчү аталган күн анын бул жааттагы акыркы сүйүнүчү, жеңиши болорун Элеонора сезген эмес.
1999-жылдын 2-сентябры. 10-класста окуп жаткан Элеонора адатынча таң эрте мектепке жөнөйт. Жолдо баратканда анын артынан бейтааныш киши келип бетине кислотаны жаба чачып, дароо көздөн кайым болот. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй калган кыз нес абалында мектепке чуркап кирип, жардам сурап кыйкыра баштайт. Ошондо ызы-чуу түшкөн мугалимдер менен окуучулар тараптан эмнегедир «эмне болду, сен кимсиң?» деген суроолор жаай баштайт. Анткени мектептин баары суктанган сулуунун жүзү таанылгыс болуп күйүп калган эле.
Элеонора мектепте абдан жакшы окуган, дайыма жүзүнөн жылмаюу кетпеген жароокер кыз болгондуктан, душмандары деле жок болчу. Ата-энеси ажырашып кеткен соң апасы кызын жалгыз бой өстүрүп, бирде бар, бирде жок жашоо кечирип келишкен.
Көп өтпөй кылмышка шектүү катары Рубен Григорян аттуу мырза кармалат. Кылмыш чөйрөсүнүн өкүлү делген ал Элеонорага далай жолу «менин сүйүктүүм бол» деген сунуш киргизген. Бирок кыз анын сунушун четке кагып койгон. Кийин Григорян «мына сага, мындан ары сени мен да, башка мырзалар да карабайт» деген ойдо кылмышка барганы белгилүү болуп, темир торго түшөт.
Учурда Элеонора 32 жашта. Жеке жашоосунда дале тынчтык, жалгыз. Операциядан соң көрүүсү гана бир аз жакшырганы менен, жүзү кейитерлик абалда.
ТИРҮҮНҮН ӨЛҮГҮ ВАЛЕРИЯ
Тирүүнүн өлүгү. Валерия Левитинаны өз энеси дал ушинтип атайт. Анорексия илдетине кабылган 39 жаштагы бул айымдын бою 155 сантиметр, салмагы 25 килограмм. Валерия жашынан фотомоделдикке кызыгып, учурунда бир катар журналдардын жүзү болгон. Мектепте окуп жүргөндө, тескерисинче, толук кыз болчу. Ал тургай толуктугунан классташтарынын шылдыңына кабылчу. Бул тууралуу Валерия «бир жолу дене тарбия сабагында классташ балдар футбол ойноп жатышкан. Кыздар четте карап турганбыз. Бир маалда бир классташым «Валерияны дарбазага тургузсак жеңебиз» деп мени шылдыңдаган. Анын сөзү чучугума жетип, ошол күндөн тарта арыктоонун амалын издей баштагам. Катуу тартипте диетага отургам. Кылган аракетим ушул кейипке салды» дейт. Кызыгы, анын «фанаттары» өтө эле көп. Ал социалдык тармактарда көп отургандыктан, кыздардан «Валерия, арыктоонун сырлары менен бөлүш, мен сени менен сыймыктанам» деген сыяктуу каттар келгени каарманды абдан таң калтырат.
Валериянын көптөн көп эңсегени – ден соолугун калыбына келтирип, бардык аялзатындай сүйүктүү жар, эне болуу.
ВЕНТИЛЯТОР АТКА КОНГОН ХАНГ
Корей ырчысы, модель Ханг Миоку убагында көпчүлүктүн көз кумарын кандырган сулуу, келишимдүү айымдардын катарын толуктачу. Миокунун айтымында, ал дайыма спорт менен машыгып, анан бетине бир канча пластикалык операция жасатып, ботокс сайдырып жүрчү. Дарыгерлер бул анын ден соолугуна эч кандай зыянын тийгизбей турганын айтышкан. Ооба, алгач эч кандай терс көрүнүштөр байкалбаганы менен, жылдар өтүп, Миокунун бетинде шишик пайда боло баштаган. Врачтардын тыюу салганына карабай, өз алдынча бетине ийне сая берүүнү адат кылып алган. Мунун себебин «дүйнөдө менден өткөн сулуу болушун каалачу эмесмин» деп түшүндүргөнү таң калтырбай койбойт. Ошентип, денеси кичинекей, башы шишиктен улам абдан чоң болгондуктан, жергиликтүү калк аны «вентилятор» деп атап алышкан.
48 жаштагы Ханг учурда жалгыз бой. Ал «баштапкы сулуулугумду кайтаргым келет» деп кейип отурган чагы, бирок кантип?..
Асел Асанова
star@super.kg