ЖАРАЛУУ КАРА ЖЫЛАН КОБИ БРАЙАНТ

Баскетбол дүйнөсү менен тааныш киши алгач айтылуу Майкл Жордандын ысымын билет. Тарыхтагы белгилүү баскетболчулар Мэжик Жонсон, Ларри Бёрд, Карим Абдул-Жаббар буга кошулат. Каарманыбыз Коби Брайанттын бул пикирди четке кагып, Жордандан ашып түшкүсү келгенин айтышат. Эмне себептен мындай ойлор айтылат? Коби деги ким? Таанышып алыңыз.

КОБИ БИН БРАЙАНТ
Бою –
198 см, салмагы – 93 кг
Туулган жылы, күнү – 1978-жыл, 23-август
Туулган жери – Филадельфия шаары, АКШ
Лакап аты – Кара жылан
Баскетбол боюнча АКШ курама командасынын жана УБАда (Улуттук баскетбол ассоциациясы) «Лос-Анжелес Лейкерс» баскетбол командасынын оюнчусу
2 жолку Олимпиада чемпиону («Бээжин-2008», «Лондон-2012»), 5 жолку УБАнын чемпиону (2000, 2001, 2002, 2009, 2010)
Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы Учурда АКШда жашайт

ЖОРДАНГА ЖЕТКИСИ КЕЛЕТ
Коби унаанын моторундай эле америкалык команданын бүт жоопкерчилигин моюнга каамыттай тагынган баскетболчу. Упайлардын көбүн Брайант салгандыктан, муну «бул анын жеке рекордго умтулганы» дегендер да бар. Себеби жеке эсепте да, командалык эсепте да ага көрүнгөн жалгыз бута Майкл Жордандын ийгилиги. Кара жылан деген лакап аттуу бул баскетболчу эми УБАны бир ирет утса чемпиондук наамдары боюнча Майкл Жорданга теңелет. УБАда салган упайлардын саны боюнча да Коби Учуучу Жорданга жакын. Жордандын эсебинде 32 миң 92 упай болсо, Уулуу жылан 31 миң 617 упай салып койгон. Коби Брайант 2006-жылы өзү ойногон 8-номерди 24кө алмаштырган. «Өзүм УБАга чейин 24-номерде ойногом. «Лейкерсте» бул номер эми бошоду» деп түшүндүргөн бул кадамын. Муну 23-номерде ойногон Майкл Жордандан ашып түшкүсү келгени менен байланыштыргандар да бар.

АПРЕЛДЕГИ КАРГАША
Брайанттын Жордандан ашып түшүүсүнө кем дегенде 2 сезон керек эле. Тилекке каршы, 2013-жылдын 12-апрелинде каргаша катталган. Коби ойногон «Лейкерс» клубу «Голден Стэйт» менен ойноп жатканда Кобинин бир ашыкча кыймылынан согончогунун тарамышы үзүлүп кеткен. Ийгиликтүү өткөн операциядан соң анын эртеби-кечпи баскетболго кайтарына үмүт пайда болду. Бирок кем дегенде 6 же 9 айдан кийин. «Жаракатка кириптер кылган кыймылым миллион жолу жасаган машыгууларымды, курмандыктарымды куру кетирди. 35 жашымда кайра спортко кайтам» деп кейигени бар. Эске салсак, 35-36 жаштарда жаракат алган спортчулардын көбү спортко кайткан эмес. Майкл Жордан болсо бул жашында карьерасын жыйынтыктап, кийин кайтып келип акыркы чемпиондугун уткан эле. Эмне дейбиз, албетте, Кобини күтөбүз.

ӨЗҮН ФУТБОЛДО СЫНАГЫСЫ КЕЛГЕН
Коби Брайант белгилүү баскетболчу, учурда машыктыруучулук менен алектенген Жо Брайанттын уулу. Жо уулу 6 жашта экенинде Италияга көчүп барган. Кобинин итальян жана испан тилдеринде эркин сүйлөгөнү ушундан. Ал 3 жашынан баскетбол ойной баштаган. Анын сүйүктүү клубдары «Лейкерс» баскетбол клубу менен италиялык «Милан» футболдук клубу. Европада ал өзүн футболдо сынагысы келгенин айткан. Бирок 1991-жылы атасынын карьерасы аяктап, АКШга баса беришкен. Кара терилүү жигиттин баскетболдогу кумири Майкл Жордан болсо, футболдо Франк Райкард менен Роналдиньонун күйөрманы.

МЫКТЫ БЕШТИККЕ КИРЕТ
Каарман мектепти бүткөн жылы УБАда карьерасын «Лейкерс» менен баштаган. Бул клубда анда атактуу Шакил О’Нил ойночу. Шакил менен Кобинин дуэти командага 3 жыл катары менен УБАнын чемпиондугун алып келген (2000, 2001, 2002). Анда экөөнүн тең карьерасы гүлдөп турган убак эле. Эки түп гүлдүн бир челекте гүлдөбөсүнө жетекчиликтин көзү жетип, 2004-жылы Шакилди башка командага саткан. Брайант лидер катары 2009, 2010-жылдары УБАны уткан. 34 жашка толгондо ал салган упайларынын санын 30 миңге жеткирип, «Лейкерстин» тарыхында эң көп упай алган оюнчу болуп калган.

ЭҢ КИРЕШЕЛҮҮ БАСКЕТБОЛЧУ
Белгилүү «Forbes» басылмасынын изилдөөсүнө караганда, УБАда ойногон баскетболчулардан эң көп киреше тапканы Брайант. Өткөн жылы анын жылдык кирешеси 59,8 миллион долларды түзгөн. Анын 27 миллиону командада алган маянасы болсо, калган сумманы ири фирмалардын жарнамасына тартылуудан топтогон. Учурда АКШда жашап, Наталья Даймант жана Жанна Мария-Оноре аттуу кыздарды тарбиялайт. 2001-жылы теги мексикалык болгон 19 жаштагы бийчи Ванессе Лэйнге үйлөнгөн. Анын үйлөнүүсүнө каршы болгон ата-энеси, бир туугандары жана клубдаш достору тоюна келген эмес.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
MaRmeLaDka
2013-07-29 14:09:27
Жаралуу кара жылан... Жакшы тандалыптыр тема.
0
AZIK01
2013-07-30 17:37:17
Жетсин тилегине, бирок кудай колдобосо бари бир тыйын насип да бирок ушунча аракеттен кийин жетиши керек.
0
erali
2013-07-31 12:42:30
Мен баскетболду жакшы кором.
0
№ 560, 26-июль-1-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан