Коктейль – бир нече суюктуктун аралашмасынан жасалган суусундук. Алкоголдук жана алкоголсуз деп эки түргө бөлүнөт. Анда алкоголсуз коктейлдердин айрымдары менен таанышып, табитиңиз тартканын жасап ичиңиз.
Коктейль жасоодо блендер (аралаштыргыч) колдонулат. Бирок колуңузда андай аппарат жок болсо капаланбаңыз. Жанчыгыч, чалгыч, вилка, кашык сыяктуу жөнөкөй аспаптарды колдонуу менен деле жасоого болот. Бирок жакшылап, бөлтөк калтырбай чалууга туура келет.
«Мен кат жаздым...» деп ырдаган Минюра Рахимжановадан коктейль: «МИНЮРА КОКТЕЙЛИ СИЗДЕР ҮЧҮН!»
Курамы:
Кара карагат –1 стакан
Кулпунай – 1 стакан
Айран – 1 стакан
Суу (муздак) – 1 стакан
Кумшекер – 2-3 аш кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Кулпунай менен карагатты блендерге салып аралаштырабыз.
2. Ага айранды жана сууну кошуп дагы бир ирет аралаштырыңыз.
3. Коктейль ичүүгө даяр болду.
Кааласаңыз, газдалган суу кошсоңуз болот. Мүмкүнчүлүк болсо муз салып алыңыз.
«АК ДЕҢИЗ ДЕЛЬФИНИ»
Курамы:
Сүт – 150 миллиграмм
Лимон ширеси – 1 чай кашык
Банан – 1 даана
Даярдоо ыкмасы:
1. Бананды жарымынан кесип алып, уч жак бөлүгүн кабыгынан аарчып алыңыз.
2. Аны майда бөлүктөргө бөлүп аралаштыргычка салып эзип алуу керек.
3. Үстүнө лимон ширесин жана сүттү куюп кайра бир жолу аралаштыруу зарыл.
4. Банандын сабагы бар бөлүгүнөн дельфин жасалат. Ал үчүн сабагын экиге ажыратып кесиңиз. Ага мөмө кыпчып койсоңуз, дельфиндин оозун элестетип калат.
5. Коктейлди кооз стаканга куюп, четине дельфинди салып коюңуз.
Дельфиндин көзүн да жасайм десеңиз, банандын кабыгын тегерек кылып оюп коюңуз.
БАДЫРАҢ МЕНЕН КУЛПУНАЙ
Курамы:
Бадыраң – 1 даана
Райкан – 4-5 жалбырак
Кулпунай – 1 стакан
Газдалган суу – 400 миллиграмм
Лимондун ширеси
Даярдоо ыкмасы:
1. Блендерге бадыраң, кулпунай жана райканды салып аралаштыруу керек.
2. Ага лимондун ширесин сыгып, газдалган сууну кошуңуз да, кашык менен аралаштырыңыз.
3. Даяр болгон аралашма муз кубиктери салынган стаканга куюлуп, үстү кулпунай, райкан менен кооздолот.
Блендер жок болсо алдын ала бадыраңдын ширесин сыгып алып, анан пайдаланууга туура келет.
«ШОКОЛАД ШАПКЕЧЕН КУЛПУНАЙ»
Курамы:
Кулпунай – 500 грамм
Сүт – 100 грамм
Кумшекер – 1-2 чай кашык
Балмуздак (ванилин менен) – 200 грамм
Шоколад – 100 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Блендерге таза жуулган кулпунай менен балмуздакты салып аралаштырабыз.
2. Ага кумшекерди жана сүттү куюп кайра аралаштыруу керек.
3. Эми шоколадды идишке салып жай отто эритип алабыз.
4. Даяр болгон коктейлди стакандын оозуна чейин толтуруп, үстүнө шоколадды жаба куюп коюңуз.
Кооздук үчүн кулпунайды колдонууга болот.
ДАРБЫЗ КОКТЕЙЛИ
Курамы:
Дарбыз – 1 даана
Кайнатылып муздаган суу – 1 литр
Лайм же лимон – 2 даана
Бал – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Дарбыздын ичин кашык менен оюп идишке чыгарып, данектеринен тазалап алыңыз.
3. Аны шире сыккычтан өткөрүү керек. Лаймды (же лимонду) сыгып ширесин аралаштырыңыз.
4. Эми суу менен балды кошуп иче берсеңиз болот.
Эгер шире сыккыч аппарат жок болсо, жанчыгычты пайдаланып эзиңиз да, даки аркылуу сүзүп алыңыз.
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg