«ЫЙЫК ОЧОГУМДУ БУЗГАНЫМДЫН АЗАБЫН ТАРТЫП КЕЛЕМ»

Редакциябызга кимдер гана келбейт?! Бири арманын айтса, экинчиси кубанычын бөлүшүп, үчүнчүсү жөн гана жамаатыбызга жакшы тилек каалап кетет. Ал эми Жамиля аттуу айым жан дүйнөсүнө тынчтык бербеген бугун төгүп алганы келген экен. Окуясын каарманыбыздын өз оозунан угуңуз.

«Сүйүүнүн кайыгы тиричиликке урунуп быркыранды»

– Жолдошум менен сүйлөшүп жүрүп баш кошком. Алгач бири-бирибизди сыйлап, ысык күндөрдү башыбыздан өт­көрдүк. Биринен-бири таттуу эки уулдуу болдук. Ошентип, эл катары жашап жүр­дүк. Кү­йөөм Кубан башында тың жигиттердин бири эле. Бирок кийин үй­бү­лөгө таптакыр көңүл бурбай калды. Эки балам менен жегенге наныбыз жок калган күндөрүбүз да болду. Билбейм, табиятымдан башкачамынбы, айтор, ошентип күн көргөнгө көнө албай койдум. Айла­сын таап, күйөөмдү макул кылып, борборго көчүп келдик. Алгач “Ош” базарынын «Кыял» деген кичи базарында тамеки, майда-чүйдө сатып, соодага кириштим. Кийин өзүмчө «Берекеттин» ичинен орун алып, соодам жакшы жүрө баштады. Акыры бутума туруп кеттим.
Күйөөм ал күндөрү үйдө балдар менен калчу болгон. Мен көбүрөөк акча тапкан сайын анын кыжыры кайнай баштады. Бирок мен токтоп калган жокмун. Акча чогултуп, Арча-Бешик конушунан үй алганга да жетиштим. Албетте, акчаң болгондон кийин бардыгын өзүң билип, чечип калат экенсиң. Көп нерселерди андан акыл сурабай эле өзүм чечип койгонго көндүм. Үй алгандан кийин күйөөм таптакыр эле өзүн таштап койду. Кудайдын куттуу күнү ичип, чыр-чатак чыгара баштады. Бир күнү жай сүйлөп, мени сөзгө тартты.
– Жамиш, минтип жашоо болбой калды. Сени да, балдарды да кыйнап бүттүм. Эми өзүмө келейин. Мен дагы жумуш таап, өзүмдү кожоюн катары сезейин. Канча убакытты уттурдум. Убакыт эмес, өзүмдү жоготуп баратам.
– Оозуңа май, мен эле сени үй күчүк болуп отурсун демек белем. Сен иштесең, экөөлөп үйүбүздүн калганын бүтүрөлү. Балдарды бала бакчага орноштуралы.
Экөөбүз ушунчалык сүйүндүк. Бири-бирибизди жылуу көз караш менен карап, алгач үйлөнгөн күндөрдөй бактылуу болуп жүрдүк. Бирок Кубан жумуш таппады. Буту тешилип жүрүп бир жумуш тапса, эртеси айдап жибериптир. Ошентип, көп жерге барса да, жолу болбоду. Эркек адамдар ушунчалык алсыз экенин ошондо сездим. Канчалык жылуу сүйлөп, жакшы мамиле жасасам да, баш көтөрбөй ичип кетти. Акыры мен дагы “башың баш, багалчагың кара таш” деп кол шилтедим. Ортобузда муздактык, кайдыгерлик орноду. Бул учурда мен машина да алганга жетиштим.

«Кайрадан сүйүү...»

– Кантсе дагы аялмын да. Канчалык эркектер жасай албаган ишти кылсам да, көңүлүмдүн түпкүрүндө эркектин жөлөгүн, жылуу мамилесин күтөм. Ошондой күндөрдүн биринде базарда чогуу иштеген Марат мага көз кырын салып жүргөнүн байкадым. Кээде көтөрө албай жаткан коробкаларымды көтөрүшүп, кээде көңүлүмдү көтөрүп, тамашалап, мурдумдан чымчып өтүп кетчү. Ошол мамилелердин акыры чоң сүйүүгө барып такалды. Маратты билбейм, мен акыл-эсимди жоготуп сүйүп калдым. Ал керек десе жанымды берүүгө, бала-чакамдан кечип кетүүгө да даяр элем. Ошентип, Марат экөөбүз күйөөмдү көзгө илбей эле жолугуша баштадык. Марат менен жолугуп келгенден кийин күйөөмдү көргүм келбейт десең. Эми мен кылдан кыйкым таап, урушуп, жекире бергенге өттүм. Акыры ачык сөзгө келдик.
– Жамиш, мен сени сүйөм. Ортодо эки балабыз бар. Суранарым, очогубузду өчүрбө. Мен сенин кылган кылыктарыңды кечирейин. Тигиниң менен болгон мамилеңди токтот,- деди.
– Жок, мен сени көргүм келбейт, аны болсо сүйөм. Ал жок болгон күндө деле мен сени менен жашай албай калдым,- деп ыйлап жибердим.
Ал мени телмире тиктеп турду.
– Сенин ушунчалыкка жетип калганыңды байкабапмын, мени кечир,- деп буюм-теримин жыйнай баштады. Эки балам моюнуна асылып ыйлап киришти. Билбейм, ушунчалык катуумунбу, балдарымдын ыйлаганына да карабай, улуу баламдын колдорун силкип кыйкырдым.
– Атачылдыгын деле...
– Балдарга тийбе,- деп жашын куюлтуп, бир баштык кийимин алып күйөөм чыгып кетти.

«Жаңы жашоо»

– Ошентип, Маратты үйүмө киргизип алып жашай баштадым. Мараттын бир жакшы жагы, балдарыма өз атасындай мамиле кылчу. Мурунку аялы менен балалуу болбогондуктан, ажырашып кеткен экен. Ошондуктанбы, балдарымды жакшы кабыл алды.
Бир күнү Марат мындай сунуш киргиз­ди:
– Жамиля, мен бул үйдө жашай албайт окшойм. Баары бир сенин үйүңдө мен өзүмдү кожоюн катары сезе албай турам. Бул үйдү сатып, чаканыраак үй, анан машина алалы.
Мен эч нерсе айта алган жокмун. Ак эмгегим менен тапкан үйүмдү сатып жибергим келбесе да, Маратка каяша айтуу мага жат көрүнүш болчу. Эмне деп айтса да макул болчумун. Анткени аны менен урушсам эле кетип калчудай сезилчү. Ошентип, анын сөзү менен үйүмдү сатып жибердим. Ага машина алып берип, үйдүн калган акчасы майда-барат менен жоголуп кетти. Ошондой күндөрдүн биринде Марат капысынан ооруп калды. Көрсө, рак оорусуна чалдыккан экен. Узак убакытка ооруп жүрүп, мындан беш ай мурун каза болду. Жумушумду да таштап, өлөр-өлгөнгө чейин жанында болдум.

«Кечир мени, Кубан!»

– Ушундай болду. Менин абалым учурда ушунчалык оор. Же үйүм жок, же машинам жок, же жумушум жок. Эки балам менен мындан ары кандай күндөрдү башымдан өткөрөм билбейм. Жанымдан да кечип кетким келет, бирок балдарымды аяйм. Эмне дейин, ушул каргашанын баары күйөөм Кубанды үйдөн айдап жибергенимдин азабынан болду деп ойлойм.
Аялдын акчага көпкөнү жаман болот тура. Ошол кезде Кубандын жанында болуп, колтугунан сүйөсөм, мунун баары болмок эмес. Кетип бара жаткандагы ошол көз карашы азыр да көз алдымда. Кийин “Кубан аял алып, балалуу болуптур” деп уктум. Ылайым бактылуу болсун! Болгону, андан кечирим сурагым келет. Кубан, кечир мени! Ошол кезде аялдык бакытымды сезбей, башыңды аттап кетип бакыт таппадым! Балдарыңдын да убалына калдым. Мени кечир...

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Альбина
2009-08-03 11:48:34
Эже жашоодо эмнелер гана болбойт. Сынбаныз жана отконго окунбонуз. Андан коро бел байлап иштениз. Балдарыныздын келечегине кам корунуз.
+1
Касымбеков
2009-08-05 16:58:59
ыраскана болуптур..
0
Jyldyzbek09
2011-10-21 02:19:39
Убагында чын эле туура эмес кылган экенсиз. Айтышат го ж2 турмуш баарибир биринчи турмушка жетпей деп...
0
№ 352, 31-июль-6-август, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан