«ЖУМУШ ТААП БЕРЕМ» ДЕП ЖАШ КЫЗДАРДЫ ЗОРДУКТАП ЖҮРГӨН

«Жаш кыздарга жумуш берилет» деген жарыяны азыр бардык тараптан кездештирүүгө болот. Бирок ошол жарыяланган жарнамалардын бардыгы чындыкка төп келеби же жокпу, маселе ушунда.

«ЖАЛДЫРАГАНЫМА КАРАГАН ЖОК»
Үстүбүздөгү жылдын 24-июнь күнү Ысык-Көл облусунун тургуну, 23 жаштагы Кундуз (белгилүү себептерден улам жабырлануучунун аты өзгөртүлдү) аттуу айым өзүн белгисиз бирөө зордуктап, карактап кеткендиги тууралуу Свердлов РИИБине арыз менен кайрылган. Жабырлануучу өз арызында окуяны төмөндөгүдөй баяндаган:
– Жолдошум менен кичинекей баламды айылга калтырып, өзүм жумуш табуу максатында Бишкекке келгем. Анан «Ош базарына» барып, радио түйүнү аркылуу жумуш табууну туура көрдүм. Себеби бир тааныш кызым ушундай жол аркылуу жумушту тез жана жеңил тапса болорун айткан эле. Ал жерде бир топко чейин туруп, анан көрнөк-жарнактар чапталган тактайды карап жатсам жаныма бир жаш жигит басып келип «Дордой» базарындагы эжесинин кийим сатуучу контейнерине сатуучу болуп иштөөнү сунуштады. Айлык акысы 15 миң сом болорун айтты. Мен анын айткандарына ишенип, дароо эле макул болдум. Ал жигит өзүн Үмүтбек деп тааныштырды. Андан соң ал мага эжеси Карагач токою тарапта жашаарын, эжесине барып мени тааныштырып, жумуш тууралуу чечишип алыш керектигин айтты. Оюмда жаман нерсе жок эле айтканына макул болдум. Ошентип, ал айткан жакка жеткиче кечки саат 22:00 болуп кетти. Үмүтбекке артка кайтуу керектигин айтсам, ал токтой калды да, мени сабай баштады. Каршылык көрсөтүп, кыйкырдым. Бирок ал ага карабай үстүмдөгү кийимдеримди айрып таштады. Жерге тизелей отуруп ага «жанымдагы бардык акчаны жана буюмдарымды ал, бирок өзүмө тийбе. Айылда күйөөм менен кичинекей балам бар. Бул окуя тууралуу эч кимге ооз ачпайм» деп жалдырай баштадым. Жооп катары кайра башка сокку жедим. Ошентип, ал мени 2 жолу зордуктады да, андан соң жанымдагы акчаны, уюлдук телефонумду алып окуя болгон жерден качып кетти.

ДАГЫ БИР СЕРИЯ...
Мындан көп узабай эле белгисиз аңгинин кезектеги курмандыгы милиция кызматкерлерине кайрылган. Тагыраак айтканда, 10-июлда дагы бир Ысык-Көл облусунун 19 жаштагы тургуну Айгүл (белгилүү себептерден улам жабырлануучунун аты өзгөртүлдү) аттуу айым жогорудагы окуяга окшош арыз жазган. Ал арызында «жумуш таап берем» деп белгисиз бир жигит Карагач токоюна алып барып, чаламандын чак түшүндө эле күч колдонуп зордуктап, андан соң уюлдук телефонун, жанындагы буюмдарын тартып алгандыгын айткан.

«КЫЗДАР ӨЗДӨРҮ МАКУЛ БОЛГОН»
Жогорудагы фактылар тууралуу кылмыш иши козголуп, көп узабай Свердлов РИИБинин ыкчам иликтөө кызматкерлери кылмышка шектүү деп 29 жаштагы Ош облусунун Киров айылынын тургуну Үмүтбек Примбердиевди кармашты. Анын жанынан далил буюм катары жабырлануучуларга таандык уюлдук телефондор табылган. Колго түшөр замат эле кылмышка шектүү жогорудагы эки окуяга тиешеси бар экендигин айтып, күнөөсүн моюнуна алган. Мындан тышкары Үмүтбек «аңчылыкка» дайыма жалгыз чыгып жүргөндүгү аныкталган. Тергөө учурунда ал буларды айткан:
– Мен ал кыздарды күч колдонуп зордуктаган эмесмин. Экөө тең мени менен өздөрү эс алууга барышкан болчу. Жыныстык катнаш деле өздөрүнүн макулдугу, каалоосу менен болгон.

«БАШКА КЫЛМЫШ ИШТЕРИНЕ ТИЕШЕСИ БАР БОЛУШУ ЫКТЫМАЛ»
Бул окуя тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматкери КАРИМА АМАНКУЛОВАГА кайрылдык:
– Аталган факты боюнча кылмышка шектүү деп кармалган Үмүтбек Примбердиев азыркы учурда Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайда камакта. Анын үстүнөн «зордуктоо» жана «тоноо» беренелери боюнча иш козголгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Жогорудагы адам башка да кылмыш иштерине катыштыгы бар болушу мүмкүн. Ошондуктан аны сүрөттөн тааныгандар болсо Свердлов РИИБине кайрылып же 0555 04-29-13, 0552 10-29-17, 0312 43-28-15 (нөөмөт бөлүмү) телефон номерлерине чалышса болот.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жумуш таап берем" деп жаш кыздарды зордуктап жүргөн
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
talas-1985
2013-07-29 17:07:02
бул жигит 8 жылда озу кызга айланып чыгат ал жактан,анан тушунот кыздарга кантип мамиле кылышты ,жоругун менен жолдо калгыр акмак
0
detective
2013-08-01 20:12:50
talas-1985, наоборт кайра жини келип, чыкканда жини кучойт да
0
jemile
2013-07-29 17:29:02
Турган кебетесин!Кыйратып койгонсуп
0
nazira1989
2013-07-29 18:50:00
Аллахым озу жазасын берсин!...
0
altinim
2013-07-29 19:31:16
8 жыл элеби? аз эмеспи же бул дагы коз корду кулак укту учун элеби?
0
danilka
2013-07-29 19:59:57
Даана акмакго.
0
meliss
2013-07-30 14:07:58
аялын жалгыз шаарга жоноткон эркектерге сабак!!!
0
bektursun2010
2013-07-31 08:47:28
Атып салгыла
0
zama
2013-08-01 14:46:28
Акмак, атыш керек, мунун акылы оз жайында эмес окшойт, чак тушто, анан дагы бир эле сценарий менен экинчи жолу дагы ошону жасап жаткан акмак.
0
kg_stan2014
2013-08-01 15:42:09
мындай адамдарды элдин алдында асыш керек!!!
0
Riskul
2013-08-01 22:11:26
Blin myndailardy asyp oltyrysh kerek.myndan bashka kancha adamdyn tagdyryn talkalady bolush kerek...
0
Shekerbek
2013-08-02 10:09:33
бул макоону Оштон коргонмун! сразу эле коруп тааныдым
0
draude
2013-08-04 16:16:05
Ушудан коро олуп эле албайсынбы
0
Eshka
2013-08-05 09:19:40
Жырткыч, каракчы бычып салуу крек мындайды.
0
kanu
2013-08-14 06:41:10
ооба бул деген дагы ушул эле сценарий менен былтыр беле бир кызды зордуктап,уруп,нерселерин алып качып кеткен,ал кыз арыз менен кайрылганда,ошол жерде менин жолдошума жалдырап чыгарып кетчи деп,ал макул болбой коюптур,ошол бойдон коп отурбай эле кайра боштондукта жургонун уктук,мына эми кайра,бул турмодон чыкса деле кайра кайталана берет,жумушу жок,оной жол менен акча таабуучу неме да,бул адамды омур боюга кесип салыш керек болду.
0
patriot_jigit
2013-08-19 16:18:22
атуу чечим болгондо атып салыш керек
0
№ 560, 26-июль-1-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан