ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 14 АДАМ КАЗА БОЛДУ

Үстүбүздөгү жылдын 23-июль күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кытай айылында Каракол-Кабак-Богатыровка багыты боюнча бара жаткан Мерседес үлгүсүндөгү кичи автобус кырсыкка кабылды. Айдоочу Жаныбек Асанов рулду башкара албай калып, унаа жол четиндеги теректи сүзүп токтогон. Кичи автобуста жалпы 22 адам болгону белгилүү болду. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 14 адам каза болуп, (10 адам жол кырсыгы болгон жерден, 4 адам ооруканадан көз жумду) 9 адам жаракат алды. Окуя болгон жерге ӨКМнын Каракол шаарындагы Куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, каза болгондорду унаадан алып чыгышкан. Каза болгондор жана жабыркагандар Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук  ооруканасына жеткирилген.
Бул окуяга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев каза болгон жана жаракат алган жарандардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүү тууралуу жарлыкка кол койду. Маалыматка ылайык, материалдык жардам көрсөтүү президенттин резервдик фондунан бөлүнмөкчү.

АЛДАМЧЫ «ДАРЫГЕРЛЕР» КАРМАЛДЫ
Бишкектин Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун 29 жаштагы Л.Нелла жана Х.Екатерина аттуу тургундары кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы 22-июль күнү маалымдады. Аталган жарандар 28-июнь күнү өздөрүн «дарыгербиз» деп алдап тааныштырып, 82 жаштагы Г.М. аттуу пенсия курагындагы айымды ишендирип үйүнө кирип, оорудан айыктырарын айтышып, 28 900 сомун алып кетишкен. Аталган факты боюнча Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүүлөр кармалгандан кийин ушул сыяктуу арыздар менен дагы эки жаран кайрылган. Жогорудагыдай окуяга кабылып, аталган аялдардан жабыр тарткандар болсо, Свердлов РИИБине же «102» кызматына билдириңиз.

ЖАШ ЖИГИТ СУУГА ЧӨГҮП КАЗА ТАПТЫ
22-июль күнү Баткен облусунун Кадамжай районундагы Разъезд айылында болжол менен саат 16:40тар чамасында бир жаран көлмөгө чөгүп каза болду. Ошол эле күнү ӨКМнын кызматкерлери Ноокат районунун 1995-жылы туулган тургуну Дүйшеев Бакыттын сөөгүн 17:15те табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

БАТКЕНДЕ ТАЖИКТЕР МЕНЕН УКУК КОРГОО КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ОРТОСУНДА КАГЫЛЫШУУ ЧЫКТЫ
22-июлда Баткен облусунун Исфана шаарындагы мейманканалардын биринен укук коргоо кызматкерлери Тажикстандын жаранын 1 килограмм баңгизат менен кармашкан. Мамлекеттик баңгизатын көзөмөлдөө кызматынын айтымында, ошол эле аймакта дагы 5 килограмм баңгизаты бар экендиги тууралуу маалымат түшүп, издөө иштери жүргөн. Бул учурда, саат 02:50 чамасында 15тей адам келип, кармалган тажикстандык жаранды коё берүүнү талап кылышкан. Акыры топтолгондор укук коргоо кызматкерлерин коркутуп, кылмышка шектүү кармалып турган мейманкананын ичине күч колдонуп кирип кетишкен. Героин менен кармалган жаранды качырып жибербөө үчүн табелдик курал колдонулуп, натыйжада Тажикстандын бир жараны жаракат алган. Бул окуя боюнча Лейлек РИИБине билдирүү жөнөтүлүп, Кулунду айылында аталган окуяга тиешеси бар 2 жаран кармалган.
Маалыматтарга ылайык, бул жарандар Тажикстандагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экендиги аныкталды. Учурда жарадар болгон тажик жаранына операция жасалып, кармалган жаранга карата кылмыш иши козголду. Азыркы тапта жогорудагы окуяга тиешеси бар башка жарандарды издөө иштери улантылууда.

ЧӨНТӨГҮНӨН БАҢГИЗАТ ТАБЫЛДЫ
22-июль күнү Чүй облусунун Сокулук РИИБинин баңгизатына каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Төрт-Күл айылынын 43 жаштагы В.Н. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИББинин басма сөз кызматы билдирди. Шектелген жаранды текшерүүгө алганда күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 270 грамм баңгизат табылган. Азыркы тапта аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
peach
2013-07-29 13:52:04
14 jerdew jayinar jannattan bolsun
0
konfetka_love
2013-08-01 15:26:35
Jatkan jeri jailuu bolsun!
0
detective
2013-08-01 20:17:15
жайлуу болсун,
15 тажик кирип келсе корко тургансыбай баарын камап салбайбы же милиция жетпей калдыбы.
0
Nurzada88
2013-08-03 13:47:09
Жаткан жерижайлуу, топурагы торкоо болсун! дегенден башка не келет колубуздан, неси болсо да ар бир айдоочу жоопкерчиликтуу болсочу?
0
№ 560, 26-июль-1-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан