Гүлзинат Суранчиеванын жашоосунда саналуу гана мырзалар бар. Алардын ар биринин ырчы айымдын жашоосунда орду чоң жана алмашкыс.
«АТАМ КӨЗ АЛДЫМДА ФОРМАСЫ МЕНЕН КАЛДЫ»
– Жашоомдогу эң алгачкы мырза катары атамды айтам. Ал мен үчүн эң мыкты, татыктуу, келишимдүү инсан. Менин сырткы келбетимди да атама куюп койгондой окшош дешет. Ыраматылык атам 6 жашымда дүйнө менен кош айтышты. Ошентсе да көз алдымда образы сакталып калган. Эсимде, атам жумуштан келгенде чуркап чыксам, мени көкөлөтө көтөрүп алар эле. Кошуналар карап турганда мен да мактангым келип, ого бетер формачан атам менен сыймыктанып кетчүмүн.
Апамдын айтышынча, көп жыл чогуу жашап, үч балалуу болгуча бир да жолу топчусун кадап бербептир. Атам баарын өзү үтүктөп, өзү кылчу экен. «Мүнөзү шайыр, шыпылдаган, кичи пейил, ким менен кандай мамиле кылганды билген киши эле» деп көп эскерет. Аялзатынын баары эле атасына окшош мырзаны түгөйүм болсо экен деп тилейт эмеспи. Мен атайын издебесем да, тагдырбы, айтор, органда иштеген, мүнөзү жагынан атама окшогон адамга турмушка чыктым.
«ЖОЛДОШУМ МЕНЕН ТААРЫНЫШСАМ, АГАМА АРЫЗДАНЧУМУН»
– Биз үч кыз, бир эркекпиз. Агам Нурбек менен шашки, чүкө ойноп, берилип кетип мушташып да кетчүбүз. Байкем менин коргоочум, тирегим болду. Мага бирөө тийишти дегиче сөзсүз барып сабап салчу. Кошунамдын балдары көп эле таяк жешти го андан (күлүп).
Агам менен азыр да тыгыз байланыштабыз. Жаңы турмуш курганда жолдошум менен таарынышып калган учурларда дароо байкеме чалып «минтип жатат, тигинтип жатат» деп арыздана берчүмүн. Ошол учурда мени угуп, моралдык жактан жардам берип, бирок бир да жолу үйгө келип, күйөөм менен «сен, менге» барган эмес. «Болуп турат турмушта, табышасыңар кайра» деп эле жоошутуп койчу. Азыр ойлоп калам, «Жиндимин, неге арыздандым экен агама?» деп. Агамдын ар бир сөзүн укканга аракет кылам, анткени атам эрте каза тапканына байланыштуу ал үйдө жалгыз эркек, атамдын ордун ээлеп турат.
«МАМИЛЕГЕ ТУРУКТУУ ЭМЕС ЭЛЕМ»
– Кат жазып, артымдан чуркагандар көп болду. Жигиттер менен мамиле курдум, бирок туруктуу эмес элем. Жигиттер менен жылдап сүйлөшкөн курбуларымды такыр түшүнчү эмесмин. Мага сөз айткан жигиттерден эсте калганы Казакстандын музыкалык оркестринде ырдаган казак жигити болду. Ал эки жыл үзбөй жумасына бир жолу куюлуштурган сөздөр менен кат жазып турчу. Ал кезде жаш болгон окшойм, көңүл деле бөлгөн эмесмин. Көп болсо эки жолу жооп жаздым окшойт. Ошентип, шамалдай алып-учуп турган мага чыдап, мени жалгыз гана жолдошум токтотту көрүнөт (күлүп).
Аны менен деле 3-4 ай жөн гана тааныш катары сүйлөшүп жүргөм. Ал учурда кыздар менен жатаканада жашайбыз. Жигиттерди түшкү тамак же дагы башкага «сындырмай» мода эле. Ралис жолугушууга чакырганда сөзсүз 4-5 кызды ээрчитип алчумун. Жалгыз чыга албайм да, кыздар деле тамактанышы керек, ачка отурушмак беле (каткырып). Ал болсо тажабай бизди көпкө чейин багып жүрдү. Адатта, көпчүлүк мындай «наглыйлыкка» чыдабайт эмеспи. Ралис болсо багып эле жатат, багып эле жатат. Байкасам, кыздар деле «жакшы бала экен» деп калышыптыр. Ошондой өжөрлүгү менен мени багындырып алды.
«ТАЯКЕМЕ БОЛУШУП БАЛДАРДЫ КӨП САБАДЫМ»
– Мени 1-класска Саламат деген таякем менен чогуу беришкен. Экөөбүз чогуу дос болуп, көп кызыктарды бирге өткөрдүк. Таякем жоош, уялчаак болгондуктан, анын таламын талашып эркек балдарды далай сабадым (күлүп). Анын калем сабын же бир нерсесин алса да унчукпай эле кала берчү. Мен дароо артынан барып, ким алса колунан жулуп келчүмүн.
Жаш кезде жакын болгон кишиге чоңойгондо деле жан тарта берет экенсиң. Саламат менен азыр деле үй-бүлөлүк катыштабыз. Туугандар чогулсак да, «Гулзи, Гулзи деп эле артымдан ээрчип жүрчү элең» деп күлүп калабыз. Бирок бир кездердеги уялчаак таякем азыр зыңкыйган, токтоо жигит болгон.
«БИЗДИ УРУШТУРГАНГА АРАКЕТ КЫЛГАНДАР КӨП»
– Биздин айланабызда бузукулар то-олтура. Калп эле сени карап күлүп, артымдан уруштуруш үчүн күйөөмө жамандап койгондор чыгат. Турмуш көп нерсеге үйрөтөт экен. Кээде мага «сенин күйөөңдөн балам бар» деген сыяктуу жагымсыз СМСтерди жазышат. Эгер ошондой көрүнүштөр мурун жаңы турмуш курганда келсе, анда инфаркт болуп калмакмын :) Азыр акылдуу болуп, мындай нерселерге көңүл бурбай калдым.
Күйөөмө да кээде «Гүлзинат бир айга гастролго кеттиби, ким билет, ал жакта эмне болорун?» деп айтышат экен. Бирок ал менин калп айта албашымды, чыккынчылыкка барбашымды билет. Өзгөчө жаңы үйлөнгөндө «сен мени минтип карадың» деп деле таарыныша берчүбүз. «Мен сени менен жашабайм, ажырашам» деген күндөр болгон. Бирок канча таарынышсак деле ашып кетсе бир саат чыдайм. Анан өкүнүп баштайм, «неге антип айтып койдум, аша чаап жибердим» деп өзүмдү жей берем. Чыдабай ага кайра чалам, кечирим сурайм. Негизи, куру намысчыл боло бербейм. Өзүм катачылык кетирсем кечирим сураганды билем. Учурда кызыбыз Рузана 9 жашка чыгып калды. «Мага качан төрөп бересиң?» дей берет. Мен да «Ой, мен дапдаярмын. Кудай берсе эле дароо болот» деп калам.
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр ырчынын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg