ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (29-июлдан 4-августка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Сүйүктүүңүздүн кемчиликтерине көңүл бура берүүнү токтотуу кажет. Сиз мамиледеги жылуулук менен ынтымакты каалайсыз да, туурабы? Иште жаңы ийгиликтерди багынтуу алдында акырындап иштеп, эс алып алыңыз. Болгону бир талаш маселе жаралса, фирмаңызда кабыл алынган эрежеге таяныңыз. Саламаттыгыңыз менен маанайыңыз калыпта болот, анткени жан дүйнөңүздүн тең салмагы ордунда.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жеке жашоо: сыягы, сиз олуттуу сүйүүгө кабылдыңыз окшойт. Башкысы, сиз жактырган адам сизге көңүл кош болбосо эле болду. Иш жаатына келсек, күтүүсүздөн жаңы таанышкан адамыңыз карьерадан өсүүңүзгө таасирин, жардамын тийгизет. Ден соолук жайында болуш үчүн жок дегенде гүлдүү талаада эс алып келиш керек экенин унутпаңыз. Гүлдүн жыпар жыты дартка да даба болуп бере алат. Шаршембиде конок тосуп, жаңы маалыматка ээ болосуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Сизди жеке мамиледе азгырыктуу мамиле, сунуш күтөт. Кыраакылыкты жоготпоо кажет. Жетекчилик ишке чыгармачылык мамиле жасаганыңызды баалайт. Мүмкүн, сыйлык берет. Компьютерде иштегендер көз үчүн көнүгүүлөрдү жасоосу же атайын дарыларды тамызуулары керек. Шейшембиде материалдык абалыңызды жакшыртууга жакындар жардам беришет. Ишембиде сейилдеп эс алууга мүмкүнчүлүк чыгат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жакшы көргөн адамыңыз туура эмес мамиле жасап койсо эле мамилеге чекит коюу керек деп шашпаңыз. Анткени кээде адам өзү ойлонбой бир кылык-жоруктарды жасап алып, артынан кечирим сурайт. Жетекчиликке өз позицияңызды таңуулабай туруңуз, ылайыктуу учур эмес. Эмгек өргүүсүнө чыга электер табият койнуна барууну пландагандары оң. Түйшүк күтө турат. Шаршембиде жаңы буюмдуу, жума күнү жакшы жаңылыктын ээси болосуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Кызганычыңыз жөндүү эмес, ал сизди гана жакшы көрөт. Иште бир маселелер боюнча шашылыш чечим кабыл албай туруңуз. Болбосо иштен чыгып кетүүгө чейин жетип каласыз. Андан көрө маселени эмгек өргүүсүнөн кийин чечүүнү пландаңыз. Имиджди өзгөртүңүз, бул маанайыңызды көтөрүп, жашооңузду шаңга айландыра алат. Жума күнү күтүлбөгөн кырдаал шаштыңызды алса, жекшембиде жакындардын тилин угуу керектелет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Мурунку жактырган адамыңызды азыркыңыз менен салыштырбаңыз. Болгондо да анын көзүнчө бир нерселерди айтып. Иште сыйлыкка татыйсыз же айлыгыңызды жогорулатышат. Акчаны бир-эки күндө жок кылып жибербеңиз. Иммунитетти көтөрсөңүз, анча-мынча сизди тынчсыздандырган оорулар өздөрү жок болот. Бейшембиде бирөөлөрдүн ишин бүтүрүп берүүгө туура келет. Ишемби –жекече эс алуучу күн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сүйүктүүңүздүн жакшы мамилесине, көңүл буруусуна чөмүлөсүз. Ага да ошондой мамиле жасап, көңүлүн алып коюңуз. Жетекчилик жаңы долбоор боюнча иштөөнү сунуштайт, макул болуңуз. Шаар же айыл сыртына чыгып эс алууга шарт, убакыт жок болсо, досуңуз менен көңүлдүү убакыт өткөрүңүз. Шаршемби – оор күн, көп иштин артынан чуркоого туура келет. Жума күнү алыстагы туугандар баш багышы мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Сүйүү мамилесинде өзүмчүл болбоо, өз пикирди таңуулообоо керек. Болбосо акырындап ал адам сизден алыстай баштайт. Өз бизнесиңизди ачуунун убактысы келди. Сизди ийгилик жылоолойт. Ден соолукка кам көрүп, массаж алуу, сууда сүзүү туура. Бул активдүү иштөөгө көмөктөшөт. Дүйшөмбүдө шашылыш чакырык боюнча жолго чыгууңуз мүмкүн. Шейшембиде олжолуу болуу, жекшембиде балдардын көйгөйү тынчыңызды алышы күтүлүүдө.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Достор арасында өтүүчү чакан кечеден жакшы адам менен таанышып, мамилелер уланат. Жамаатта иштегендерге колдоо көрсөтүп, алар менен бирге болуу кажет. Болбосо жаман көрүнүп каласыз. Эртең менен муздагыраак душ кабыл алсаңыз, күнү бою сергек жүрөсүз. Шаршембиде талаш маселеге аралашып, ишембиде бирөөлөргө акчадан кайрылышасыз. Жекшембиде мал же башка жандык сатып алууңуз мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Сүйүүсүн арнагандар менен гана алагдыланбай, эки жакка да баам салуу ашыкча болбойт. Анткени сизге көңүл бурган жакшы адам табылат дешет жылдыздар. Жаңы ыкма же долбоор менен иштөөгө тобокел кыла бериңиз. Ал өзүн актайт. Таза абада көп болуп, көбүрөөк жашылча-жемиш жеңиз. Бул ысыкта чарчабай иштөөгө жардам берет. Шейшембиде чоочун кишилерге жакшылык кылууга аракет кылбай эле коюңуз, бөөдө маанайыңыз түшөт. Жекшембиде белек аласыз.

Суу куяр (21.01-19.02)
Жеке мамилелерде каалоолоруңузга чек коюңуз, өкүнүчкө жеткирип коёт. Иште убактылуу кыйынчылык жаралат, кап этпеңиз, ал сизди кайра чыйралтат. Диета кармайм дегендердин тилегин ишке ашырчу апта. Оңой кармап, кыйналбайсыз. Шейшемби, шаршембиде мүлк, юридикалык маселе убактыңызды алат. Жума күнү туугандардыкына баш баксаңыз, жекшембиде чарба иштери күтөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Сүйүктүүңүз жакшы мамиле жасасын десеңиз, өзүңүз да жакшы жакка өзгөрүңүз. Мамиле эки тараптан тең жакшы болсо, ал узакка жашайт. Иште демилгелүү болуп, идеяларды айтып чыгыңыз. Өз жемиштерин берип, кубантчу мезгил алыс эмес. Жөө басуу, чуркоону унутпаңыз. Шейшембиде майда жол кырсыктары тооруйт, сак болуу кажет. Бейшембиде электр шайманын сатып алууңуз мүмкүн. Жума күнү жолугушууга же кечеге чакыруу аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 560, 26-июль-1-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан