ЖАТЫН - АЯЛДАРДЫН НЕГИЗГИ ОРГАН

Жатындын узундугу 7-8, ал эми туурасы 4-6 сантиметрге жетип, салмагы 50-60 граммды түзөт. Формасы алмурут сымал. Бул орган аялдардын жамбаш чарасында жайгашкан. Түйүлдүк дал ушул жатындан орун алып, энеден керектүү азыктарды алып чоңоёт. Башкача айтканда, аялзатындагы башкы орган болуп жатын эсептелет.

Жатындын бөлүктөрү

Жатындын үстүңкү жайыгыраак бөлүгү – жатындын денеси, ылдыйкы жатын кынына барып такалган кууш бөлүгү жатын моюнчасы деп аталат. Жатындын бездери суу сымал суюктукту бөлүп чыгарат. Ал суюктук жатын көңдөйүндө төшөлүп турган былжыр кабыкчанын бетин нымдап турат. Жатындын капталдары 3 кабат катмардан: былжырлуу кабыкча (эндометрий), булчуңдуу кабыкча (миометрий) жана жатынды жаап туруучу кабыкчадан (периметрий) турат.
Эң үстүңкү катмар этек кирдин циклине байланыштуу дамамат өзгө­рүүлөргө дуушар болуп турат. Аял кош бойлуу эмес кезде эндометрий (жатын тканы) организм тарабынан сыртка чыгарылат. Бул кан агуу менен коштолот. Башкача айтканда, бул процессти этек кирдин келүүсү деп түшүнсөк болот.
Кийинки катмар этек кир учурунда бөлүнүп чыккан эндометрий­лердин ордун жаңылап туруу үчүн керектелет.

Жатындын моюнчасы жана булчуңу

Жатын моюнчасынын былжырлуу катмары бездерге бай. Ал бездер күңүрт түстөгү коюу былжырды бөлүп чыгарат. Былжыр оору жаратуучу бактерияларды өлтүрүүчү касиетке ээ өзгөчө заттардан турат. Ушунусу менен жатынды жана жатын трубаларын оору козгоочу микробдордон (жыныс кыны аркылуу кирип кеткен) коргойт.
Жатын булчуңу кан менен жакшы жабдылган жана ал төрөт кезинде жатындын жыйрылуусунда башкы ролду ойнойт.

Климакс кезинде

Климакс – айыздын келбей калышы. 40-45 жаштан тарта аялдарда кезиге турган көрүнүш.
Климакс мезгилинде жатындын өлчөмү кичирейип, былжыр кабыкчасынын функциясы бузулуп, кан тамырлар серпилгичтигин жоготот ж.б.

Жатындын оорусу

Жатындын оорусун көбүнчө айыздын келүүсүнүн бузулушу, бойдон тү­шүп калуу, жыныстык органдардын сезгенүүлөрү, шишиги жана башкалар пайда кылат.

Кыз-келиндердин эсине!

Жатындын катуу ооруга же катуу жаракатка чалдыгышы балалуу болбой калууга, ал тургай жатынды алып салууга жеткизет. Андыктан кыздар жана аялдар органдарда оорутуу сезилсе, дароо врач-гинекологго кайрылуу зарыл.
Турмушка чыкканга чейин жыныстык катнашка барбоо да жатынды оорулардан сактап турат. Анткени кокус бойдон алдыруу болсо, жатындын түйүлдүктү кармап туруучу клеткалары кырылып калат же доо кетип, оору жаратат.
Жыныстык органдарда микробдор көбөйүп, оору жаратпашы үчүн күнүгө 2-3 маал “алигини” жууп туруу зарыл.
Айыз келген учурда гигиеналык каражаттарды 3-4 саатта алмаштыруу кажет. Болбосо анда микробдор көбөйүп, сезгенүүнү жаратат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 352, 31-июль-6-август, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан