ЧЕК АРА ЧЫРЫ КАЙРА ТУТАНДЫ

Бул апта кыргыз-өзбек чек арачыларынын чыры менен башталып, ал 2 өзбекстандык чек арачынын өлүмү менен дууга айланды. Окуя 23-июлда Аксы районуна караштуу Жети-Загара аймагында болуп өткөн. Чек араны кайтарып жүргөн Кыргызстандын үч жоокери өлкө аймагына мыйзамсыз, чек арадан 5 метр ичкери кирип келген эки өзбек чек арачысын байкап калышкан. Алардан Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүнү талап кылышкан учурда ортодо жаңжал чыккан. «Өзбекстандын чек арачылары биринчи болуп курал колдонуп, кыргыз чек арачыларына ок атышкан» дейт биздин өлкөнүн тиешелүү мекемеси.
Жараат алган чек арачы Тургун Жураев Наманган облусундагы ооруканада операция жасалып жатканда эсине келбей каза болгонун коңшу өлкөнүн ЖМКлары жазып чыгышты. Өзбекстандын айрым маалымат агенттиктери бул окуя боюнча «мас абалындагы кыргыз чек арачылары өзбек чек арачыларын атып салышты» деген кабар таратышты. Маселен, Podrrobno.uz сайты мындай кабарды эч кандай шилтемесиз жазса, 12uz.com сайты ушундай эле кабарды укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
«23-июлда Өзбекстандын Наманган облусунда кезектеги кандуу окуя болду, анын күнөөкөрлөрү адаттагыдай эле (!) кыргыз чек арачылары. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактан кабарлашты. Анын сөзүнө караганда, тишине чейин куралданган кыргыз чек арачылары Өзбекстандын аймагына кирип келип, жөндөн-жөн эле өзбек чек арачыларына ок чыгарган. Натыйжада бир өзбек аскери ошол жерде жан берип, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилди» деп жазды аталган сайт. Кыргыз армиясынын абалын эске алганда, чек арачыларды «тишине чейин куралданган» деп айтыштын өзү кыйын.
Дагы бир агенттик атышуу Өзбекстандын аймагында болгонун, муну Кыргызстандын чек ара жетекчилиги моюнга алып кечирим сураганын айтып чыкты.
Кыргыз тарап бул маалымат согушунда бир топ кийин «ойгонуп», атышуу Кыргызстандын аймагында болгонун, өзбекстандык чек арачылар коңшу мамлекеттин жерине мыйзамсыз кирип кетишкенин, конфликт ошондон улам чыкканын айтып, маалымат тарата баштады. Көп өтпөй кыргыз чек арачылары ичимдик ичпегени медициналык экспертиза аркылуу далилденгени айтылды.
Чуулгандуу бул иш боюнча эки өлкөнүн тиешелүү орган жетекчиликтери 24-июлда жолугушту. Анда Ош жана Жалал-Абад боюнча аймактык чек ара башкармалыгынын жетекчиси Абдыкерим Алимбаев өзбекстандык кесиптеши Ойбек Косимовго «кыргыз-өзбек чек арачыларынын атышуусунда биринчи болуп өзбек чек арачылары ок чыгарган» деп билдирди. Алимбаев кыргыз чек арачылары мыйзам чегинде аракет жасаганын айтты. Ошентип, жаңжалды эки өлкөнүн Аскердик прокуратуралары иликтемей болушту. Окуяга тиешеси бар кыргызстандык 3 чек ара кызматкери тергөө иштери бүткүчө кызматтан четтетилди.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы адам өлүмүнө алып келген дагы бир окуя бир ай мурда Баткендин Кадамжай районунда болгон. 20-июнга караган түнү өзбек чек арачылары кадамжайлык Бакыт Тагаевди Кыргызстандын аймагына кирип келип, үйүнөн атып кетишкен эле. Бул окуя боюнча Кыргызстан Өзбекстанга нааразылык нотасын жиберип, тергөө иштери аягына чыга элек.
Былтыр 17-июлда да Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун Булак-Башы айылында кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, кыргызстандык жоокер каза таап, бир жергиликтүү тургун жараат алган. 2010-2013-жылдар аралыгында кыргыз-өзбек чек арасындагы конфликттерден Кыргызстандын 4 жараны, 1 чек ара кызматкери каза болгон.
Борбордо бийлик үчүн күрөш жүрүп жаткан маалда айыл эли чек ара маселесинен жабыр тартып жашап келет. Мисалы, ошол эле кыргыз-өзбек өлкөлөрү чектешкен Ала-Бука районунун Айры-Там айыл өкмөтүндө чек арага өтө жакын жайгашып калган конуштар бар. Анын жашоочулары «Түнү өзбек тараптан кишилер бастырып кирип сарайдагы уюбузду музоосу менен жетелеп кеткен учурлар болду. Кааласа адамдарды башка чаап деле кетип жатышат. Жалгыз калгандан коркобуз» дешет. «Милицияга, айыл өкмөтүнө арызданбайсыңарбы?» десек, «милиция качан эле мындай иштердин аягына чыкчу эле...» деп кол шилтешет. Айыл эли минтип арыздануудан да көңүлү калган. Ал эми чек ара маселеси чечилбеген бойдон калууда.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
baitikov.82
2013-07-31 10:43:36
molodsy pogronichniki ay za!!!
+1
Jeki
2013-07-31 11:28:08
0
blak.star.kg
2013-07-31 12:11:43
Алга кыргыз элим! Алдынарда Манастын урпактары, артынарда Ала-Тоо!
0
reyba
2013-07-31 13:05:43
Силерди жарык дуйного алып келген, багып чонойткон ата-эненерге терен таазим. Омурлору узун болсун. Эч убакта ушул кайратынардан кайтпагыла Мырзалар.Уруксатсыз бир кадам басып кирген душманды 2 коздун дал ортосуна мээлегиле. Огунар оз огунан чыкпай Максатына жетсин
+2
Emilbek.kg.ru
2013-07-31 20:32:56
Мен азыр Москвадамын, бир куну жумушка барсам Петр деген кесиптешим айтат: силердин чек арчыларынар озбекстандык солдатты атып салыптыр деп, суйунгонумдон чын элеби качан деп кыйкырып жиберипмин, менин айтайын дегеним качан болсо озбекстандык солдаттар Кыргызстандын жараанын атып салды, жарадар кылды деп укчу элек, ким атса да азамат экен анык Кыргыз экенсин
+4
zai-kayrat
2013-08-01 13:14:26
Жарайсынар
+2
LISICHKA
2013-08-01 17:38:31
Озбек калкы эки жуздуу келет,жолугушууга барган биздин чондорду бал тилге салып жолго салышт,биздин чондор алданып келе беришет.Кыргызстандын ичине кирип биздин элди атып кетсе да чондор камырабайт.Качан ойгоносунар,козунорду ачсанар боло!
+2
Angel92
2013-08-01 21:39:09
Сооп эле болт ушу озбектерге
0
Aikokul85
2013-08-01 22:50:33
Азаматсынар панраниктер алар деле кажамжай районундагы жашоочуну атып салыштыго анын артынан 5баласы жетим калды.
0
take83
2013-08-02 11:17:57
озбек чегарачылары биздин солдаттарга автомат такап оздоруно алып кеткени аркет кылып ок чыгарганда атып салышкан
0
admin_media
2013-08-02 11:34:02
take83,
Башка сайттарга шилтеме калтырууга тыюу салынат!
3 күн банга!
0
Emil.87
2013-08-03 01:32:21
Обший мамилекетик согуш болуп кетсе дагы эле карапайын эл кырылатко бул жагында бир ойлоп койолу
0
aidai88
2013-08-04 10:34:56
Бош келбегиле кыргызымдын жигиттери!
0
aza-city89
2013-08-04 18:34:06
жарайсынар мекен сакчылары,силерге данк!
0
aksy.kg
2013-09-20 22:04:59
алга кыргызымдын сакчылары.
0
№ 560, 26-июль-1-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан