«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев кайрадан аптанын каарманына айланды. Анын Орусияда дарыланып жатканы тууралуу кабарды ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев билдирди. «Эгерде аны мамлекетке кайтаруу тууралуу токтом чыкса, Батукаевди кайра алып келебиз»,- деди ал. Мындан сырткары ал Батукаевдин жакын адамдары, ысык-көлдүк, Карышкыр каймана аты менен белгилүү болгон криминал төбөлү менен оштук Эртабылды Жунусов Кыргызстандан чыгып кетишкени чын экенин, бирок аларга «мыйзамдагы ууру» таажысын кийгизүү салтанаты ишке ашпаганын кошумчалады.
Эске салсак, Батукаев абактан бошоп, Чеченстанды көздөй кеткени маалым болгон соң анын ордуна кыргызстандык эки кримавторитет «мыйзамдагы ууру» таажысын кийүүгө даярданып жатышканы тууралуу маалымат тараган эле.
Рафик Мамбеталиев кыргызстандык кримчөйрөнүн көпчүлүк өкүлдөрү Бириккен Араб Эмираттарында экенин белгиледи. «Тилекке каршы, бул мамлекет менен биздин өлкөнүн ортосунда кылмышкерлерди өткөрүп берүү тууралуу макулдашуу жок»,- деди ал.
Рафик мырза ИИМ Азиз Батукаев түрмөдөн бошотулгандан бери анын уюшкан кылмыш тобу менен Камчы Көлбаевдин тобу өз ара кагылышып кетпеси үчүн байкоо салып, алдын алуучу иш-чараларды жүргүзүп келе жаткандыктарын айтат.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg