Адахан Мадумаров 2 жылдан бери «Ата Журт» менен бириге албас болду. Жакында эле маалымат сайттарынын бирине «Келдибеков менен биригүүгө даярмын, бирок «Ата Журтту» толугу менен колдобойм. Бул иш боюнча Ахмат менен жолугуштум. Азырынча расмий келише элекпиз» деп билдирди. Ал ЖМКлар жазып чыгышкан «Ата Журт» менен Мадумаров президентти жана өкмөттү аңтаруу максатында кошулат экен» деген маалыматты жокко чыгарды.
«Эгер «ата журтчулар» партиялаштарын колдобосо, анда алардын кадыры жарым тыйын. Ташиев, Жапаров, Мамытовдун камалуусун мыйзамсыз деп эсептешсе, фракциялаштары мандаттарын таштап, мыйзамсыз аракеттер болуп жатканын айтыш керек болчу. Эгер кесиптешиңди колдосоң, анда муну иш жүзүндө далилде»,- деди ар дайым сөзгө чебер Адахан мырза. Анын айтымында, «Ата Журтта» ич ара ынтымак жок. Өткөн жылдын башында Мадумаров биздин гезитке окурмандар менен түз байланышка келгенде «адашкандын айыбы жок, кантсе да Ташиев менен бириктик» деп айтканы бар эле.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg