Башкы прокуратуранын апелляциялык арызынын негизинде Жогорку Сот «ата журтчу» үч депутаттын ишин карап баштады. «Карала баштады» деген эле аты болбосо, сот отуруму айыпталуучулардын улам бир шылтоосу менен артка жылдырылууда. Кээде жактоочулар, айрым учурда эл өкүлдөрү отурумга келбейт. Талант Мамытов залда чагымчыл аракеттер болуп, кандайдыр бир уруш чыгып кетпесин деген ойдо келбей жатканын айтты. Анткени эл өкүлү орозо кармап жаткан экен. Ушундай жол менен ал өзүн ыйык айда уруш-талаштан коргоп жатыптыр. Өтүп кеткен аптада Садыр Жапаров залга эл толуп кеткенинен «орун жок» деп кирбей кетип калганын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди эле.
Жактоочулар иш менен таанышып чыгуу үчүн судьялардан 31 күн убакыт сурашкан. Эми алар сот ишин орозо бүткөндөн кийин улантууну сунушташты. Ошентип, бул иш 6-августта каралмак болду. Коомчулукта «Жогорку Соттун чечими Бишкек шаардык сотунукундай болбой калышы мүмкүн экенин билип, сот процессин күзгө чейин создуктурууга аракет кылып жатышат. Күзүндө бул ишке саясий түс берип, кайрадан саясат айдыңында күрөштү баштаса болот. «Ата Журттун» үч депутатынын, алардын колдоочуларынын көздөгөнү ошол...» деген пикир күчөп турган убагы.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg