2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн 81 ЖАРАН кармалган. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Милиция кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын аймагында тилемчилик менен алектенген өзбекстандык 19 ЖАРАН чыгарылды.
Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстандан Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө товар экспорттоо быйылкы жылдын 5 айында былтыркыга караганда 21 ПАЙЫЗГА төмөндөп, 190 миллион долларды түзгөн.
2013-жылы 6 ай ичинде Бишкек шаарында 288 МИТИНГ катталган, анын 127си соттук иштерге нааразычылык билдиргендер.
Бишкек шаардык ИИББинин маалыматына ылайык, жарым жыл ичинде борбор калаада 5 МИҢГЕ жакын кылмыш иши козголгон.
Кыргызстанда МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ар бир бешинчисинин жогорку билими жок. Бул тууралуу вице-премьерминистр Тайырбек Сарпашев маалымдады.
Өлкө башчысынын жарлыгына ылайык, улуу муунга КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮЧҮ борборлор өлкөнүн 4 облусунда жана Бишкек шаарында ачылат.
2013-жылдын 6 айында жашы жете электер тарабынан жасалган 739 КЫЛМЫШ катталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
ӨКМ билдиргендей, жыл башынан бери өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 234 АДАМДЫН ӨМҮРҮ сакталып калган.
Учурда Ош шаарында 5900 ЖАРАН жумуш издеп каттоодо турат, алардын 2600ү аялдар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Орусия америкалык тыңчы ЭДВАРД СНОУДЕНДИ кайтарып берүү боюнча АКШнын өтүнүчүн аткаруудан баш тартты. Бул тууралуу Путиндин кеңешчиси Михаил Федотов айтканын орусиялык ММКлар жарыялашты.
Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, Мирбек Имаев Улуттук гвардиянын командирлик кызматынан бошотулду. Анын ордуна АСАНБЕК АЛЫМКОЖОЕВ Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын командири болуп дайындалды.
21-июль күнү ЖКнын депутаты НАДИРА НАРМАТОВАНЫН уулу Мээримбек Нурдинов эл өкүлүнүн кызматтык унаасында Ош-Бишкек жолунда келе жатып автокырсыкка учурап көз жумду. Андан сырткары эки киши каза болуп, дагы эки киши ооруканага оор абалда жеткирилди.
Мамлекеттик материалдык резерв фонду быйыл дыйкандардан буудайды 13 СОМДОН сатып алат. Бул тууралуу айыл чарба жана мелиорация министри кабарлады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kara-koz
2013-08-01 19:54:24
5млн эл анан 5айда 5000 кылмыш иши?бул дагы милиция кызматкерлери делону жапканынан сырткары???
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.